Бишкектеги жаңы стадиондун эскизи Самарадагы муз аренанын көчүрмөсү

Бишкектин мэриясы «Спартак» стадионунун кичи аренасынын эскизин көрсөттү. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов бул эскиз көчүрмө деп билдирди. Чынында эле ушундайбы, же жокпу Factcheck.kg’нин редакциясы текшерип чыкты.

Мэриянын билдирүүсүндө, Тоголок Молдо, 7а дареги боюнча жайгашкан «Arzu» жана «Time Out» кафелеринин ордуна «Спартак» стадионунун кичи аренасы курулат. Жалпысынан 2 761 чарчы метр, б.а. 27 сотых жер бошомокчу.

«”Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын адистери тарабынан чакан аренанын эскиздик долбоору иштелип чыкты. Долбоордо спорт залдары, судьялык жайлар, чечинүүчү жайлар жана машыктыруучулар зонасы, административдик жана башка жайлар каралган», – деп билдирген муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Бул билдирүүдө «Спартак» стадионунун кичи аренасынын эскиздери келтирилет.

«Яндексте» сүрөттөр боюнча издөө жүргүзүп, бул эскиздер 2016-жылы Орусиянын Самара шаарындагы Аба күчтөрүнүн Борбордук спорт клубунун спорт сарайы үчүн иштелип чыкканын аныктадык. Бишкек мэриясы жана Самара облусунун губернаторунун администрациясынын маалыматтык саясат департаменти жарыялаган эскиздер оппокшош.

2021-жылы Самарадагы спорткомплекстин ачылышы болгон. Жаңы имараттын ичинде 5 миң көрүүчүгө эсептелген муз аренасы бар. Спорт сарайында ошондой эле машыгуулар үчүн эки муз аянтчасы, баскетбол залы, тренажерлор залы жана конференц-залы бар.

Тыянак: чындык. Самарадагы спорткомплекстин жана «Спартак» стадионунун кичи аренасынын эскиздери оппокшош. Бир гана фасаддагы жазуулары башка.