“Коррупциянын вакцинасы”: Премьер-министр Акылбек Жапаров менен экс-премьер-министр Игорь Чудиновдун шектүү иштери

“Коррупция деген оору экен, биз анын вакцинасын ойлоп таап жатабыз”, — бул сөздү 2021-жылдын 6-октябрында Жогорку Кеңештин жыйынында ошол кездеги финансы министри Акылбек Жапаров айткан эле. Андан бир жума өтпөй Акылбек Жапаров премьер-министрликке көтөрүлдү. 2021-жылдын 13-октябрынан бери Кыргыз Өкмөтүн жетектеп келе жатат.

“ПолитКлиниканын” журналисттери бул иликтөөсүндө Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өзү айтып жаткан “Коррупция” деген оору менен ооруйбу текшерип көрүүнү чечти. Иликтөөчүлөр аткаминердин туугандары айыл-чарба багытындагы жерлерин жаңы конуш категориясына трансформация кылып алышканын, бул схемаларда Жапаровдун туугандарына мурунку премьер-министр Игорь Чудинов жардам бергенин аныктап чыкты. Игорь Чудинов бул жер тилкелерин гана трансформациялап тим болбостон, кесиптешинин туугандарынын кызыкчылыгында дагы бир канча буйруктарга кол койгон.

“ПолитКлиниканын” колуна Бишкектин түштүк-чыгыш тарабындагы 28 гектар  жер Чудиновдун буйругу менен трансформациядан өткөнү тууралуу кызыктуу документтер келип тийди. Ага ылайык, ал жер тилкелеринин 18 гектары Акылбек Жапаровдун апасы Бегайым Саринжиевага жана 10 гектары Акылбек Жапаровдун жубайы Анара Жапарованын эжеси Зуурабүбү Осмоновага таандык болгон.

Бул жерлер трансформациядан өткөн учурда  Акылбек Жапаров өзү экономика жана соода министри болуп турган.

“Коррупциянын вакцинасы”: Премьер-министр Акылбек Жапаров менен экс-премьер-министр Игорь Чудиновдун шектүү иштери
Акылбек Жапаровдун апасы Бегайым Саринжиева

Карапайым калк 4 сотых жерге жетпей жатканда, аткаминерлердин туугандары гектарлап жер алышат

Сокулук районунун жашоочусу Шааркүл Сапалова 12 жылдан бери 4 сотых жер ала албай чуркап жүрөт. 2009-жылы ал Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүнө жер тилкесин алуу үчүн кезекке туруп, арыз менен кайрылган.

«40 жылдан бери мугалим болуп иштейм. Беш балам бар. Аларга 12 жылдан бери жер ала албай келе жатам. Андан бери акчасы көптөр алып эле жатышат. Бизге эмнегедир беришкен жок. Келиним эки баласын калтырып, баламдан кетип калды, себеби, баламдын үйү жок болчу. Өзүмдүн көзүм көрбөйт. Балдарды өзүм карап отурам”, — дейт Шааркүл Сапалова.

Ошону менен катар эле, ал 2009-жылдан бери жер тилкелерин колунда бар, таасирдүү адамдар алып эле келе жатканын айтып Алтын-Ордо, Тынчтык жана Семетей конуштарынан мисалдарды келтирип берди.

«Колунда бар адамдар жер алып алышканын уктум. Эмнегедир, бизге окшогон карапайым адамдар ала алышпайт. 40 жыл иштеген мугалимдерди баалабай жатышкандары өкүндүрөт”, — дейт Сапалова.

Сапаловага окшоп жер тилкесин алып каламбы деген үмүт менен кезегин күткөндөр көп. Бишкек шаардык мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын маалыматына караганда, Бишкектин төрт району боюнча 6733 адам кезегин күтүп турат. “2007-жылдан бери жер тилкелери жок болгондуктан, аларды берүү мүмкүн болбой жатат”, — деп жазылат Жер ресурстар башкармалыгынын бизге берген билдирүүсүндө. Ошол эле учурда аткаминерлердин туугандары шаардын майлуу-сүттүү жерлеринен, болгондо дагы гектарлап жерлерди алышат.

Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүндөгү жер тилкелер тоого жакын болгондуктан, кымбат жерлер болуп саналат. Көк-Жар айылына жакын Айкөл жаңы конушу кымбат районго кирет. Бул жерлерде 4 сотых жер 40 миң доллардан жогору турат, салынган үйлөр болсо хансарайлардан кем эмес.

Бул жаңы конуштун жалпы аянты 28 гектарды түзөт. 2009-жылга чейин бул жер айыл-чарба багытындагы жер болчу. Бирок ошол жылы ал кездеги премьер-министр Игорь Чудинов токтомго кол коюп, Аламүдүн районунун Көк-Жар айылындагы Бегайым Саринжиеванын 18 гектар жерин, Зуурабүбү Осмонованын 10,1 гектар жерин айыл-чарба категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына алмаштырып берген.

Мурунку премьер-министр Игорь Чудиновдун токтому

“ПолитКлиника” Бегайым Саринжиева Акылбек Жапаровдун апасы экенин, ал эми Осмонова Зуурабүбү Акылбек Жапаровдун аялы Анара Жапарованын эжеси экенин аныктады.

Сапалова сыяктуу карапайым адамдар 4 сотых жер ала албай жүргөндө, 28,1 гектар жерди алышы канчалык реалдуу?

«ПолитКлиника» жердин категориясы кандай себептен улам алмаштырылганын аныктай алган жок, бирок Чудиновдун буйругунда, “жер ресурстарын эффективдүү колдонуу максатында” деп жазылган. Саринжиева менен Осмонова транформация болгонго чейин ал жерди кантип алышканы белгисиз — балким сатып алдыбы, бекер алдыбы, же дагы башка жол менен алдыбы?

Бегайым Саринжиева менен Зуурабүбү Осмоновага жазылган бул жерлер майда жер тилкелерине бөлүнүп, Акылбек Жапаровдун жакын адамдары тарабынан сатылган. 2011-жылдагы баа менен, 4 сотых жер тилкеси 7 миң доллардан кем эмес баага сатылган. Эгерде бир жер тилкесинин орточо аянты 4 сотых деп эсептесек, 28 гектар 700 жер тилкесине айланмак. Ошол кездеги баа менен эсептеп көрсөк, бул жер тилкелердин жалпы баасы 5 млн долларды түзмөк. Бирок бул 28 гектар жер тилкесин ар кандай аянттагы 364 жер тилкесине бөлүшкөн.

“Коррупциянын вакцинасы”: Премьер-министр Акылбек Жапаров менен экс-премьер-министр Игорь Чудиновдун шектүү иштери
Айкөл конушу

Бегайым Саринжиеванын ишеним каты менен Эльдар Алишеров бул жер тилкелерин саткан. Эльдар Алишеров — Акылбек Жапаровдун күйөө баласы. Тагыраагы, Акылбек Жапаровдун бир тууганы Талант Калчаевдин күйөө баласы.

Мындан сырткары, ар бир жер тилкесинин ээсинен Алишеров жана Жапаровдун башка адамдары  “Көк-Жар Суу” ишканасы аркылуу суу чыгарып беребиз деп 1000 доллардан чогултушкан. Бирок ушул күнгө чейин ал суу көйгөйү чечилбей келет.

«Алар [Жапаровдун адамдары] “Көк-Жар Суу” ЖЧКсын ачышты, негиздөөчүсү Ботобаев Чыңгыз, башында директору Акылбек Жапаровдун жардамчысы Сайпидинов Нурсултан болгон. “Көк-Жар Суу” скважинаны биздин акчабызга курган, бирок кийинчерээк ал скважинага кошуна  конушту дагы кошуп салышты. Көрсө, алардан дагы 1000-1500 доллардан чогултуп алышкан экен. Эми суунун баары ошол жакка кетип калып жатат. Эки жылдан бери биз алар менен суунун артынан урушуп келе жатабыз”, — дейт “Айкөл” конушунун жашоочуларынын бири Самат Мадиев “ПолитКлиникага” берген маегинде.

