БУУнун комиссиясы: Орусия Украинада көптөгөн согуш кылмыштарын жасады, бирок геноцид фактысы азырынча далилдене элек

Телеграм каналдарда белгилүү эл аралык The Guardian басылмасына шилтеме кылынып БУУнун ыйгарым укуктуу тергөө органынын маалыматы боюнча, орусиялык армиянын Украинадагы аракеттеринен геноцидге далил табылбаганы жөнүндө жаңылык таркатылды.

Factcheck.kg редакциясы БУУ чынында эле ушундай билдирүү кылганын текшерди.

Чынында, Украинадагы окуяларды иликтөө боюнча БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин (БУУ АУК) Эл аралык көз карандысыз комиссиясынын төрагасы Эрик Мёсе 16 мартта билдирүү кылып, комиссия Орусия менен конфликт учурундагы адам укуктарынын бузулушун иликтеп чыгып, геноцидге далил таба албаганын билдирген: “Биз Украинада геноцид болгонун тапкан жокпуз”.

Бирок да комиссия далилдерди чогултуунун улантып жатканын жана учурда геноциддин мүмкүндүгүн көрсөткөн аспектилер бар экенин, бирок алар азырынча божомол гана экенин кошумчалады.

“Биз ушул кылмышка байланыштуу суроолорду жарата турган айрым аспектилер бар экенин белгиледик… бирок биз азырынча эч кандай тыянактарды чыгара элекпиз”, – деди өзүнүн билдирүүсүндө комиссиянын жетекчиси Мёсе.

Жарыяланган тергөө отчетуна ылайык, Орусия Украинада атайылап өлтүрүү, системалуу кыйноо жана балдарды депортациялоо сыяктуу көптөгөн согуш кылмыштарын жасады. Орусиялык күчтөр Украинага “тандалбаган жана пропроционалдуу эмес” кол салууларды жасаган, кыйноолорду колдонгон, атышууларга тиешеси жок учурларда жайкын тургундарды өлтүргөн жана украин калкын коргоо боюнча чараларды көргөн эмес.

Украинанын инфратүзүмүнө бир нече жолку чабуулдарды комиссия адамзатка каршы мүмкүн болуучу кылмыштар деп баалаган, анткени эң суук айларда жүз миңдеген адамдар жылуулуксуз жана жарыксыз калган.

Ошондой эле отчетто орусиялык оккупация аймактарында кыйноолор “системалуу түрдө жана кеңири” колдонулганы белгиленип, орусиялык кармоо жайларында колдонулган кыйноолордун түрлөрү тууралуу кенен маалыматтар келтирилет.

Отчеттун авторлору украина күчтөрүнө тийиштүү “аз сандагы” бузуулар да болгонун белгилешет.

Украина элине каршы геноцидди таануу үчүн кандай жагдайлар болгонун эстеп көрөлү.

  • 2022-жылдын 7-декабрында АКШнын Сенатынын эл аралык мамилелер боюнча комитети Орусиянын Украинадагы аракеттерин геноцид деп таануу боюнча резолюцияны колдогон.
  • 2022-жылдын 8-декабрында Канада менен Нидерландия Геноцид кылмышынын алдын алуу жана жазалоо боюнча Конвенцияга ылайык геноцид боюнча айыптоолорго байланыштуу Эл аралык кылмыш сотуна кийлигишүү жөнүндө биргелешкен арызын беришкен (Украина Орусия Федерациясына каршы).
  • 27-февралда БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин Женевадагы сессиясынын ачылышында Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Орусиянын Украинадан миңдеген балдарды алып чыгышы “геноцид кылмышы” болуп эсептелет деген.
  • 2023-жылдын 4-мартында Украинанын Жогорку сотунун төрагасы Всеволод Князев жакында украин соттору Орусия Федерациясынын украина калкына геноцид кылганына байланыштуу согуш кылмыштарын карай баштаарын билдирди.

Өз кезегинде Кремль Украина калкына каршы мыкаачылык кылганын же кол салганын танып жатат. Factcheck.kg редакциясы орусиянын балдар омбудсмени Мария Львова-Белова эл аралык соттун күнөөлөөсүн четке кагып жатып, ошол эле кезде балдар Орусияга алардын эркине каршы алынып келингенин тастыктаганын жазган болчу. Ал коомдук палатада балдар башында агрессивдүү болгондорун, президент [Путин] тууралуу жаман сөздөрдү айтып, Украинанын гимнин ырдап, “Украинага даңк” деп ураан салгандарын айткан.

Адамдардын кайсы бир тобун толугу менен жок кылуу ниетин туюнткан “геноцид” түшүнүгү биринчи жолу Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы Холокосттун үрөй учурарлык көрүнүштөрүнүн фонунда пайда болгон. Эл аралык укук боюнча геноцид кылмыш катары таанылып, 1948-жылы геноцид жөнүндө БУУнун Конвенциясы кабыл алынган, ал 1951-жылы күчүнө кирген. Конвенциянын 2-беренесинде геноцид “кандайдыр бир улуттук, этникалык, расалык же диний топту толугу менен же жарым-жартылай жок кылуу максатында жасалган” ар кандай аракеттер деп аныкталат. Так ушул берене боюнча кылмыштарды иликтөө көп убакытты талап кылат, анткени кайсы бир топтун бөлүгү болгону үчүм адамдарды өлтүрүү ниетин гана эмес, алардын өлтүрүлүшүн да далдилдеш керек болот.

Тыянак: далилденген эмес. БУУнун ыйгарым укуктуу тергөө органынын отчету боюнча, орусиялыктардын Украинанын жайкын тургундарына кол салуулары согуш кылмыштары деп таанылат, ал эмес адамзатка каршы кылмыш деп да бааланат, бирок геноцидге так далилдер азырынча табыла элек. Ошондой болсо да БУУнун комиссиясы ал болгон эмес деп да кесе айтпай эле.