«Тез кабар» сайтына МЕДИАСЫН: кеңири манипуляция жана кесиптик этиканын бузулушу

15 январда tezkabar.org сайтында «Искандаров Курбанбай, куулугу мунун кумгандай…» деген аталыштагы макала жарык көрдү.

Макалада өкмөттүн чек ара маселеси боюнча мурдагы өкүлү, өкмөттүн чек ара аймактарды өнүктүрүү жана чек араны делимитациялоо боюнча бөлүмүнүн мурдагы башчысы Искандаров Курбанбай тууралуу  кеп козголгон.

 

Макалада манипуляциянын бир нече ыкмалары колдонулган. 

Мындан тышкары, ысымы белгисиз автор Кыргызстан журналистинин этикалык кодексинин бир нече беренелеринин бузулушуна жол берген. 

Баштема

Баштема “куулугу мунун кумгандай”  деген сөздөр менен коштолуп, макала каарманына дароо тескери мүнөздөмө берет. Бул манипуляциянын “Көө жабуу” ыкмасы деп аталат. 

 «Көө жабуу», «тамга басуу» (навешивание ярлыков) ыкмалары аудиторияга каарман тууралуу белгилүү бир мүнөздөмөнү алдын ала берип, окурманды өз алдынча чечим чыгаруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат.  Булак- Коул, 1998,  210-312 – беттер.    

Навешивание ярлыков заставляет аудиторию мыслить размытыми категориями, а не пытаться выделить особые характеристики объекта самостоятельно. 

Мындан тышкары, макалада каарманды “мүнөздөөчү” төмөнкү сүйлөмдөр колдонулат: 

“өздөн чыккан жат жаман”, 

“Дипломатия дегендин “д” тамгасын түшүнбөгөн Курбанбай аке”, 

“түз эле мурду менен тийе берип”, 

“кызматтын кумарына азгырылып”, 

“эшектин тушоосун чечкен эмес” ж.б. 

башкача айтканда автор бир нече жолу “слоган” ыкмасына кайрылат.

“Слоган” – окурмандын эмоциясына багытталган, стереотиптүү, тамга басуучу кыска, таамай сөз. 

Слоган – короткая, меткая фраза, часто включающая в себя стереотипы и ярлыки, и действующая как эмоциональный призыв. Источник – Коул, 1998, стр. 210-312.

Анонимдүү, “ишенимдүү” булакка таянган автор макалада бир нече жолу такталбаган маалыматты жазат:

Баткендеги пикир келишпестиктерди козутуп “май чачып” күчөтүүнү каалагандардын башында Курбанбай Искандаров турат”, 

“мени ушинтип талаага таштап койосуңарбы” деп догурунуп аларды козутуп жаткандагы кербези экен”,

“бүтүндөй Баткен элинин тагдыры менен ойноп жатат”. 

Эскерте кетсек, фактылар, божомолдор жана пикирлер бири-биринен даана ажыратылуусу зарыл. Кыргызстан журналистинин Этикалык кодекси, 10-берене. 

Мындан тышкары, макалада журналисттин сынына кабылган адамдын пикири берилген эмес. Автордун пикири макаланын көпчүлүк бөлүгүн ээлеп, жалаң сын менен коштолот. Жыйынтыгында, журналистиканын алгачкы талабынын бири – тең салмактуулук сакталбай калган. Каршылаш тараптардын, анын ичинде журналисттин сынына кабыл алынган адамдардын пикирлери тең салмакта берилиши шарт. 

Кыргызстан журналистинин Этикалык кодекси, 17-берене.

Жыйынтык: tezkabar.org сайтынын «Искандаров Курбанбай, куулугу мунун кумгандай…» аталыштагы макаласында:

  1. манипуляциянын «тамга басуу», «слоган» ыкмалары колдонулган
  2. Кыргызстан журналистинин этикалык кодексинин №10 жана №17 беренелери бузулган.