Бишкектеги канадалык биолаборатория: 15 жыл мурдагы долбоорду эмне үчүн азыр эстеп жатышат?

67fcd0f9-0d3a-4c1d-931b-711b78b76d23

Мурдагы макалабызда Кыргызстанда орусиялык биологиялык лабораториянын курулушу тууралуу сөз кылганбыз. Бирок ушуга окшош өкмөттөр аралык долбоор мурда да болгон. 2008-жылы канадалык инвесторлор Кыргызстанда биолаборатория курууну каалашкан эле, бирок долбоор ишке ашпай калган.

Таржымалы

Өкмөттөр аралык долбоор тууралуу маалымат биринчи жолу 2008-жылдын март айында пайда болгон. Айыл чарба министри Арстанбек Ногоев менен Канаданын Кыргызстандагы элчиси Маргарет Скоктун жолугушуусунда Кыргызстанда продукцияны сертификациялоо боюнча биологиялык лаборатория куруу тууралуу сөз болгон.

«Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмунун мүчөсү, ал рыноктун тең укуктуу катышуучусу болушу керек, бирок бул үчүн биринчи кезекте экспорттолуучу продукцияларды [эл аралык стандарттарга ылайык] сертификациялоо керек», – деген анда Канаданын элчиси.

Ага чейин Арстанбек Ногоев Германиянын техникалык кызматташуу уюмунун өкүлдөрү менен жолуккан. Ал жолугушууда республиканын ветеринария кызматынын  эскилиги жеткен жана учурдагы стандарттарга жооп бербеген лабораториялык жабдыктарын жаңыртууга инвестиция салуу маселеси көтөрүлгөн. Бул долбоорго $40 млн каражат салуу пландаштырылган.

Белгилей кетүүчу жагдай, сертификация кылуучу лаборатория товарлардын айрым гана категорияларын сертификациялаганга колдонулат. Ошол эле кезде долбоор тууралуу сөз болгонуна бир жыл болуп калганда, лаборатория продуктыларды сертификациялоочу эмес, бактериологиялык болот деген маалымат пайда болду. Ошондо эле бул лабораторияда сибирь жарасы, холера жана бруцеллёз сыяктуу оорулар изилдене тургандыгы айтылган.

Ошондой эле инвестициянын суммасы жөнүндө ар башка маалыматтар айтылган: башында $40 млн (≈1.4 млрд сом, КРдин Улуттак банкынын (УБ) 2008-жылдын мартындагы курсу боюнча) тууралуу сөз болсо, кийин $30 млн (≈1.3 млрд сом, КР УБнын 2009-жылдын октябрындагы курсу боюнча) аталган, ал эми аягында 60 млн канадалык доллар (2.8 млрд сом, КР УБнын 2011-жылдын январындагы курсу боюнча) сөз кылына баштады.

Курулуш иштери 2011-жылы Бишкектеги Ботаникалык бакзардын аймагында башталышы керек болчу. Лаборатория биологиялык коопсуздуктун үчүнчү деңгээлине (BSL-3) жооп бериши керек болчу. Бул жагынан ал орусиялык инвесторлор кургусу келген лабораторияга окшош эле.

Парламенттин профилдик комитети анда бул курулушка макулдугун бергенине карабай, айрым активисттер каршы чыгышты. Кыргызстандык-канадалык комиссиянын жыйыны өтүп жаткан Кыргыз-Орус (Славян) университетинин жанында пикет уюштурулган. Курулушка каршы төрт миң кол чогултулган. Жыйынтыгында, канадалык инвесторлор долбоорду Тажикстанда ишке ашыра башташты.

Лаборатория тууралуу кандай мифтер таркатылып жатат?

Акыркы кезде орусиялык ЖМКларда Кыргызстандын айрым коомчулугу канадалык лабораториянын Кыргызстанда курулушуна «активдүү каршы чыгып жатышат» деген билдирүүлөр көп санда жарыялана баштады.