Суунун айынан 2020-жылы кошуна конуштун жашоочулары менен мушташып, ал атышуу менен аяктаганын, эки адам ооруканага түшкөнүн дагы кошумчалады.

Конуштун тургундары Акылбек Жапаровго бир канча ирет кайрылышкан. Ушул эле көйгөйдү чечип берүүнү суранып президентке дагы кайрылышкан, бирок эч кандай жооп ала алышкан эмес.

Айкөл конушунун тургуну Чынара Жапаркулова дагы 2011-жылы 7 миң долларга Эльдар Алишеровдон жер сатып алган. Жер тилкесине төлөгөндөн сырткары дагы сууга, жолго, электр жарыгына деп 500 доллар берген. Бирок ушул күнгө чейин ал убадалар аткарылган эмес.

«Биз жерди [Акылбека Жапаровдун] күйөө баласы Эльдардан алганбыз. Келишим боюнча, алар бизди суу, электр жарыгы, жол менен камсыз кылмак. Кала берсе тил кат дагы жазып беришкен. Жыйынтыгында эч нерсе жасап беришкен жок, тескерисинче, балдар аянтчасына деген жерди дагы сатып жибере жаздаганда араң алып калдык», — дейт Жапаркулова.

Айкөл конушунун дагы бир тургуну Илим Тургуналиев 2011-жылы Эльдар Алишеровдон жер тилкесин сатып алган. Алишеров ага дагы бардык коммуникацияларын чечип беребиз деп тил кат жазып бергенин айтат.

«Алишеров мага суу чыгарып беребиз, жол салып беребиз деп тил кат жазып берген. Ошондон бери 2014-2015-жылдарда гана суу чыкты. Светти болсо ошол жылдын күзүндө араң беришти. Алар эч нерсе жасап берген жок. Биз өзүбүз жасадык ошонун баарын”, — дейт Тургуналиев.

“Коррупциянын вакцинасы”: Премьер-министр Акылбек Жапаров менен экс-премьер-министр Игорь Чудиновдун шектүү иштери #59879
“Коррупциянын вакцинасы”: Премьер-министр Акылбек Жапаров менен экс-премьер-министр Игорь Чудиновдун шектүү иштери #59881
“Коррупциянын вакцинасы”: Премьер-министр Акылбек Жапаров менен экс-премьер-министр Игорь Чудиновдун шектүү иштери #59880
“Коррупциянын вакцинасы”: Премьер-министр Акылбек Жапаров менен экс-премьер-министр Игорь Чудиновдун шектүү иштери #59878
Эльдар Алишеровго телефон чалганыбызда, алып жооп берди. Ал Акылбек Жапаров менен Бегайым Саринжиеванын тууганы, тагыраагы, күйөө баласы экенин танган жок. Анын айтымында, Айкөл конушундагы жерлерди сатканга жардам берген.

Ал «ПолитКлиниканын» журналисттерине жолугуп, кенен түшүндүрүп берүүнү сунуштады, ал үчүн суроолорубузду жиберишибиз керек эле. Суроолорду алгандан кийин бизге жооп берген жок.

Зуурабүбү Осмонова болсо жер тилкелерин кандайча алып калганын айтып берүүдөн баш тартты. Кыска телефондук чалууда ал “Алганда ала бересиң да [жерди], акчаң болсо ала бересиң да. Анын эмнеси бар?”, — деп кыска жооп берип эле телефонду коюп салды. Кайра байланышканыбызда албай койду.

“Коррупциянын вакцинасы”: Премьер-министр Акылбек Жапаров менен экс-премьер-министр Игорь Чудиновдун шектүү иштери

Төлөнбөгөн ссудалар жана мыйзамдардагы лобби

“Машина сыноочу станция” (МИС) акционердик коому — бул Кант шаарында жайгашкан 14,79 гектар жери жана 30дан ашык имараты бар ишкана.

