ИЖАРА АКЫСЫН БУУ ТӨЛӨМӨК

АМИСОМ өлкөлөрү аскер күчтөрүн жыйыштырып жатышат, БУУ аларга сарпталган каражаттарын компенсация кылат.

АМИСОМ (англ. AMISOM, African Union Mission in Somalia) — БУУнун ырастоосу менен Африкалык Биримдиктин мандаты алдында жүргүзүлүп жаткан тынчтык орнотуучу аймактык миссия. Ал Сомалинин расмий өкмөтүнө жардам көрсөтүп, гуманитардык жүктү коргойт жана жоокерлерди машыктырып үйрөтөт. Бирок иш жүзүндө ал “Аль Каидага” ыкташып жаткан “Аш Шабаб” тобуна каршы аскер операциясы болуп эсептелет.

2012-жылы БУУ АМИСОМ миссиясына 12 тик учак убада кылган.  2014-жылдын 4-октябрында чыккан Алмазбек Атамбаевдин буйругунда БУУнун 22 -февралда кабыл алынган №2036 резолюциясы белгиленип жазылган.

Судантрибюн басылмасы: “АМИСОМ БУУну тйииштүү маселеге аз көңүл буруп жатат деп айыптаган.

АМИСОМдун  Аль-Шабаба менен күрөшүүгө аймактык аскер күчтөрүнүн алы жетпей жатат жана БУУдан авиация жагынан колдоо жок болуп жатат деп билдирген”.

Басылмада жазылгандай, АМИСОМ өлкөлөрү БУУдан тик учактарды талап кылып жатат жана координациянын жоктугуна, каражаттын жетишсиздигине арызданышууда.

Жыйынтыгында, АМИСОМ өлкөлөрү аскер күчтөрүн жыйыштырып, ал эми БУУ алар тараптан сарпталган каражатты компенсация кылат.

Уганда Сомалиге төрт тик учак жөнөткөн (алардын бирөөсү МИ17 – жакшыртылган МИ8, жана үч МИ24). Бирок түшүнүксүз жагдайлардан улам, 3 МИ-24 тик учактары аварияга учурап жерге кулап түшкөн.

Биз буга чейинки макалада белгилегендей, кыргызстандык эки МИ8, жана эки МИ-24 тик учактары ижарага берилмек. Дагы бир күмөн жаратуучу жагдай, жерге кулап түшкөн тик учактарынын борт номурлары AF – 803 жана AF – 808 болгон. Кыргызстандын Ми 24 тик учактарынын борт номурлары  AF – 848 жана AF – 849.

“Азаттыктын” кабарчысы Уланбек Эгизбаев соцтармакка киргизген келишимдин ксерокөчүрмөсүндө келтирилген маалыматтарга караганда бул келишимден АМИСОМ аскер күчтөрүнүн компоненттеринин бир бөлүгүн Уганда аркылуу алып келүү тууралуу сөз жүрүп жатканын аңдаса болот. Буга ылайык, БУУ сарпталган каражаттарды компенсация кылуусу керек.

БҮТҮМ:

– ИЖАРА АКЫСЫ УГАНДАГА БИРИККЕН УЛУТТАР УЮМУ ТАРАБЫНАН КОМПЕНСАЦИЯЛАНМАК.

– УГАНДА ӨЗДӨРҮНҮКҮН ЭМЕС, БУУ ТАРАБЫНАН ИЖАРАГА АЛЫНГАН ТИК УЧАКТАРДЫ ЖИБЕРҮҮНҮ ОҢ КӨРГӨН.