«Акылбек Жапаровдун докторлук диссертациясы плагиат». Текшеребиз

17-январь күнү активист Адиль Турдукулов Твиттердеги баракчасында “Акылбек Жапаровдун илимий даражасы жасалма. УКМК бул жакка да көңүл буруп койсо болот” деген билдирүүнү бөлүшкөн. 

Кээ бир интернет колдонуучулары, Акылбек Жапаровдун доктордук диссертациясын жардамчысы жактаганын да жазып чыгышкан. 

"Акылбек Жапаровдун докторлук диссертациясы плагиат". Текшеребиз

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун докторлук диссертациясынын басымдуу  бөлүгү көчүрүлүп алынганы тууралуу маалымат 2018-жылы 11-сентябрда “Диссернет” сайтында жарыяланган.

"Акылбек Жапаровдун докторлук диссертациясы плагиат". Текшеребиз

Анда, Жапаровдун  2009-жылы жазылган “Кыргыз Республикасынын экономикасын модернизациялоо стратегиясы (акча-кредиттик жана фискалдык аспект) аттуу диссертациясындагы 234 барактын 122си башка булактардан алынганы белгиленген.

Башкача айтканда Акылбек Жапаровдун диссертациясынын 48%ы плагиат деп бүтүм чыгарышкан.

Анда, эң көп академик Мусакожоев Шайлобектин “Введение в экономику. Основы макроэкономики. Бизнес (микроэкономика)” аттуу эмгектеринен алынганы белгилүү болгон.

"Акылбек Жапаровдун докторлук диссертациясы плагиат". Текшеребиз
"Акылбек Жапаровдун докторлук диссертациясы плагиат". Текшеребиз
"Акылбек Жапаровдун докторлук диссертациясы плагиат". Текшеребиз

Эрежеге ылайык, илимий иштердеги плагиат же көчүрмөнүн 26%дан ашырууга уруксат берилбейт. Эгерде ушундай жагдай түзүлө турган болсо, комиссия дипломдук диссертацияны кабыл албайт.

Акылбек Жапаров “плагиат кылды” деген окуя боюнча маалыматты четке кагып, авторлордун бири экенин билдирген. Бирок, “Диссернеттин” окумуштуулары автордук укукка таянып, Акылбек Жапаровдун диссертациясы эл аралык деңгээлде плагиат экенин түшүндүрүшкөн. 

Бул окуялардан кийин, депутат Дастан Бекешев мамлекеттик кызматтагы бардык адамдардын дипломдорун текшерүү керектигин билдирген. 

“Диссернет” 200дөн ашык адамды илимий даражасынан ажыраткан 

Россиялык “Диссернет” порталы 2013-жылы түзүлгөн. Анда атайын ыктыярчылар илимпоздордун диссертацияларын плагиатка текшеришет. 

Бул портал иштеп баштагандан бери дүйнө жүзү боюнча 200гө жакын илимпоз илимий даражасынан ажыраган. Алардын арасында, Россиянын депутаттары  Ришат Абубакиров, Владимир Платонов сыяктуу адамдар да болгон. 

Башкача айтканда аталган сайт мамлекеттик болуп эсептелбесе да, изилдөөлөрү юридикалык күчкө ээ.

Белгилей кетсек, “Диссернет” порталы Кыргызстандагы Жапаровдон тышкары Бишкектин экс-вице-мэри Эркинбек Исаковдун, ИИМдин мурдагы орун басары Бактыбек Алымбеков жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Турдукан Жумабекованын илимий иштери да плагиат экенин белгилешкен.

Жыйынтык: “Диссернет” порталы Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровдун дипломдук ишинин плагиат экенин аныктап чыкканы чындык. 

Булак: pk.kg