Азыркы учурда ишкана өзүнүн имараттарын ижарага берет. Бул жерлер имарат курулган гана жерлер, андан сырткары МИСте айыл-чарба багытындагы жерлери дагы бар. Бирок журналисттер бул иликтөөнүн жүрүшүндө анын аянтын аныктай алышкан жок.

МИСтин тарыхы

«Азыр болсо бир гана ферма калган. Сүт өндүрөт. Жапаров ээлик кылат деп айтышат, аялы келип турат. МИСтеги жабдыктарды болсо сата алышпайт экен, кимдир бирөөгө карыз болушса керек, балким мамлекетке”, — дейт атын жашыруун калтыргысы келген МИСтин арендатору.

Баягы эле Игорь Чудиновдун буйругу менен ссуда бере электен мурда анын кайненеси Тамара Шандецкая МИС ААКсынын акцияларынын 24%ын “Бишкекстроймонтаж” компаниясынан сатып алганын УКМК кабарлаган. Бул келишимдин суммасы канча болгону белгисиз.

Ошону менен катар эле, Акылбек Жапаровдун жубайы Анара Жапарова дагы акцияларга ээ болгон. 2017-жылга карата УКМКнын маалыматы боюнча, Акылбек Жапаровго караштуу адамдар МИС ААКсынын 95% акцияларына ээлик кылып турган.

Анонимдүү булак аркылуу түшкөн документтерге таянсак, Акылбек Жапаровдун жубайы Анара Жапарова, Анара Жапарованын туугандары Чолпон Абдрахманова жана Мариван Абдрахмановалар, анан дагы биз туугандык байланышын иликтөөнүн журүшүндө аныктай албаган Асанбек уулу Адилет акцияларга ээлик кылган. Бул маалыматты башка булактардан тактоого мүмкүн болгон жок.

Мамлекеттик финансылык көзөмөлдүн 2021-жылдын 10-мартына карата маалыматы боюнча, МИСтин 98,3% акциясы Eurasia Capital Limited компаниясына тийиштүү. 

Чудинов менен Жапаровду дагы эмне байланыштырат?

“Коррупциянын вакцинасы”: Премьер-министр Акылбек Жапаров менен экс-премьер-министр Игорь Чудиновдун шектүү иштери

Буга чейинки “Мальта, оффшор жана 4 жылдыздуу мейманкана: Булар менен экономика министри Акылбек Жапаровдун байланышы” иликтөөбүздө “Дамас” мейманканасына ээлик кылган “Глобалико Холдингс лимитед” компаниясы, МИС ААКсынын 98% акциясына ээлик кылган “Евразия кэпитал лимитед” жана “Альфа Троникс лимитед” компаниялары оффшордук аймак болуп саналган Мальтага катталган.

Бул компаниялардын баары бир дарекке катталган жана баарына мальталык дагы бир компания “Перфин сервис лимитед” ээлик кылат. Бул компаниялардын Кыргызстандагы филиалдарынын баарын Акылбек Жапаровдун адамдары башкарат. Ачык булактардан биз “Перфин сервис лимитед” Мальтага компанияларды каттап, салыктарды оптимизациялоого жардам берген кызмат көрсөтөрүн билдик.

“Коррупциянын вакцинасы”: Премьер-министр Акылбек Жапаров менен экс-премьер-министр Игорь Чудиновдун шектүү иштери
Мальтадагы оффшордук компаниялардын Акылбек Жапаров менен байланышы

2009-жылдын 17-июлунда ал кездеги премьер-министр Игорь Чудиновдун буйругу менен МИСке 200 млн сом ссуда берилген. Бул ссуда дан тармагын өнүктүрүүгө багытталганы жазылган, тагыраагы, “дан тазалоо заводун реконструкциялоого жана кант кызылчасынын уругун өстүрүүгө” деп жазылган.

