“Биздин Кыргызстан” менен “Мекеним Кыргызстандын” байланышы
2020-жылкы парламенттик шайлоо жокко чыгарылган соң, эки ай өтпөй жаңы “Биздин Кыргызстан” аттуу партия түптөлөт. Ал эми жарым жылдан кийин аталган саясий бирикме Бишкек жана Ош шаардык кеңештерине ат салышты.
Учурда документтерди кабыл алуу аяктап, аймактык комиссия партиялардын тизмегин текшерүүдө.
Ал ортодо Factcheсk.kg да тизмектерге саресеп салып, “Биздин Кыргызстан” менен “Мекеним Кыргызстан” партияларынын байланышын аныктады.
“Биздин Кыргызстан” партиясы тууралуу эмне белгилүү?
Аталган партия 2020-жылдын 27-ноябрында каттоодон өткөн.
Саясий бирикмени Жогорку Кеңештин аппаратындагы эксперт Алымбаев Алайбек Анаркулович жетектейт. Ал партия тизмегинде №8-орунда.
Мындан тышкары дагы 11 негиздөөчүнүн ысымы бар, бирок алар тууралуу маалымат ачык булактардан табылган жок.
Негиздөөчү тууралуу
“Биздин Кыргызстан” партиясынын съездинде Айбек Осмонов негиздөөчү жана лидер катары таанылган. Октябрь айында өткөн парламенттик шайлоодо Осмонов депутаттыкка “Мекеним Кыргызстан” партиясынан ат салышкан. Партия мүчөлөрүнүн арасындагы өз ара пикир келишпестиктен улам, ал “Мекеним Кыргызстандын” курамынан чыгып, “Ыйман нуру” партиясына өткөн. Бирок, көп өтпөй бул бирикмеден да чыкканын анын үзөңгүлөшү Чыңгыз Макешов кабарлаган. Макешовдун айтымында, Айбек Осмоновго Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кысым көрсөткөн.
Айбек Осмоновдун бир тууганы Нурбек Осмонов “Каганат инвест” компаниясын негиздеген. 2021-жылдын март айында ал көзү өткөн депутат Алмазбек Акматовдун ордуна “Бир Бол” партиясынан депутаттык мандатка ээ болгон.
Кандидаттар
“Биздин Кыргызстан” партиясынын тизмегинен Нурбек жана Айбек Осмоновдордун иниси Жанарбек Алымовду да тапса болот. Ал шаардык кеңеште “Мекеним Кыргызстан” фракциясынын учурдагы лидери.
Шайлоого аттанган дагы бир талапкер Раев Самат Казымалыевич – “Каганат инвест” ЖЧКсынын башкы директорунун орун басары жана “Мекеним Кыргызстан” партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири.
Ал эми Апсаттар уулу Айжигит аттуу кандидат тизмекте жумушсуз деп көрсөтүлгөнү менен, иш жүзүндө “Каганат Инвесттин” негиздөөчүсү.
Мындан тышкары, Өскөн уулу Улукбек “Кыргыз Каганаттын” жетекчиси катары көрсөтүлөт.
Эске салсак, “Кыргыз каганат” – “Каганат инвест” компанияларынын тобуна кирет. Алардын “Ихлас строй” компаниясы жана “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен байланышы бар.
“Биздин Кыргызстан” партиясынын тизмегинен “Кыргыз каганат” компаниясында эмгектенген дагы алты кандидат бар:
- Кошалиева Назигуль Ибраимбековна – юрист
- Мотосмонов Мирланбек Абдувапович – кардарлар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы
- Осмонов Ринат Маткасымович – курулуш тилкесинин башчысы
- Айтмаматов Султан Айтмаматович – курулуш тилкесинин башчысы
- Узаков Мурат Кудайкулович – мастер
Даректер тууралуу эмне белгилүү
“Кыргыз Каганат” ЖЧКсы, “Каганат Инвест” компаниясы жана “Мекеним Кыргызстан” партиясы – булардын баары бир даректе, Бишкектеги Бакаев көчөсүндөгү №132-үйдө катталган. Ушул эле дарек боюнча Building de Luxe ЖЧКсы жана “НК Эксперт” курулуш компаниялары каттоодон өткөн.
Building de Luxe компаниясынын мурдагы башкы директору Өмүрбек Жолдошов учурда “Мекеним Кыргызстан” партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири жана бул партиядан шаардык кеңеште кызмат өтөйт.
Ал эми архитектура жаатында иш алып барган “НК Эксперт” ЖЧКсын Абдисадир уулу Осмонали башкарат. Ал 2016-жылкы шаардык кеңешке шайлоодо кандидат болгон. Учурда “Биздин Кыргызстан” партиясынын тизмегинде “Кыргыз каганаттын” инженери катары көрсөтүлгөн.
“Биримдиктин” дагы изи бар
“Биздин Кыргызстан” партиясынын курамынан Ош шаардык кеңешине аттанган кандидаттардын тизмегине саресеп салып, Абдыманапов Медербек Арстанбекович аттуу талапкерге көзүбүз түштү. Ал былтыркы парламенттик шайлоодо “Биримдик” партиясынын Оштогу расмий өкүлү эле. Мындан тышкары, Медербек Абдыманапов “Биримдиктин” шайлоо фондуна 200 миң сом каражат которогону белгилүү.
Factcheсk.kg шаардык кеңешке ат салышкан партиялардын тизмегине саресеп салууну улантат.