Шаардык кеңешке кайсы партиялар ат салышты? Текшеребиз

14-июнда Бишкек, Ош жана Токмок шаарларына ат салышуу үчүн арыз калтырган партиялардын тизмеги белгилүү болду. БШКга документтерди кабыл алуу 13-июнда аяктаган. Аймактык комиссиялар партиялар тапшырган документтерди 10 күндүн ичинде карап чыгат.

Эске салсак, жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелде болуп өткөн. Бирок көптөгөн мыйзам бузуулардын негизинде Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Буга чейин шаардык кеңешке 25 партия ат салышккан болсо, учурда 17 партия каттоодон өттү.

Factcheck.kg эки тизмекти салыштырып көрүп, апрель айында шаардык кеңешке аттанган 10 гана партия кайрадан шайлоого катышарын аныктады. Калган жаңы жети партия тууралуу эмне белгилүү? 

Апрель жана июль айларында Бишкек шаардык кеңешине аттанган партиялар:

 2021-жылдын 11-апрелиндеги шайлоо

2021-жылдын 11-июлундагы шайлоо

“Эмгек”

“Биздин эл”

“Реформа”

“Замандаш”

“Ата-Журт Кыргызстан”

“Социал демократтар”

“Кыргызстан жашылдар партиясы”

“Ынтымак”

“Улуу Журт”

“Ишеним”

“Патриот”

“Столица” демократиялык партиясы

“Тандоо эркиндиги”

“Туран”

“Кыргызстан элдик демократиялык партиясы”

“Келечек-Будущее”

“Ак-Бата”

“Өнүгүү Прогресс”

“Кыргызстандын социалисттик партиясы”

“Биздин Кыргызстан”

“Улутман”

 “Күч бирддикте” социалдык-саясий партиясы

“Бүтүн Кыргызстан”

“Жаңы-Мезгил”

“Коммунисттер партиясы”

“Бийлик элге”

“Кыргызстандын демократиялык кыймылы”

“Ыйман Нуру”

“Айкөл Кыргызстан”

“Кыргызстан”

“Республика”

“Тынчтык”

Жаңы партиялар тууралуу ачык булактардан төмөнкү маалымат табылды:

“Столица” – партиясы 2006-жылы негизделген. Бул партияны мурдагы ишкер Мусабаев Атай Нурбекович жетектейт. Анын учурдагы кызмат орду белгисиз. Партиянын негиздөөчүлөрүнүн катарын БШКнын мурдагы төрагасы жана Чүй облусунун мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгуналы Абдраимовдун уулу Элмурат Абдраимов толуктайт. Ал учурунда Кыргыз-Орус Өнүктүрүү Фондунун Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары болгон. 

 

Данные портала osoo.kg
osoo.kg сайтынан алынды

“Туран” партиясы 2004-жылы негизделген. Анын жетекчиси Жеңиш Молдокматов бир ай мурун 2020-жылдын октябрь окуялары учурунда Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратын басып алууга аракет кылган деген шек менен кармалган. 2018-2021-жылдары Молдокматов “Замандаш” партиясын жетектеп келген, учурда бул партия дагы шайлоого ат салышты. 

“Туран” партиясынын негиздөөчүлөрүнүн катарында мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев дагы бар. Партиянын негиздөөчүлөрүнүн катарында «Кант-Сүт» ЖЧКсынын Башкы директорунун кеңешчиси Сүйүндүк Кадыров жана мэриянын басма сөз кызматынын мурдагы жетекчиси Эрмек Козубеков бар. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар Бирлигинин төрагасы, 2017-жылы президенттикке талапкер Азимбек Бекназаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү болгон Абдрахман Алымбаев да бар.

osoo.kg сайтынан алынды

“Келечек-Будущее” партиясы 2014-жылы түптөлгөн жана ага Чыңгыз Макешов жетекчилик кылат. Макешов ишкерлик менен алектенип, Кыргызстандын ишкерлер бирлигинде эмгектенгени менен белгилүү. Ал Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк фондуна караштуу ишкерликти өнүктүрүү фондунун төрагасы болгон. 2018-жылдан тарта Central Asian Capital инвестициялык компаниясынын каржы талдоочусу. 

В учредителях состоит национальный координатор правовой программы Германского общества по международному сотрудничеству (GIZ) Рустам Мадалиев. И еще один замандашевиц, член высшего совета партии, Гапар Исаев. 

Еще один учредитель – экс-судья Межрайонного суда Бишкека Эрмек Иманалиев. 

Данные портала osoo.kg

Негизделгенине жарым жыл гана болгон “Биздин Кыргызстан” партиясын Жогорку Кеңештин эксперти Алайбек Алымбаев жетектейт. Ал 2020-жылкы парламенттик шайлоого “Республика” партиясынын курамында №26-болуп аттанган. Ал эми ноябрь айында “Биздин Кыргызстан” партиясын түптөгөн. 

Калган негиздөөчүлөр тууралуу ачык булактардан маалымат табылган жок. 

osoo.kg сайтынан алынды

“Күч бирдикте” партиясы 2015-жылы түптөлүп, аны 2012-жылга чейин Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Кадырбек  Абдивалиев жетектейт. Партиянын негиздөөчүлөрүнүн бири апрель айындагы Бишкек шаардык кеңешке “Ынтымак” партиясынын курамында №71-болуп аттанган. Ал эми партиянын дагы бир негиздөөчү Саматбек Исаев “Кыргызстандын демократиялык партиясынын” тизмегинде  №32-орунда эле. 

osoo.kg сайтынан алынды

“Жаңы-Мезгил” партиясы 2006-жылы негизделип, 2021-жылы кайрадан каттоодон өткөн. Бул партиянын эки жетекчиси шылуундук беренеси боюнча айыпталган.  

osoo.kg сайтынан алынды

2018-жылдын май айында массалык маалымдоо каражаттарында Бишкекте эки шылуун айым кармалганы тууралуу маалымат тараган. Рита Сулайманова менен Казакбай кызы Айжан 30 факты боюнча айыпталган. Шаардык ички иштер бөлүмүнүн айтымында бул айымдар 2017-жылдын февраль айында жер тилкесин беребиз деген шылтоо менен 24000 сом алып, келишимди аткарбай качып кеткен.

 

Бул факт боюнча Биринчи май РИИБдин тергөө кызматы  Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (“Алдамчылык”) боюнча кылмыш ишин козгогон. 55 жаштагы Сулайманова кайрадан каттоодон өткөнгө чейин “Жаңы-Мезгил” партиясын жетектеген. Ал эми 29 жаштагы Казакбай кызы ушул жылдын апрель айында директор болгон.

osoo.kg сайтынан алынды

Алгач партиянын негиздөөчүлөрү он адамдан турган. Кайрадан каттоодон өткөн соң бир дагы негиздөөчү көрсөтүлгөн эмес. 

osoo.kg сайтынан алынды.