АКШда TikTok жана WeChatка бөгөт коюлары чындык

АКШ президенти Дональд Трамп TikTok жана WeChat кызматтарына тыюу салуучу жарлыкка кол койду деген маалымат 7-августта пайда болду.

Бул маалыматты Factcheck.kg текшерип көрдү.

Google системасынан издөө салсак, жаңылык тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыкканына күбө болобуз. Алардын ичинде «Немец толкуну», «Азаттык», Vc.ru ж.б.

Ушул эле маалыматты анлгис тилинде издесек, тиешелүү макала Bloomberg, New York Times, Euronews, News.cn аттуу сайттарда 7-августта жарык көргөнүн биле алабыз.

Маалыматка ылайык,  6-августта Дональд Трамп ByteDance жана Tencent компаниялар менен байланышкан транзакцияларга бөгөт коюучу бир нече документтерге кол койгон. Жарлык 45 күндөн кийин күчүнө кирет. Бирок, TikTok платформасына ээлик кылган ByteDance компаниясы 15-сентябрга чейин америкалык бизнесин сатып жетишсе, аталган соцтармакка бөгөт коюлбайт.  Учурда соода-сатык тууралуу сүйлөшүүлөр  Microsoft  компаниясы менен жүргүзүлүүдө.

3- августта Microsoft TikTok соцтармагынын АКШ, Канада, Астралия жана Жаңы Зеландиядагы  бөлүгүн сатып алары тууралуу жарлык кылган.  Мындан тышкары, америкалык компания TikTok тармагынын Кытайдан тышкары бардык бөлүмдөрүн — бир гана АКШга караган эмес, Индия, Европага да тиешелүү бөлүгүн алат деп  Financial Times басылмасы 5 булакка таянып жазып чыккан. Ал эми ByteDance жана Microsoft бул тууралуу комментарий берүүдөн баш тарткан.

 

Мыйзам күчүнө кирген соң, америкалык каалаган резидент  же компания TikTok же  WeChat менен кызматташканы үчүн айып пул төлөөгө мажбур болот.

Трамп өзүнүн чечими тууралуу мындай деген: «Америкалыктардын жеке жашоосу жана жумушу тууралуу маалымат базасын чогулткан Кытай Коммунисттик партиясынын бул сервиси федералдык кызматкерлердин да кай жерде жүргөнү тууралуу маалымат алуусуна шарт түзөт. Алар тууралуу жеке маалымат чогултуп, опузалоого жол берет».

Трамптын бул чечими  TikTok өкүлдөрүн шок абалына калтырган:  «Биз маселени оңунан чечүү үчүн бийлик менен бир жылдан бери сүйлөшүү аракетин жүргүзүп келебиз. Бирок диалог болгон жок, анын ордуна администрация фактыларга көңүл бурбай, өз эрежелерин айтып туруп алды жана биздин жеке компаниялар менен сүйлөшүүлөрүбүзгө кийлигишти».

Жыйынтык: Чындык.  Дональд Трамп кытайлык эки платформага бөгөт коюучу жарлыкка кол койгон.  Мыйзам 45 күндөн кийин күчүнө кирет. Бирок, TikTok өзүнүн АКШдагы бизнесин америкалык компанияга 15-сентябрга чейин сатып жетишсе, анын иши улана бермекчи.