“Ала-Тоо” эс алуу борборунун таржымалы: мурдагы парк, өрт жана өлүм

6-июнда ЖМКлар №95-мектептин башталгыч классынын окуучусу “Ала-Тоо” аквапаркында каза болгондугу тууралуу маалымдашты. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, 6 мугалим жана директордун орун басары кызматтан алынган.  

Бул “Ала-Тоо” эс алуу борбору менен байланышкан жалгыз терс окуя эмес. 2013-жылы борбор калаанын мурдагы мэри Иса Өмүркуловго “Жеңиш” сейил багынын жер тилкесин эс алуу борборуна бергендиги үчүн  кылмыш иши козголгон, 2016-жылы жеринен өрт чыккан. Ал эми 2018-жылы ресторандагы массалык уулануу катталган.

Factcheck.kg эс алуу борборунун ээси жана андагы жагымсыз окуялар тууралуу маалыматты окурмандардын эсине салат. 

 “Ала-Тоонун” ээлери

Osoo.kg маалыматына ылайык, “Ала-Тоо” борбору “ДАТЭС” ЖЧКсы катары катталган. Компаниянын тең негиздөөчүлөрү – Бурулкан Тентимишова жана Бакытбек Нарбаев, ал эми директору – Бакыт Өмүрбаева.

Бакытбек Нарбаев менен Бакыт Өмүрбаева – ишкер жубайлар. Нарбаевдин ар түрдүү тармакта иш алып барган “Вилби“, “Банако ЛТД“, “НАРСУ” аттуу дагы бир нече компаниялары бар. Өмүрбаева – ресторатор жана кыргыз эл жазуучусу Сагындык Өмүрбаевдин кызы. Мындан тышкары, ал мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун таежеси экенин буга чейин Kaktus.Media басылмасы маалымдаган. 

Kaktus.media басылмасы. Социалдык тармактардан алынган сүрөт

ДАТЭС” ЖЧКсынын дагы бир негиздөөчүсү Бурулкан Тентимиша тууралуу маалымат аз. Ал 37 жашта жана Нарын облустунун Кочкор айылынын тургуну экени маалым

 “Ала-Тоо” таржымалы

Эс алуу борбору жайгашкан жер алгач Дайыр Асанов атындагы “Жеңиш” паркына тиешелүү болгон. Иса Өмүркулов мэр болуп турганда “Ала-Тоону” курууга жердин бир бөлүгү берилген. Бул боюнча кийинчерээк экс-мэрге, Бишкек архитектурасына жана Бишкек шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын бир катар жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголгон. Кадастр кызматынын маалыматына ылайык, 2012-жылдан тарта бир нече жыл бою ресторандын жана аквапарктын астындагы жер күрөөгө коюлуп,  2016-жылдан бери ДАТЭС”  ЖЧКсынын колдонуусуна берилген. Белгилей кетсек, Кадастр кызматы Малдыбаев көчөсү, 54 дареги боюнча бир эле учурда беш жер тилкесин көрсөтүүдө. Редакция бул даректердин баарын текшерип көрдү. 

2016-жылы аквапаркта өрт чыгып, анын кесепетинен келтирилген чыгым болжолдуу түрдө 50 млн сомду түзгөн. 

2018-жылы үлпөт тойдо 200дөн ашуун адам ууланган

Быйыл башталгыч класстын окуучусунун өлүмү катталды.

“ДАТЭС” ЖЧКсынын салыктары: 

osoo.kg

Ошол эле Малдыбаев көчөсү, 54 дареги боюнча ресторан иши жана ыкчам тамак-аш жеткирүү менен алектенген “Адилет пресс” аттуу дагы бир ЖЧК катталган. Бул компаниянын дагы негиздөөчүлөрү бизге тааныш Тентимишова жана Нарбаев. Ал эми директору  – Эльвира Кан. Аталган фирма эки жылдан бери салык төлөбөй келет: 

osoo.kg