Айдаркен мэриясы кыйылган бактарды Өзбекстанга саттыбы? Фактчек

Factcheck.kg редакциясына окурман кайрылып, Айдаркен шаарынын мэриясы карагайларды кыйып, Фергана облусуна (Өзбекстан) сатып аткандыгын маалымдады. Ал редакцияга унаага жүктөлгөн бактар тартылган видео тасманы жөнөттү.

Factcheck.kg окурман берген маалыматты текшерип көрдү.

Алгач жыгачтын Өзбекстан менен Кыргызстандагы баасын салыштырдык.

Бишкекте 1 куб метр жыгачтын баасы орто эсеп менен 19,5 миңден 22 миң сомго чейин. 

Ал эми Айдаркендеги ишенимдүү булагыбыздын айтымында шаарда жыгачтын баасы 26 миң сомду түзөт. Биздин редакция Өзбекстандык соодагерлер менен байланышып, өлкөдө жыгачтын баасы 4 млн сумдан жогору же 30 миң сомдун тегерегинде экенин биле алды. 

Белгилей кетсек, Айдаркен шаарынан Ферганага чейинки аралык 74 километрди түзөт. Демек, кыйылган бакты сатылчу жерге жеткирүүгө 1.5 саат убакыт сарпталат.

Google maps тиркемесинен скриншот

Өзбекстандык бизнес жаатында маалымдоочу Goldenpages ресурсунун жардамы менен тасмадагы унаа чын эле Ферганадагы жеке адамга катталганын биле алдык. 

Биз Айдаркен шаарынын вице-мэри Азамат Саитов менен байланышканыбызда, ал 7 бак Сымап комбинатынын мейманканасынын жанындагы Кыргызстан көчөсүндө жергиликтүү калктын өтүнүчү менен кыйылганын билдирди. Редакцияга келген тасмада дал ошол мейманкананы көрүүгө болот.

Адаркен сымап комбинатынын мейманканасы. Тасмадан алынган скриншот.

Ал эми тасмадагы автордун айтымында унаага бак толугу менен жүктөлгөн. 

Саитов карагайларды бир жаран келишим боюнча “тосмо тосом” деген милдеттенме менен алып кеткен. Бирок вице-мэр ал жарандын байланыш номерин жана аты-жөнүн редакцияга бере алган жок. Биз Айдаркен шаарынын мэри Мурзажанов Алтынбек менен байланыша алган жокпуз, бирок бактардын кыйылышы жана сатылышы боюнча анын пикирин угууга даярбыз.

Эске салсак, 2021-жылдын июнь айында Айдаркен шаарынын мэри болуп “Ынтымак” фракциясынан Мурзажанов Алтынбек Саматович шайланган. Ал шаардык кеңештин депутаттарынан 11 добуш алган. 

Жыйынтык: тасмадагы унаага жүктөлгөн карагайлар мэрия тарабынан кыйылганы чын. Ал эми унаа Өзбекстандагы Фергана облусундагы жеке жакка катталган. Өзбекстанда жыгачтын баасы Кыргызстандагыдан кымбатыраак.