Фактчек: 100 миң сомдук боорсоктун дайыны жок. Тендердеги мүчүлүштүк

Ош шаарында өткөрүлгөн иш-чарага мэрия 312 миң сом коротмокчу болгон. Бул каражат дасторконго жумшалмак. Тендерди эң аз баа, 180 миң сом сунуштаган компания жеңип чыккан. Бирок анын ичинен 100 миң сомунун дайыны жок. Окуянын чоо-жайын T-Медиа териштирди.  

4 -юнда Ош шаарында жаштардын инновациялык борбору ачылды. Ага министрлер кабинетинин Ош облусундагы өкүлү Жарасул Абдураимов, вице-мэрлер Эмил Шадыканов, Замир Юсупов жана шаардык кеңештин депутаттары катышкан.

Борбордун ачылышына кофе-брейк уюштуруу үчүн Ош шаардык мэриясынын жаштар иштери боюнча комитети 312 миң сомго сынак жарыялаган.

Деги эмне сатып алышты?

Бир жолку кофе-брейк үчүн Ош мэриясы төмөндөгүлөргө буюртма берген:

Тендерге катышкан төрт компания төмөнкүдөй кызмат акы сунуштаган.

  1. «Снайпер-ЛЮКС»  —  281 320 сом;
  2. «Спец сервис» — 275 420 сом;
  3. «Бай-Дос Альянс» — 271 910 сом;
  4. «Эр-Ас-компани» — 180 265 сом.

Жыйынтыгында эң төмөнкү кызмат акы сунуштаган «Эр-Ас-компани» фирмасы жеңүүчү аталган. Бул компания курулуш иштери менен алектенет.

Анын негиздөөчүсү  Таштанов Боронбек Кочкорович.

Сынак  31-майда жыйынтыкталып, кофе-брейк үч күндүн аралыгында уюштурулат деп көрсөтүлгөн. Ошентип, 4-июнда жаштардын инновациялык борборунун ачылышы болгон.

Боорсок сатып алууга 180 миң сом каралган. Ал эми тендерди жеңген компания 100 миң сом сураган.

Бирок, иш-чаранын катышуучулары дасторконго боорсок коюлбаганын биздин редакцияга ырасташты.

Ош мэриясы эмне дейт? 

Ош шаардык мэриясынын жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Иззатбек Берхмаматовдун айтымында, кофе-брейк үчүн ири сумма бөлүнгөн эмес. Ал тендерде көрсөтүлгөн сумманы техникалык ката деп билдирди жана тендер жокко чыгарыларын кошумчалады.

“35 миң сомго тендер берилген. Бирок порталга 350 миң сом деп кирип калган. Тендерге киргизип жатканда үтүр, ноль дегендери бар да. Ошол жерде бир эки нолдон ката кетип калган. Негизи кофе-брейкке бөлүнгөн акча уткан фирмага которула элек. Эми ал тендер кайра жокко чыгарылып, башынан өткөрөбүз”- деди Берхмаматов.

Ошол эле учурда ал тендерге бөлүнгөн каражат бир жолку кофе-брейк үчүн эмес, бир нече иш-чарага пландалганын айтат. Алардын ичинен жаштарга өткөрүлчү семинар-тренигдерге, форумдарга жана 1-июнь балдардын эл аралык күнүнө карата мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга сарпталарын кошумчалады.

Деген менен тендерди уткан «Эр-Ас-компани» фирмасынын жетекчиси Боронбек Таштанов менен Иззатбек Бермаматовдун айткандары эки башка болуп чыкты. Таштановдун айтымында, фирма инновациялык борбордун бир жолку кофе-брейкине 41 миң сом гана сарптаган. 

Мыйзам бузулду

Юрист, экономикалык серепчи Замир Пусуртегин тендер өткөрүүдө «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзам толугу менен бузулганын айтат. Ал Ош мэриясынын тендердин жыйынтыгы чыккандан кийин “адашып калдык” дегени туура эмес.

«Келишим түзүлүп,  жеңүүчү жарыялангандан кийин мэриянын адашып калуусу мүмкүн эмес. Адаштык деген бул аткаминердин шылтоосу эле. Эми тендерди кайра жокко чыгарабыз деп жатат. Бирок иш-чара өтүп кетти да. Кайра тендер өткөрсө башка компания утуп алышы мүмкүн. Эгерде азыр тендерди жокко чыгара турган болсо бул компания кофе-брейкти карызга кылып берди. Ал карызын мэриядан кантип өндүрөт. Бул дагы бир маселе»,- деди Замир Пусуртегин.

Жыйынтык: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдын 10-беренесинин 4-пункту, 21-берененин биринчи жана төртүнчү пункттары бузулду.

Булак: T media