Швецияда секс боюнча Европа чемпионаты өтөбү? Текшеребиз

Factcheck.kg’нин редакциясына окурманыбыз кайрылып, 8-июнда Швециянын Гётеборг шаарында биринчи жолу секс боюнча Европа чемпионаты өтөт деген маалыматтын чын-төгүнүн аныктап берүүнү өтүндү. Бул тууралуу жаңылыкты ар кайсы өлкөлөрдүн көптөгөн ЖМКлары жарыялаган болчу.

Биз бул маалыматты текшерип чыктык.

ЖМКлардын көбү жаңылыктын биринчи булагы катары Швециянын секс федерациясынын (SSF) сайтын көрсөткөн. Чынында эле, секс боюнча мелдеш тууралуу маалымат бул сайтта жарыяланган. Сайттын башкы бетин ачканда төмөнкү мазмундагы билдирүү чыгат:

“Швециянын секс федерациясы уюштурган Секс боюнча Европа чемпионаты, 2023-жылы 8-июнда башталат. Бул сайтта түз трансляция уюштурулат. Швециянын секс федерациясы катышуучулардын бардык чыгымдарын жаап берет. Кызыккандар билдиремни электрондук дарекке жөнөтө алышат”.

Уюштуруучулар мелдешти үч баскычка бөлүштүрүп, аны бир нече жумага чойгонго ойлонуштуруп жатышат. Катышуучулар 16 дисциплина боюнча мелдешет. 20 өлкөдөн катышуучулар күтүлүүдө.

Швециянын секс федерациясы – расмий түрдө катталган уюм, бирок реестрде ал спорттук уюм экени көрсөтүлгөн эмес. Уюмдун ишмердүүлүгү “кызыкдар уюм” деп белгиленген. SSF 2016-жылы Швецияда катталган. Уюмдун өзүнүн билдирүүсү боюнча, ал спорт катары секс менен машыккан дүйнөдөгү жалгыз уюм болуп эсептелет. Андан сырткары, SSF билдиргендей, ал сексуалдык машыгуу жана секс мелдештери боюнча алдыңы оюнчу болуп эсептелет, анын 30дан ашык ассоциациясы бар, ага бүт өлкө боюнча 3000дөн ашык адам мүчө болуп кирген.

SSF’дин маанилүү максаттарынын бири – эркектердин секстеги үстөмдүгүнө каршы туруу.

SSF’дин негиздөөчүсү – Драган Братич, ал “стриптиздин ханы” катары белгилүү. Мурда ал стрип-клубадардын тармагын башкарып келген, бирок үч жыл мурун салык төлөбөгөндүгү үчүн жоопкерчиликке тартылып, ага ишкерлик менен алектенге тыюу салынган.

Драган Братич

Белгилей кетүүчү жагдай, көптөгөн ЖМКлар чемпионат тууралуу жаңылыктан сырткары Швеция сексти спорттун түрү каттаган жападан жалгыз өлкө болуп эсептелерин билдиришкен. Бирок акыркы маалыматты тастыктоого мүмкүн болбоду.

Братич чынында эле сексти спорттун түрү катары каттоо боюнча арызды 2023-жылдын январында эле берген болчу. Швециянын спорт конфедерациясынын жетекчиси Бьорн Эриксен ошондо эле “бул болбогон нерсе” деп билдирген, ал эми конфедерация каттоодон баш тарткан. Братичти бул чечим катуу капалантканын Facebook’тагы баракчасына жазган.

Ушул себептен иш-чараны чемпионат катары өткөрүү мүмкүн эмес, бирок да уюштуруучулар ойлогонунан кайткылары келбегенин пиар-кампания уланып жатканынан байкаса болот. Трансляция жүргүзүлө турган сайтта 11 өлкөдөн 13 адам катталганга жетишкен, аларга добуш берүү жүрүп жатат.

Тыянак: жарым-жартылай чындык. Иш-чараны чынында июнда Швецияда өткөрүү пландаштырылууда, учурда катышуучулар катталып жатат. Бирок ал “Европанын биринчи чемпионаты” боло албайт, анткени Швециянын секс федерациясы спорт уюму катары катталган эмес. ЖМКлардын билдирүүлөрүнө карабай, Швецияда секс спорттун бир түрү болуп эсептелбейт.