Быйыл июлда Бишкекте «Ой Ордо» Эксперттик демилгелердин борбору (ЭДБ) уюштурган «Кыргызстандын аймактагы биокоопсуздукту камсыздоо боюнча башкы милдеттери» деген аталыштагы тегерек стол уюштурулду. Бул иш-чаранын катышуучулары канадалык лабораторияга байланыштуу өлкөлөр аралык долбоор жокко чыгарыла электигине тынчсызданууларын билдиришкен. Кызыгы, бул тегерек стол орусиялык биолаборатория курула тургандыгы тууралуу маалымат жарыяланган учурда уюштурулуп жатат.

Октябрдын башында «Ой Ордо» ЭДБ «Глобалдык биологиялык коркунучтар: улуттук жана аймактык биокоопсуздукту камсыздоо боюнча Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрү» аталыштагы дагы бир тегерек столду уюштурду. Анын жүрүшүндө канадалык долбоор «аскердик биолаборатория» деп аталган.

Орусиялык «Независимая газета» басылмасы долбоор Канаданын Коргоо министрлигинин бөлүмү болуп эсептелет деп жазган.

Factcheck.kg’нин журналисттери Кыргызстан менен Канаданын өкмөттөрү 2008-жылдын 22-августунда кол койгон Биологиялык коргоо жана биологиялык коопсуздук жаатында кызматташуу жөнүндө келишимдин текстин табышты. Жогорку Кеңеш келишимди 2008-жылдын 26-декабрында ратификациялап, ал кездеги президент Курмабек Бакиев 2009-жылдын 6-февралында кол койгон.

Канадалык биолаборатория тууралуу айтылгандардын чын-төгүнүн текшеребеиз. Бардык документтерди материалдын соңунда тапса болот. Төмөндө тегерек стол учурунда айтылган тезистер жана алар боюнча тыянактар келтирилет:

Билдирүү: «Лаборатория аскердик максатта курулушу керек болчу»

Келишимдин 11-беренесинин 1-пунктунда мындай деп айтылат:

«Кыргыз Тарап бардык товарларды (жабдыктарды, материалдарды), кызмат көрсөтүүлөрдү, технологияларды жана атайын тажрыйбаны жана билимди… тынчтык максаттарда гана жана ушул Макулдашууга, ошондой эле 1972-жылдын 10-апрелинде кабыл алынган Бактериологиялык (биологиялык) жана токсиндик куралдарды иштеп чыгууга, жасап чыгарууга жана камдоого тыюу салуу жана аларды жок кылуу жөнүндө Конвенцияга ылайык колдонууну камсыз кылат».

Ал эми 3-пунктта «башка өлкөлөрдөн же дүйнөнүн башка региондорунан патогендер изилдөө жана илимий максаттар менен байланышкан тынчтык максаттарда гана жана Тараптардын колдонуудагы мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык Кыргыз Тараптын макулдугу менен гана экспорттолот же импорттолот же объектте сакталат», – деп айтылат..

2011-жылы КР Саламаттык сактоо министрлиги долбоор Канада өкмөтү тарабынан Глобалдык өнөктөштүк программасынын алкагында ишке ашырылып жатканын билдирген.

«Жаңы лабораторияны куруу боюнча чечим кабыл алардан мурун Канада менен Кыргыз Республикасынын адистери патогендер менен иштеген тиешелүү министрликтердин учурдагы бактериологиялык лабораторияларын карап чыгышкан.

Иштеп жаткан лабораториялардын көбү 40-50 жыл мурун ошол кездеги талаптарга ылайык курулган же ылайыкташтырылган имараттарда жайгашкан. Учурдагы жабдуулар жана аппараттура моралдык жана физикалык жактан эскирген», — деп айтылат Саламаттык сактоо министрлигинин маалымкатында.

Тыянак: калп. Келишимде белгиленгендей, канадалык тарап берген бардык товарлар, технологиялар, патогендер тынчтык максатта гана колдонулушу керек. Ошол эле кезде, расмий маалыматтарга ылайык, учурда эскилиги жеткен жабдууларга байланыштуу жаңы лабораторияны курууну көздөшкөн.

