Жер титирөө качан болорун алдын ала айтса болобу? Түркия менен Сириядагы жер титирөөлөр Кыргызстанга таасир этпейби? — Жок, таасир этпейт.

6-февралда Түркия менен Сирияда жердин катуу силкинүүлөрү болду. Акыркы маалыматтар боюнча, 5775 имарат талкаланып, 38 миңден ашык адам ар түрдүү жаракаттарды алган, ал эми курман болгондордун саны 8 700дү түздү.

Ушул трагедиядан кийин интернет айдыңында жер бетинин ар кайсы аймактарында, анын ичинде Кыргызстанда да жер титирөөлөрдүн болушу мүмкүндүгү тууралуу ар түрдүү “божомолдор” пайда болду. Factcheck.kg редакциясы бул билдирүүлөрдүн аныктыгын текшерип чыкты.

Түркия менен Сириядагы жер титирөө

Америкалык геология кызматынын (USGS) маалыматы боюнча, магнитудасы 7.8 баллды түзгөн жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча 04:17де Сирия менен чек арага жакын жайгашкан жана маанилүү өнөр жай борбору болуп эсептелген Газиентеп шаарынан (Түркия) алыс эмес жерде болгон. Жердин силкинүүсү ошондой эле Ливанда, Иракта, Египетте, Грецияда, Кипрде жана Израилде сезилген.

Карта: BBC news Орус кызматы

Жер титирөөдөн 10 шаар жабыр тарткан: Газиантеп, Кахраманмарас, Хатай, Османия, Адияман, Малатия, Шанлыурфа, Адана, Диярбакыр жана Килис.

Түркиянын бийлиги экинчи жер титирөө 7 км тереңдикте болгонун билдирди. Анын очогу Кахраманмараш провинцисынын Эльбистан аймагында жайгашкан.

АКШнын Геология кызматы Түркиядагы жер титирөөнү акыркы 100 жылдагы бул чөлкөмдөгү эң катуу жер титирөөлөрдүн бири деп билдирет. Аны 1939-жылы Түркиянын чыгышындагы магнитудасы 7.8ди түзгөн жер титирөө менен салыштырышты. Ал жер титирөө 30 миңден ашык адамдын өмүрүн алып кеткен болчу.

Жер титирөө качан болорун алдын ала айтса болобу?

Нидерланддык сейсмолог Фрэнк Хугербитс 3-февралда Twitter’де жарыялаган билдирүүсү кызуу талкууну жаратты. Ал Түркиянын борбордук жана түштүк аймактарында, Сирияда жана бир катар өлкөлөрдө табигый катаклизмдер болоорун эскерткен. Адис иштеген уюм SSGEOS (Solar System Geometry Survey) деп аталат. Бул жердин сейсмикалыка абалына байкоо жүргүзгөн илимий-изилдөө институту.

“Эртеби-кечпи бул чөлкөмдө (Түркиянын түштүгү жана борбору, Иордания, Сирия, Ливан) магнитудасы болжолдуу 7.5 баллды түзгөн жер титирөө болот”, – деген божомолун айткан өзүнүн микроблогунда.

Белгилей кетүүчү жагдай, жер титирөө Түркияда сейрек көрүнүш эмес. AFAD уюмунун маалыматы боюнча, 2021-жылы Түркияда 23 753 жердин силкинүүсү катталган, алардын үчөөсүнүн магнитудасы 6-7 баллды, 26 жер титирөөдө магнитуда 5-5.9 баллды түзгөн. Башкача айтканда, ар бир саат сайын орточо алганда 3 жер титирөө болуп турат.

Ошондуктан адистин бул билдирүүсүн алдын ала айтуу деп эсептөө жарабайт. Хугербитс ал эмес катуу жер титирөөнүн болжолдуу убактысын да айткан эмес (“эртеби-кечпи”).

Маанилүү: Сейсмологдордун жүргүзүп келген бардык изилдөөлөрүнө жана эң жаңы аппаратураларына карабай жер титирөө болорун бир күн мурун, ал эмес бир ай мурун айтуу азырынча мүмкүн эмес, – деп билдирет АКШнын Геология кызматы. Окумуштуулардын айтымында, кайсы бир убакыт аралыгында кайсы бир аймакта катуу жер титирөө болушу мүмкүндүгүн гана айтса болот.

Кыргызстанда боло турган жер титирөөлөр тууралуу алдын ала айтуулар болгонбу?

Болгон эмес. SSGEOS постторунун биринде Кыргызстан менен чектешкен Кытайдын батышындагы аймактын картасы жарыланган болчу. Твиттерди колдонгон айрым кыргызстандыктар 29-январда болгон жер титирөө тууралуу жаңылыкты туура эмес түшүнүп, боло турган жер титирөө тууралуу алдын ала айтуу экен деп ойлошкон.

Түркия менен Сириядагы жер титирөөлөр Кыргызстанга таасир этпейби?

Жок, таасир этпейт. Илимдер академиясынын президенти, КР УИАнын Сейсмология институтунун директору Канатбек Абдрахмановдун сөзү боюнча, Түркиядагы жер титирөө Кыргызстанга таасир этпейт.

“Биз Түркия менен ар башка зонадабыз, Жапониядагы жер титирөөдөгүдөй эле ал дагы Кыргызстанга таасир эте албайт. Бул жагынан алганда тынч болсок болот”, – деп кошумчалады ал.

Канатбек Абдрахманов Кыргызстанда жылына 13 миңге жакын жер силкинүүлөр болуп турарын, алардын басымдуу бөлүгү приборлор гана каттаган, адамга сезилбеген силкинүүлөр экенин айтты. 10-15 жер титирөөнүн гана күчү 4-5 баллга жетет.

Адистин айтымында, азырынча жер титирөөлөрдү алдын ала айта турган технологиялар жок:

“Жалпылаганда, учурда Жердин ядросунда болуп жаткан процесстер биздин Индостан плитабызга таасир этиши мүмкүн, бирок кантип, кандай таасир этерин эч ким так айта албайт. Келечекте адамзат боло турган жер титирөөнү так алдын ала айта аларына ишенүү кыйын. Бул өтө татаал процесс, ал эмес, мисалы, заманбап аппаратуралары бар дүйнөгө атагы чыккан окумуштуулар иштеген АКШда жана Жапонияда да бул табигый кырсык качан болорун алдын ала айта алышпайт”, – деди Абдрахманов.

Тыянак: далилденбеген. Учурда жер титирөөлөрдү алдын ала айтуу мүмкүн эмес.