Евробиримдик Украинага жибериш үчүн 50 млн еврого вакцина сатып алууну пландаштырып жатабы? Текшеребиз

(c) Charles Krupa/AP

Евробиримдик Украинага жибериш үчүн вакцинаны сатып алууну пландап жаткандыгы тууралуу маалымат Интернетте пайда болду. Муну бийликке ыктаган орусиялык «Лента.ру» маалымат булагы аныктап чыккандыгы айтылууда. Контракттын жалпы суммасы 50 млн евро түзүп, ага каражат Европа инвестиция банкынан (ЕИБ) бөлүнөт имиш.

Factcheck.kg редакциясы бул маалыматты текшерип чыкты.

Чынында эле «Лента.ру» сайтында вакцинаны сатып алууга Украинага каражат бөлүнгөндүгү тууралуу жаңылык жарыяланган. Муну интернет-басылма жарыяланган тендердик кагаздардагы тийиштүү маалыматтарды иликтеп чыгып, аныктаганын билдирет.

Тендердик кагаздарда контракттын максаты – “SARS-CoV-2 таажычан вирусунан келип чыккан COVID-19 курч респиратордук инфекциясына каршы вакциналарды сатып алуу” деп айтылган.

Европалык бюджеттен жумшала турган 50 млн еврого контракт пекиндеги Sinovac Life Sciences Co. Ltd компания менен украиналык фармацевттик “Лекхим” компаниясынын ортосундагы кызматташуунун алкагында ишке ашырылмакчы.

Ошол эле кезде «Лента.ру» жарыяланган тендердик кагаздын бирөөсүнө да шилтеме келтирген эмес.

Бул жаңылыкты жарыялаган калган маалыматтык медиалардын бардыгы «Лента.ру» сайтына гана шилтеме кылышат, башкача айтканда интернетте бир гана булактан чыккан маалымат таркатылууда. Ал дагы бир да далилдер менен тастыкталбаган.

Чет элдик ЖМКларда аталган контракт тууралуу эч кандай маалымат жок.

Көңүл бура турган жагдай – «Ленты.ру» сайтында контракт тууралуу жаңылыктан кийин дароо эле АКШнын Мамлекеттик департаменти америкалык жардамды Украина кандай колдонуп жатканын текшере тургандыгы тууралуу материал жарыяланган. Бул маалыматтын булагы катары «Страна.ua» сайтындагы пропагандалык маанайдагы материалга шилтеме кылынган. Анда Мамдептин текшерүүсү тууралуу маалымат анонимдүү эксперттерге таянган автордун пикири катары берилет.

Маалыматтын мындай берилишин көз жазгыруу аракети деп кабылдаса болот.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын декабрында Украина ЕИБден эмдөө үчүн 50 млн евро насыя алган болчу.

Тыянак: далилденбеген маалымат жана көз жазгыруу. «Лента.ру» жарыяланган тендердик кагаздар тууралуу сөз кылганы менен аларга шилтеме берген эмес. Ага кошумча башка маалымат булагында жайгаштырылган пропагандалык материалга шилтеме берүү үчүн жаңылык даярдаган.