Саясий партиялардын эсебине каражат которулбай жаткандыгы чын  

Чет өлкөлүк жарандарыбыздын саясий партияларды колдоо максатында каражат которуу мүмкүнчүлүгүн БШК чектегендиги  тууралуу маалымат социалдык тармактарда пайда болду.

Колдонуучулар бул маалыматты текшерүү өтүнүчү менен factcheck.kg редакциясына кайрылды.

Редакциябыз БШКга кайрылып, учурда көйгөй чын эле бар экенин аныктады. БШКнын айтымында саясий партиялардын шайлоо фондунун эсебине түшкөн каражаттарды жана чыгымдарды көзөмөлдөөчү атайын топ түзүлгөн.

БШК юристтери банктар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мультивалюталык фонддорду ачуу маселесин талкуулап жатканын билдиришти.

Маселен, 6-агустта «Айыл банк» жана «РСК банк» менен онлайн жолугушуу болуп өткөн.

«Чет өлкөдө жашаган жарандарыбыздын укугу эч качан чектелбейт», – деп билдирди БШК өкүлү.

Мындан тышкары, каражат которууда, которгон тарап талап кылынган маалыматтын бардыгын көрсөтүүсү зарыл: аты-жөнү, паспорт тууралуу маалымат, саясий партиянын аты ж.б.

Жыйынтык: Чындык. БШК маселени чечүү үчүн банктар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.