Жаңы депутат Мурашев тууралуу 13 жагымсыз факт

Депутат Исхак Пирматовдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, анын ордуна Нурбек Мурашев депутаттык креслого ээ болду. Мурашев V чакырылышта да эл өкүлү болуп, пассивдүү депутат катары элдин эсинде калган.  Ал эми айыл-чарба министри кызматын аркалап турган кезде натыйжасыз иши үчүн дыйкандардын сынына кабылган. Мындан тышкары, үч ирет мушташка кабылды деп айыпталган. 

Factcheck.kg Мурашев тууралуу 13 факты чогултту, бирок алардын басымдуу бөлүгү жагымсыз болуп чыкты. 

2014-жылдын февраль айында Улуттук госпиталдын дарыгеринин арызынын негизинде Мурашевге кылмыш иши козголгон. Ал дарыгерди ур-токмокко алды деп айыпталган. Бүгүнкү күндө кылмыш ишинин жыйынтыгы белгисиз. 

 

Жаңы депутат буга чейин Жогорку Кенештин V чакырылышына “Республика – Ата Журт”партиясынын катарында мандатка ээ болгон. 

 

Ал 2014-жылы “Бир Бол” партиясынын курамына киргендиктен, “Республика – Ата Журттун” катарынан чыккан. 2015-жылкы парламенттик шайлоого “Бир Бол” менен бирге аттанган. 

 

2015-жылкы шайлоо өнөктүгү учурунда “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын талапкери Кабылжан Кимсанбаевди ур-токмокко алды деп айыпталган.

 

Ал эми 2017 -жылы Сакалды айыл аймагынын N2186 участкалык шайлоо комиссиясынын жанында Ноокен районунун тургуну Мурашев аны ур-токмокко алганын айткан.

 

Бул окуялардын соңу белгисиз. Кантсе да, алар Мурашевдин келечегине терс таасирин тийгизген эмес. 

Мындан тышкары, ал өзүнүн үч кызматкерин Мамлекеттик салык кызматына орноштурганы аныкталып, коомчулуктун сын-пикирине кабылган.

Нурбек Мурашев айыл-чарба министри болуп турган кезде, дыйкандар картошкасын сата албай калып, нааразычылыгын билдирген. Анын кабинетине журналист чириген картошка менен кирип барганы белгилүү.

 

 

2019-жылдын май айында биздин каарманга бизнесмендер эң төмөн баа коюп, “Кара көлөш” антипремиясын ыйгарган. Коомчулуктун кескин сын-пикиринен улам, ал кызматынан кол жууган.

2019-жылдын майынан тарта Мурашев жумушсуздардын катарын толуктаган. 

 

2020-жылы “Бир Бол” партиясынын катарына шайлоого аттанып, жумушсуз болгонуна карабай, партиянын шайлоо фондуна өз капчыгынан 1.5 млн сом которгон. 

2016-жылы 50 миң сом, ал эми 2017 жана 2018-жылдары 640 миң сомдон тапканын декларациясында көрсөткөн. Мындан тышкары, эч кандай мүлкү жок экенин, жана анын жакын тууганына кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк катталбаганын маалымдаган.

 

Нурбек Мурашевдин бир тууганы Дилшатбек Мурашев ийгиликтүү ишкер. АлДНДТЗ” дыйкан чарбасына, “Сакалды-Курулуш” ЖЧКсына, үрөн өстүрүүчү “Мур-Ашым” айыл чарба кооперативине, “Мур-Ашим Капитал” микрокредиттик компаниясына жана башка ишканаларга ээлик кылат.