МЕДИАСЫН: JANYRYK.org редакциясынын “Азаттыкты” иликтөөдөгү мүчүлүштүктөрү

«Атамбаевге сатылган “Азаттыктын” журналисти Атамбаевдин партиялашы болуп чыкты» аттуу макала 7-июнда JANYRYK.org сайтында жарык көргөн.

Макаланын аты да, мазмуну да Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргызстан журналистинин Этикалык кодексинин талаптарына жооп бербейт.

Алгач макаланын аты чындыкка дал келеби деген суроого жооп издесек. «Азаттык үналгысынын» журналисти Али Токтакуновду Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын мүчөсү (КСДП) катары көрсөткөн ырастоо макаланын атында да, мазмунунда да, 2-3 ирээт кайталанат. Бирок ал ырастоолорго
макаланын мазмунунда автор тарабынан бир да далил келтирилген эмес. Мындан тышкары, расмий КСДПдан же журналисттик материалдын башкы каарманы болгон тарап, “Азаттык” үналгысынын журналисти Токтакуновдон же Азаттыктын жетекчилигинен расмий маалымат/пикир берилген эмес.

«Азаттык үналгысынын»  расмий сайтында, «Биз тууралуу» аттуу бөлүмдө журналисттерге коюлган талаптар көрсөтүлгөн. Алар мындай баяндалат:

« ”Азаттык” ар кандай саясий партиядан, бийликтеги же оппозициядагы бирикмеден, бозгундагы уюмдан, соода-сатык менен алектенген же башка өзгөчө кызыкчылыкка жетеленген уюмдан, же болбосо диний жамааттан, – бул саналып өткөндөр ”Азаттыктын” үналгы же сыналгы берүүлөрүн багыттаган өлкөлөр тобунун ички аймагында же алардан сырткаркы жактарда жайгашканына карабастан (“Берүү аймагы”), көз каранды эмес болууга тийиш жана эч бир өзгөчөлөнгөн саясий, экономикалык, же диний көз карашты колдоп, ага үндөбөөгө тийиш.»

 

Медиасынга кабылган JANYRYK.org сайтынын материалында журналисттик иликтөө жүргүзүү аракети байкалат. Бирок, тилекке каршы, материалда көрсөтүлгөн жагдайларга расмий далилдер же шилтемелер берилген эмес.

«Иликтөө кылган журналист тарабынан атайын жашырып айтпай койгон “Терек-Сай жаштары” жоопкерчилиги чектелген коому жөнүндө кызыгып, ал тууралуу тийиштүү документтерди биз дагы колубузга алдык.» – деп жазылган макалада.

Редакцияда же макаланын авторунда «Терек-Сай жаштары» ЖЧКсына таандык кандай документтер бар?

Бул юридикалык жак боюнча юстиция министрлигинин же салык инспекиясынын маалыматтарына шилтеме берилген эмес. Мисалы, юстиция министрлигинин расмий маалымат базасында «Терек-Сай жаштары» ЖЧКсынын ордуна «Терексай Жаштары» ЖЧКсы бар.

Белгилей кетчү жагдай, журналист Али Токтакунов, Кыргыз Республикасынын (КР) «Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө» мыйзамынынын 9-беренесине ылайык, өзүнүн кесиптик иликтөөсүнүн натыйжаларын массалык маалымат каражаттарында жайылтууга укуктуу. Канчалык көлөмдө, кандай форматта иликтөөнү даярдаары жана жайылтары –  бул журналисттин өз эрки. Эң башкысы – КРнын мыйзамдарын бузбоо жана Этикалык кодекстин беренелерин кармануу.

Материалда бул компания тууралуу «Журналист унутуп калдыбы же атайын айтпай койдубу деп эч ким дагы кызыккан жок.» – деп айыптоодон мурда, бул суроого Токтакуновдун пикирин же жообун алыш керек болчу. Макалада  JANYRYK.org  сайтынын журналисттери кесиптеши Али Токтакуновго кайрылгандыгы тууралуу маалымат жок.

 

Каршылаш тараптардын, анын ичинде журналисттин сынына кабылган адамдардын пикирлеринин тең салмакта берилиши шарт. Кыргызстан журналистинин Этикалык кодекси, 17-берене. 

