АКШнын санкциялык тизмегине кирген компания тууралуу эмне белгилүү?

Май айынын орто ченинде АКШ 71 компанияга каршы санкция киргизгени белгилүү болду. Аларга Орусияга жардам берип жатышат деген кине коюлган. Чектөөдөн 69 орусиялык уюм жана Армения менен Кыргызстандан бирден уюм жабыр тартты.

Factcheck.kg’нин редакциясы санкция колдонулган биринчи Кыргызстандык компания – Tro.Ya ЖЧКсы тууралуу маалыматтарды иликтеп чыкты.

Алар ким?

Tro.Ya юридикалык консалтинг компаниясы 2012-жылдан бери иштеп келет, учурда анын негиздөөчүсү болуп Хилоу Насер Исхарович эсептелет. ОsОО.kg кызматынын маалыматы боюнча, фирманын негиздөөчүлөрүнүн катарынан үч адам чыгып кеткен: Миронов Андрей Михайлович, Яременко Вячеслав Викторович жана Сулайманов Ирысбек Орозбекович.

Компаниянын негизги ишмердүүлүгү укуктук маселелер болгону менен фирма таптакыр башка кызматтарды көрсөтүп келет. Анын расмий сайтында компания өнөр жайдын ар түрдүү тармактарын электрондук жабдыктар менен камсыздай турганы белгиленет. Мисалы: сенсорлор, техникалык көрүү системдери, навигациялык жабдуулар, аткаруу механизмдери, конвейер системдери, өнөр жай роботтору, телекоммуникация компоненттери, электрондук компоненттер менен.

Согуш башталгандан кийин кирешелери кескин өскөн

Салык төлөмдөрүнө көңүл бурсак, компания Орусия Украинага кол салгандан кийин ишмердүүлүгүн активдештирген. 2011-жылдан 2021-жылга чейин Tro.Ya мамлекеттик казынага болгону 6647 сом салык төккөн, ал эми 2022-жылдан баштап азыркы убакытка чейинки салык төлөмдөрүнүн суммасы дээрлик 10 млн сомду түздү. ОsОО.kg кызматынын жана “Ачык бюджет” мамлекеттик порталынын маалыматтары:

Компания ошондой эле салыктарды төлөөдөн качып келет, ошону үчүн ал 2023-жылдын 1-апрелине карата 300 миң сом өлчөмүндө карызы бар салык төлөөчүлөрдүн тизмегине киргизилген.

Компания Батыш өлкөлөрүнөн ар түрдүү электрондук товарларды сатып алып, аларды Орусияга жөнөтүп турган.

“Ачык бюджет” мампорталынын отчету боюнча, Tro.Ya ЖЧКсы бажы төлөмдөрүн эки бажыканага – “Манас” аэропортунун жана “Түндүк” темир жолунун – төлөп келген.

Товарларды негизинен АКШдан сатып алып турган, бирок да Улуубританиядан, Тайвандан, Кореядан, Сингапурдан, Кытайдан жана Жапониядан да ташып турган. Ал тууралуу фирманын прайс баракчасынан билсек болот:

Кызыгы, фирманын расмий сайтында товарлардын баасы эки валютада – доллар менен рублда гана көрсөтүлгөн.

Санкциянын максаты эмне?

Орусияга каршы санкциялар 2014-жылы эле Крым аннексия болгондон тартып киргизиле баштаган. Бирок Орусия Украинага курал-жарак колдонуп кол салгандан кийин дүйнөнүн эң бай жана өнүккөн демократиялык державалары санкцияны катуулатууну чечишкен. Анын башкы максаты – Кремлдин мүмкүнчүлүктөрүн чектөө жана Орусиянын аскердик агрессиясын каржылоону татаалдантуу.

Эскерте кестек, 2022-жылдын 24-февралында Орусия Украинага кол салган. Миңдеген адамдар аскердик агрессиянын курмандыктары болушту, шаарлар менен инфратүзүмдөр талкаланууда. Согуштун айынан төрт миллиондон ашык украиндиктер өз үйлөрүн таштап, башка аймактарда жана чет мамлекеттерде башпаанек издөөгө аргасыз болушту.