Дезинформация кылыш үчүн тажик ЖМКлары жалган экспертти колдонушууда

Avesta.tj тажик ЖМКсынын билдирүүсү боюнча, Кыргызстандын Тажикстан менен чек арада уюштурган “чагымчыл аракеттери” Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин тирешинен кыргыз элинин көңүлүн башка жакка буруу үчүн жасалган амал болуп эсептелет.

Factcheck.kg редакциясы бул ЖМКнын жаңылыгындагы алешемдикти аныктады.

Жаңылыкта Максуд Валиев деген эксперттин айткандары колдонулат. Аны ЖМК “тажик эксперти” деп тааныштырат, бирок кайсы тармактагы эксперт экендиги тууралуу эч бир маалымат берилбейт. Аны менен катар эксперттин сүрөтү да келтирилген эмес.

Factcheck.kg редакциясы бул ким экенин аныктаганга аракет кылды. Бирок ачык булактардан бул ысымды алып жүргөн бир дагы экспертти таба албады.

Аны ысымын биринчилерден болуп так ушул Avesta.tj маалымат агенттиги атаган.

Бул медиа 2004-жылы негизделген. Башында ал эл аралык уюмдардын гранттарынын эсебинен жашап келген.

2011-жылы агенттик «Бизнес и политика» гезитинин башкы редактору Джамшед Ульмасовго таандык «Мухаммад-Билол» компаниясына акысыз өткөрүлүп берилген.

Ээси алмашкандан кийин Avesta.tj агенттигин орусиянын кызыкчылыгында иштейт деп күнөөлөшкөн. Учурда сайт орус тилинде гана материалдарды жарыялап келет.

Белгилей кетүүчү жагдай, агенттиктин ээси алмашканга чейин ал коомдогу саясий-экономикалык маселелер тууралуу курч, сынчыл материалдары менен белгилүү болчу.

Эскерте кетсек, УКМКнын чек ара кызматынын маалыматы боюнча, жаңжал 14-сентябрда Баткен районунун Булак-Башы аймагында ок атышуудан башталган.

Кошуна өлкөнүн аскерлери мамлекеттик чек аранын талаштуу жерлерине жайгашып алышкан.

“Кыргыз тараптын аймактан чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарына көңүл бурбай, тажик чек арачылары ок чыгарган. Буга жооп катары КР УКМКнын Чек ара кызматынын чек арачылары да курал колдонушкан”.

Тыянак: “Анонимдүү авторитет” деген түшүнүктү колдонуу менен көз жазгыруу. Окурмандардын пикирине таасир этүүнүн эң эффективдүү ыкмаларынын бири – бул авторитетке шилтеме кылуу.