Чудиновдун  200 млн сом ссуда бөлүп берүү тууралуу ошол эле буйругунда насыянын бир жылдык үстөгү 8%, төлөп бүтүү мөөнөтү 4 жыл, тагыраагы 2013-жыл деп көрсөтүлгөн.

Бул шарттар менен МИС 200 млн сомду 8% жылдык үстөгү менен — жалпы 264 млн сом кайтарып бериши керек эле. Бирок МИС бул насыяны өз убагында кайтарган эмес.

2017-жылдын 29-майындагы УКМКнын пресс-релизиндеги маалыматына ылайык, комитеттин Коррупцияга каршы кызматы “Коррупция” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Кылмыш ишинин версиясы боюнча, МИСке 2009-жылы 200 млн сом ссуданын берилиши мыйзамсыз болгону жазылат.

Аны менен катар эле укук коргоо органдары 2012 жана 2015-жылдары насыя мыйзамсыз пролонгация болуп, эки жолу узартылганын дагы белгилешкен.

2011-жылдын жыйынтыгы боюнча МИС ААКсынын 207,5 млн сом карызы бар болчу, анын 192,6 млн сому негизги сумма, калганы пайыздар менен айыптык санкциялар болгон.

2017-жылдын 1-мартына карата УКМКнын берген маалыматына караганда, МИС ААКсынын карызы 237,8 млн сом болгон.

Финансы министрлигинин 2021-жылдын 15-мартына карата берген маалыматына караганда, МИС ААКсы 200 млн сом негизги сумманы төлөгөн, калган карызы 127,1 млн сом болгон.

Ошону менен бирге эле Минфин “ПолитКлиниканын” катына берген жообунда Чүй облустук сотунун жарандык жана экономикалык маселелер боюнча соттук коллегиясы 2020-жылдын 17-сентябрында МИСтен 29 млн сом өндүрүү чечимин кабыл алган. Калган сумманы өндүрүү боюнча соттук териштирүү жүрүп жатканын айткан.

2021-жылдын 30-декабрында сот карызды өз каалоосу менен төлөө боюнча келишимге кол коюлганын билдирген. Минфин болсо калган сумманы өндүрүү боюнча соттук териштирүү жүрүп жатканын айткан. Журналисттердин берген катына карыз эмне себептен өндүрүлүп жатканы жазылган эмес. Бул эмне үчүн кызык? Анткени МИС ААКсы айыптардан жана пенялардан бошотула тургандай мыйзамга өзгөртүүлөр дагы кирип кеткен.

«ПолитКлиника» “Кыргыз Республикасынын 2021-жылга карата республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга карата прогнозу” жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 12-беренесинин 2-пунктуна, бюджеттен алган карыз, насыялардын негизги суммасын 2021-жылдын 31-декабрына чейин төлөгөн юридикалык тараптар, айыптардан, пенялардан жана финансылык санкциялардан бошотулат” деген өзгөртүү киргизилгенин аныктады.

Бул — эгер МИС негизги карызын жапкан болсо, айып, пеняларды төлөөдөн кутулат дегенди түшүндүрөт.

Журналисттер мындай өзгөртүүлөрдү ким киргизиши мүмкүн деп кызыгып көрүштү. Көрсө, ал өзгөртүү боюнча сунушту ошол кездеги ЖК депутаты Акылбек Жапаров менен анын мурунку жардамчысы Марлен Маматалиев киргизген экен. Бул өзгөртүүлөр 2020-жылдын 31-декабрында күчүнө кирген.

“Коррупциянын вакцинасы”: Премьер-министр Акылбек Жапаров менен экс-премьер-министр Игорь Чудиновдун шектүү иштери
Акылбек Жапаров менен Марлен Маматалиевдин каты

Бул боюнча биз Марлен Маматалиевден комментарий алуу үчүн кайрылганыбызда, ал башка мыйзам менен чаташтырып кол коюп алганын, кийин кат жазып, ал сунуштан баш тартканын айтты.