 

Медиасынга кабылган материалда «ушак тараткан журналист Али Токтакунов», «кадыр-баркы бар “Азаттыктын” атына шек келтирип жатат», «Али Токтакунов журналисттик иликтөө кылдым деп, Эдил Байсаловдун материалдарын уялбай эле уурдап, аны бурмалап салган», «“Райым миллион” деген каймана аты бар бул Матраимовго “Азаттыктын” каралоосу бат эле жабышып калды», «“Азаттык” бул жолу калыстыктан тайып, ачык эле каралоо менен алектенди» деген ырастоолордун- бир нече ирээт жазылышы илимий тилде «кайталоо» аттуу эң натыйжалуу манипуляция болуп саналат.

Социолог, социалдык психолог Виктор Сороченко “Пропаганда ыкмаларынын энциклопедиясы” аттуу ишинде пропаганданын эң натыйжалуу жолу – бул бир эле ырастоону талыкпастан кайталоо  деп билдирген. Бир эле нерсени улам-улам кайталоонун эсебинен адамдар өз билим-деңгээлине таянбастан, механикалык негизде эске тутуп кала турган ырастоолорго көбүрөөк ишенип калат.

 

«“Терек-Сай жаштары” компаниясы Алтынбек Сулайманов, Исхак Пирматов жана Улан Рыскулов тарабынан ар кандай ири долбоорлорго катышууга жана миллиондогон акча каражаттарын “адалдап” алуу максатында түзүлгөн» – деген ырастоо да макалада эч кандай далил менен бекемделген эмес.

«Убагында бул ишкана аркылуу миллиондогон акча каражаттарын чыгарып турган Алтынбек Сулайманов, Исхак Пирматов, Улан Рыскуловдордун үстүнөн Алмазбек Атамбаев өзүнүн жакын адамы Икрам Илмиянов аркылуу көзөмөл кылып турган.» деген маалымат боюнча да макалада далилдер жок. Мындан тышкары,  «миллиондогон акча каражаттары» кантип пайда болгону жана кайда чыгарылганы тууралуу макалада кош мааниде жазылган.

Бул төртөө чын эле абдан жакын адамдар экенин “Фейсбук” социалдык баракчасы аркылуу дагы текшерип көрдүк. Аты аталган адамдар Токтосун Туманбаевдин “Фейсбуктагы” достору болуп чыкты.”- деген ырастоону, бир гана фейсбук социалдык тармактагы «достук» менен далилдеш чындык болбой калышы мумкун, себеби ар кандай социалдык тармактарда дуйнонун ар кайсы бурчунда жашаган адамдар дос болуп, реалдуу жашоодо тааныш же  дос эмес, же болбосо бир чогуу иш алып барбаганболушу мүмүун. ОАндыктан, кайсы бир саясатчы кайсы бир жеке компанияга тиешеси же кызыкчылыгы бар болгону тагыраак далилдениши керек..

Азыркы тапта Кыргызстанда «журналисттик иликтөө», «фактчек» жанрлары жаныдан күч алды. Аталган жанрлар журналисттик чөйрөдө актуалдуу болуп, коомчулуктун  кызыгуусун жаратты жана колдоосуна ээ болду. Ошол эле кезде, журналисттик материалдарды даярдоодо, айрыкча “журналисттик иликтөө”, “фактчек” жанрындагы материалдарды даярдап, коомчулуука тартуулоодо мүчүлүштүктөр болбой койбойт. Материалдар өлкөнүн мыйзамдарын, Кыргызстан журналистинин Этикалык кодекстерин бузбоого тийиш жана эл аралык стандарттарга жооп берүүсү шарт.

JANYRYK.org  сайтынын «Атамбаевге сатылган “Азаттыктын” журналисти Атамбаевдин партиялашы болуп чыкты» макаласы, КРнын «Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө» мыйзамынынын 6-8 беренелеринин талаптарына жооп бербейт.

Кыргызстан журналистеринин Этикалык кодексинин 4,10 – беренелеринде төмөнкү талаптар коюлганын дагы бир ирет белгилей кетсек:

– Журналисттин жеке кызыкчылыгы анын кесиптик ишмердигине таасирин тийгизбеши шарт. 

– Фактылар, божомолдор жана пикирлер бири-биринен даана ажыратылуусу зарыл.