Мээ үчүн чиптерди өндүргөн Илон Масктын компаниясына адамдарда сыноолорду жүргүзүүгө уруксат берилдиби? Текшеребиз

Интернетте америкалык ишмер Илон Масктын мээ үчүн чиптерди өндүргөн Neuralink компаниясы адамдарда сыноолорду жүргүзүүгө жөнгө салуучудан уруксат алды деген маалымат таркатыла баштады. 

Factcheck.kg редакция бул маалыматты текшерип чыкты.

Neuralink – мээге туутштырылуучу компьютердик интерфейстердин үстүндө иш алып барган америкалык нейротехнологиялык компания. Ал Калифорнияда Фримонтто жайгашат. Аны Илон Маск жана жети окумуштуу менен инженерден турган команда 2016-жылы негиздеген, ал тууралуу биринчи кабар 2017-жылы мартта берилген.

Чынында эле, Neuralink майдын аягында адамдарда клиникалык сыноолорду жүргүзүүгө уруксат алган. Мындай уруксатты Тамак-аштын жана дары-дармектин сапатына санитардык көзөмөл жүргүзүү башкармалыгы (FDA) берген. Бул тууралуу компания өзүнүн Twitter’инде билдирген.

FDA бизге адамдарда биринчи клиникалык изилдөөлөрүбүздү жүргүзүүгө уруксат бергенин кубануу менен билдиребиз! Бул Neuralink командасынын FDA менен тыгыз кызматташтыкта жигердүү иш алып баруусунун жыйынтыгы жана ал технологияларыбыздын адамдарга жардам бере башташына алгачкы кадам болуп эсептелет. Клиникалык сыноолорубузга тандоо баштала элек. Бул тууралуу кененирээк маалыматты жакында беребиз!”

FDA өзүнүн билдирүүсүндө Neuralink’ке мээ имплантын жана хирургиялык роботту бейтаптарда сыноолорду жүргүзүүгө уруксат бергенин тастыктады, бирок кененирээк маалымат берүүдөн баш тартты.

Neuralink долбору миңдеген электроддорду адам мээсинин сырткы кабыгына жайгаштырууга мүмкүнчүлүк берет. Ар бир электрод чачтан да ичке зым болот. Ал баштын сөөгүнө бекитилген чипке алыстан туташтырылат.

Маск билдиргендей, бул технология шал болгондорго басканга, көзү көрбөгөндөргө көргөнгө, жаракаттардан айыкканга жана жасалма интеллект менен өз алдынча баарлашканга жардам берет. Чип жаракат алган жүлүндүн сигналдарын кабыл алып, аны кайра артка жиберип турат.

Мурда Neuralink’тин чиптери Пейдж маймылында сыналган болчу – ал Pong видео оюнун ойногон, ал эми чиптин компьютерлери маймылдын кыймылдарына байланыштуу сигналдарды талдап турган. Кийин маймылдын мээсинин сигналдары гана оюн ойногон мүмкүнчүлүк түзгөн.

Келечекте өндүрүлө турган чиптердин бирин Илон Маск өзүнө бекитмекчи.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын декабрында компаниянын кызматкерлеринин жаныбарларда сыноолор шашылыш түрдө жасалып жатат, а бул болсо алардын өлүмүнө алып келүүдө деген даттанууларына байланыштуу жаныбарлардын укугу бузулуп жатышы мүмкүн деген божомолдо Масктын компаниясы боюнча федералдык тергөө иштери жүргүзүлгөн.

2023-жылдын февралында Neuralink боюнча АКШнын Транспорт министрлигинин иликтөөсү жүргүзүлгөн. Бул текшерүү адамга коркунучтуу патогендер жугушу мүмкүн жабдыктар туура эмес таңгакталып, ташылган деген кинеге байланыштуу болгон.

Тыянак: чындык. Neuralink чынында эле Тамак-аш жана дары-дармектин сапатына санитардык көзөмөл жүргүзүү башкармалыгынан адамдарда клиникалык сыноолорду жүргүзүүгө уруксат алган.