Билдирүү: “Кыргыз тарапка канадалык вирусологдордун изилдөө материалдары жеткиликтүү болбошу мүмкүн”

Биолаборатория Канаданын Коргоо министрлигинин бөлүмү болот деген имиштен соң мындай кооптонуулар айтылып келген. Ачык булактардан бул имишти тастыктаган же жокко чыгарган маалыматтарды таба албадык. Келишимде да бул тууралуу эч бир маалымат жок, бирок Саламаттык сактоо министрлигинин бул лаборатория тууралуу расмий маалымакатында: Саламаттык сактоо министрлигинин, Айыл-чарба министрлигинин жана Илимдер академиясынын адистери биргелешип иштей турган Улуттук биологиялык лабораторияны куруу эң туура чечим болот деген тыянакка келдик», – деп айтылат.

Демек, кыргыз тарапта биолабораторияда изилдөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк болгон.

Тыянак: далилденген эмес. Ачык булактарда кыргызстандык адистер лабораторияга кире албашы тууралуу эч бир маалымат жок. Тескерисинче, документтерде кеминде үч кыргызстандык мамлекеттик уюмдун адистери анда иштей алыша тургандыгы каралган.

Билдирүү: «Долбоор денонсация кылына элек, ошондуктан келишим дагы эле күчүндө»

Келишимдеги 20-берененин 2-пунктунда ал жети жыл аралыгында күчүндө болору айтылат. Келишимди парламент 2008-жылдын аягында ратификациялаган, ал эми президент ага 2009-жылы кол койгон. Демек, 2016-жылы эле келишимдин мөөнөтү аяктаган.

2012-жылдын аяк ченинде парламентте инвесторлор биолабораторияны Кыргызстанда куруудан баш тартып, Тажикстанга кеткендери тууралуу маалымат айтылган. Ага долбоор тууралуу кыргызстандык тараптын так позициясынын жоктугу себеп болгон. Ошондон бери бул долбоор тууралуу маселени кыргыз тарап да, канадалык тарап да эч көтөргөн эмес.

Тыянак: калп. Келишимдин мөөнөтү сегиз жыл мурда эле аягына чыккан.

Билдирүү: «Канадалык тарап долбоорду ишке ашыруу аракетин кайра башташы мүмкүн»

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин экс-депутаты Евгения Строкова айткан. Анын айтымында, буга биринчи кадамдар жасалган, анткени былтыр АКШ Оштогу клиникалык оорукананын базасында сибирь жарасын изилдөө үчүн $250 миң АКШ долларын бөлгөн болчу.

Чындыгында бул маалымат 2022-жылы эле айтыла баштаган. Анда орусиялык RT басылмасы АКШ өкмөтү Кыргызстандагы сибирь жарасын изилдөөнү каржылаганы жатканын билдирген. Материалда АКШнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин сибирь жарасын изилдөө боюнча контракты Эл аралык жогорку медициналык мектебине берилгени айтылган.

Бул маалыматты бир нече булак төгүндөгөн. КРдин Саламатттык сактоо министрлиги мындай изилдөөлөргө уруксат эч кимге берилбегенин айткан. Эл аралык жогорку медициналык мектептин ректору басылманын билдирүүсүн «калп» деп баалаган. АКШнын элчилиги да бул билдирүү чындыкка жатпайт деген маалымат тараткан.

Тыянак: калп. Экс-депутат чындыкка жатпагана маалыматка таянган.

Жалпы тыянак: 2008-жылы эле канадалык инвесторлор биолаборатория долбооруна ондогон миллион доллар каражатты салганга даяр болушкан, бирок активисттердин каршылык аракеттеринен улам долбоордун ишке ашрылышын токтотуп коюшкан. Учурда айрым медиалар канадалык долбоорду орусиялык жаңы биолаборатория долбооруна байланыштуу эскеришкен. Ошол эле учурда канадалык долбоор тууралуу маалыматтар менен кошо чындыкка жатпаган билдирүүлөр да жасалууда.

Соглашение

Закон

Документтердин булагы: https://online.zakon.kz/lawyer