Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу: себептери жана кесепетттери

28-февралда Жогорку Кенештин жыйыныныда депутат Акылбек Түмөнбаев Сооронбай Жээнбековдон экс-президент макамын алып салууну сунуштады. Бул жаңылык коомдук тармактарда катуу талкууга алынып, коом эки жаатка бөлүнүп калды: депутаттын сунушун колдогондорго жана колдобогондорго. Мурдагы мамлекет башчыга карата кандай нааразычылыктар айтылып жатканын жана ал кайсы артыкчылыктардан кол жууп калышы мүмкүн экенин бул материалда айтып беребиз.

Эмнеге Жээнбековду макамынан ажыраткылары келип жатат?

Акылбек Түмөнбаев учурда бийлик жемкорлук менен катуу күрөшүп жатканын белгиледи. Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышы бар бардык депутаттар мандаттарынан ажыратылып жатканын айтты. Депутат Матраимовду саясий бийлик аренасына так ушул Сооронбай Жээнбеков алып келгенин белгиледи.

Учурда кимде экс-президент макамы бар?

Кыргызстандын көз карандысыздык тарыхында беш адам мамлекет башчы болгонго жетишкен. Алардын экөөсүндө гана экс-президент деген макамы бар: Роза Отунбаевада жана Сооронбай Жээнбековдо.

Экс-президент макамы кандай артыкчылыктарды берет?

  • Кол тийбестик укугу. Ал кылмыш жоопкерчилигине тартылышы, камакка алынышы, тинтилиши, суракка алынышы же жеке текшерилиши мүмкүн эмес. Кол тийбестик ал ээлеген турак жана кызматтык жайларына, пайдаланган транспорт каражаттарына, байланыш каражаттарына ж.б. мүлкүнө дагы жайылтылат.
  • Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде мамлекеттик кайтарууда болот.
  • Экс-президентке жана анын жубайына, багуусундагы жашы жетпеген балдарына акысыз берилген медициналык тейлөө укугу сакталып калат.
  • Экс-президент пенсиялык куракка жеткенге чейин Президенттин бир айлык эмгек акысынын 75%ынын өлчөмүндөгү акчаны ай сайын алып турат, ал эми пенсия курагына жеткенде Президенттин бир айлык эмгек акысынын 75%ынын өлчөмүндөгү пенсия менен камсыз болуу укугуна ээ. Эгер учурдагы Президенттин эмгек акысы өссө, экс-президенттин пенсиясынын өлчөмү да жогорулатылат.
  • Мамлекеттик дачалардын бири өмүр бою пайдаланууга берилет.
  • Аэропорттор менен аэровокзалдардын, темир жол вокзалдарынын жана бекеттеринин расмий адамдар жана делегациялар үчүн арналган залдарынан акысыз пайдалануу укугуна ээ.
  • Кыргыз Республикасынын аймагында өкмөттүк байланыш жана мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын карамагындагы байланыштын башка түрлөрүн акысыз пайдаланууга жана байланыш кызматын кезексиз алууга укугу бар.

Ошондой эле экс-президенттин көзү өткөндөн кийин анын үйбүлө мүчөлөрүнө анын көзү өткөн күнгө белгиленген карылык боюнча пенсиянын алты эселенген эң аз өлчөмүнө барабар болгон суммада ай сайын жөлөкпул дайындалат. Ошентип, эгер азыр экс-президенттердин бири өтүп кете турган болсо, анын үй-бүлөсүнө 9 миң сом өлчөмүндө жөлөкпул төлөнүп турат (2023-жылы пенсиянын эң аз өлчөмү 1500 сомго барабар болгон).

Жээнбековдон экс-президент макамын алып салыш үчүн эмне керек?

«Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө» мыйзамга ылайык, экс-президент макамынан ажыратуу үчүн Башкы прокурорунун корутундусу менен бышыкталган Жогорку Кеңеши тарабынан коюлган өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы жөнүндө айыптоо керек.

Экс-президентке каршы күнөө коюу жөнүндө Жогорку Кеңештин чечими депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринин кем эмесинин демилгеси боюнча жана Жогорку Кеңеш тарабынан түзүлгөн атайын комиссиянын корутундусу болгондо гана депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгү менен кабыл алынат.

Экс-президентти макамынан ажыратуу жөнүндө Жогорку Кеңештин чечими экс-президентке каршы күнөө коюлгандан кийин үч айлык мөөнөттөн кечиктирилбестен, Жогорку Кеңеш депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынышы керек. Эгерде бул мөөнөттө Жогорку Кеңештин чечими кабыл алынбаса, коюлган күнөө четке кагылган болуп эсептелет.

Эскерте кетсек, Акылбек Түмөнбаев мурда да Жээнбековдон экс-президент макамын алуу керектиги тууралуу айтып келген. Былтыр июнда ал Азаттыкка берген интервьюсунда «бул кишинин экс-президент деген макамын алдырганга аракет кылам, ал бул макамга татыктуу эмес» деген.

2020-жылы Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Абдилат Капаров да Жээнбековду макамынан ажыратып, кылмыш жоопкерчилигине тартууну суранган. Анда ал тийиштүү арызды УКМКга жана Башкы прокуратурага берген. Капаров териштирүүнү суранган маселелердин бири Райымбек Матраимовго колдоо көрсөтүүсү болгон.

Билдирме

Райымбек Матраимов – бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, «Азаттык», OCCRP жана Kloop ага байланыштуу бир нече иликтөөлөрдү даярдашкан. Иликтөөлөрдүн биринде Матраимовдордун үй-бүлөсү Кыргызстандан $700 млн алып чыккандыгы айтылган. Учурда Райымбек Матраимовго издөө жарыяланган, ал эми ага байланышы бар депутаттар биринин аркасынан бири мандаттарын тапшырып жатышат, же өргүүгө чыгышууда.