Медиасын: жалпыга маалымдоо каражаттарындагы фейк жаңылыктар

Factcheck.kg “Медиасын” рубрикасынын алкагында жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган макалаларга саресеп салып, кесиптик этика бузулган учурларды каттоону улантат.  Бул ирет ноябрь айындагы кыргызстандык медиаресурстарында жарык көргөн фейк жаңылыктардын түрмөгүн тартуулайбыз.

1-фейк жаңылык: штабды жетектеген депутат

14-ноябрда депутат Жанар Акаев келерки президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун Ош шаары жана Алай районундагы шайлоо штабдарын жетектери тууралуу маалымат пайда болгон. Жаңылыкты KyrgyzToday.kg ресурсу өздүк булактарга таянып, жазып чыккан.

Ал эми 15-ноябрь күнү Жанар Акаев “Марал” радиосуна берген интервьюсунда бул маалыматты төгүндөгөн.

2-фейк жаңылык: концерт көргөн экс-министр

16-ноябрь күнү maalymat.media басылмасы “Качып кеткен Кашкар Жунушалиев Москвада концерт көрүп отурат” деген баштемада макала жарыялаган.  Аталган ресурс жаңылыктын алгачкы булагы катары “Компромат” аттуу телеграм-каналды көрсөткөн.

Factcheck.kg бул маалыматты текшерип, концерт быйыл эмес, 2019-жылы өткөнүн аныктаган. Maalymat.media басылмасынан айырмаланып, социалдык тармакка кеңири жайылган фейкти Kloop.kg, Govori.TV, Sputnik жана башка ЖМКлар төгүндөгөн.

3-фейк жаңылык: өспүрүмдүн өлүмү

Дагы бир фейк маалыматты fact.kg жана elgezit сайттары 10-ноябрь күнү жарыялаган.  Бул ЖМКлар штабга шилтеме берип, Базар-Коргон районунда коронавирустан өспүрүм каза болду деп маалымдаган. Белгилей кетчү нерсе, эки сайттагы жаңылыктын тексти куюп койгондой ошкош.

Фейктердин жүзүн ачкан Медиа-Блокпост тайпасындагы журналисттер жогорудагы маалымат чындыкка дал келбесин аныктап чыккан.

Үч учурда тең ЖМКлар фейк жаңылыктарды жарыялаган жана алар төгүндөлгөн соң, макалаларды сайттарынан алып салган эмес.

Эске салсак, Кыргызстан журналистинин Этикалык кодексинин 8-беренесине ылайык,

Журналист кандай гана жагдайда болбосун, билип туруп жалган маалымат жарыялабашы керек. Эгер таратылган маалымат чындыкка коошпой турганы билинсе, журналист бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен оңдоого милдеттүү.

Жыйынтык: maalymat.media, KyrgyzToday.kg, elgezit жана fact.kg чындыкка дал келбеген маалыматты жарыялап, Кыргызстан журналистинин Этикалык кодексинин 8-беренесинин бузулушуна жол берген.