«… Башка бир мыйзам, бирок ушуга тиешеси бар. Биз көрүп атабыз канча жылдан бери кредиттерди, ссудаларды алат дагы, же болбосо бюджеттен тийиштүү лизинг сыяктуу ар кандай акчаларды алат дагы бирок кайтарбай коюп жүрөт. Мен мыйзам киргизгем, ошол чиновниктин болобу, ким болот ошолор сөзсүз түрдө кайтарылсын деген. Тилекке каршы, андай норма жазылбай калган экен. Ошол убактарда буга эмес, башка бюджет кодексин кабыл алып атканда Акылбек Жапаров ошондо депутат кезинде сунуш берет. Сунуш бергенде мен  өзүмдүн да мыйзамым келе аткан учур болчу, сунуш берип атыптыр деп “соавторствого” кошулгам. Кийин карап көрсөм ал такыр башка мыйзамга байланыштуу экендигин көрүп, мен сунушумду кайтарып алгам», — дейт Марлен Маматалиев “ПолитКлиникага” берген маегинде.

Башка өлкөлөрдө Лобби боюнча мыйзамдар бар, эгерде чиновник же депутат өзүнүн кызыкчылыгындагы мыйзам долбоорлорун сунуштап өткөрсө, же өзүнүн компанияларын мамлекеттик сатып алууларга киргизсе анда ал ушул мыйзамдын алкагында жоопко тартылат. Биздин мамлекетте дагы дал ушундай багыттагы мыйзам долбоорун иштеп чыгуу демилгеси айтылганы менен ал ишке аша элек.

Экс-баш прокурор Аида Салянова Лобби тууралуу мыйзам долбоорун иштеп баштап, бирок жетишпегенин, бул мыйзам коррупцияны жоюу үчун керектүү мыйзам долбоору экенин айтып берди.

«Тилекке каршы, кийин ушул мыйзам, баягы, аягына чыгарылбай калды. Эмнеге дегенде, мен өзүм депутат болбой калдым. Жалпы эле мамлекеттик кызмат боюнча, ушул муниципалдык кызмат боюнча, особенно депутаттар тууралуу негизи ушундай мыйзам керек да. Анткени эң маанилүү чечимдер каякта кабыл алынып аткан болсо, жеке кызыкчылык болбош керек да”, — дейт экс-баш прокурор.

МИСтин адвокаты Виталий Устриков компаниянын учурда мамлекетке карызы жок деп айтты, бирок компания качан, канча сумма төлөгөнүн айткан жок.

Өзүңөр карап көрсөңөр, 10 жыл мурда болгон иш болсо, ооба, проценттерин дагы төлөгөнбүз, төлөгөндүгүбүз тууралуу документтер азыр жок, эгер биз проценттерин төлөбөгөн болсок, бизде башкача кырдаал болмок. Төлөгөнбүз да”, — дейт адвокат.

Ошол эле учурда документтер жоголуп кеткенин белгилейт.

Жок, ал жакта айрым маалыматтар кайсы бир убакытка чейин эле сакталат да. Беш жылбы, үч жылбы. Андан кийин жок кылынат. Текшерүү акты жүргүзүлөт, анан жок кылынат”, — деп кошумчалайт ал.

Пролонгация боюнча сураганыбызда юрист МИС дайыма алынган сумманы кайтарганга даяр болгонун, бирок Минфин өзү төлөө мөөнөтүн узартып салганын, бул насыя бергенден мамлекет гана утканын айтат.

Журналисттер Минфинден 2009-жылы дагы канча компания ссуда алганын сурады. Бирок эки катыбызга жооп бергенден кийин Минфин суроолорубузга жооп бербей койду. Телефондо сүйлөшкөндө башка компания мындай багыттагы насыя албаганын билдиришти.

“ПолитКлиниканын” журналисттери Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана мурдагы премьер-министр Игорь Чудинов менен байланышканга бир канча жолу аракет кылышты. Суроолорубуз жетип, окушканы менен алардан комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Булак: ПолитКлиника