Филиппин президенти элге жемкорлорду атууга уруксат берди

Жогорку Кеңешке шайлоо жакындаган сайын социалдык тармактардын колдонуучулары коррупция менен күрөшүү боюнча ар түрдүү ыкмалар менен бөлүшө баштады.  Жакында россиялык  «Известия» маалымат агенттигинин сюжетиндеги Филиппин президенти Родриго Дутертенин сүйлөгөн сөзүнөн үзүндү Facebook соцтармагында жарыяланды.  Президент жарандарга пара талап кылган жемкорлого карата ок чыгарууну сунуш кылды.  

Factcheck.kg редакциясы маалыматтын чын-төгүнүн текшерип көрдү. 

«Филиппин президенти жемкорлорду атууга элге уруксат берди» («Президент Филиппин разрешил народу стрелять по коррупционерам») деп издөө салып, көптөгөн шилтемелерге туш болобуз. Алардын арасында кыргызстандык ресурстар дагы бар. 

 

Жаңылык алгач 2019-жылдын 13-сентябрында жарыяланган. Орус тилдүү ресурстардын көбү ТАСС маалымат агенттигине шилтеме кылган.  Ал эми ТАСС, өз учурунда Manila Bulletin аттуу филиппин ресурсун алгачкы булак катары көрсөткөн. Жаңылык башка эл аралык булактарда да айтылган

 2019-жылдын 12-сентябрында Баатана өкмөттүк борборунун жана Баланга (Батаан) шаарында жайгашкан «Бункер» аттуу бизнес-борборунун ачылышында Родриго Роа Дутерте мындай деген:

«Эгерде сиз салык төлөсөңүз же маалымкат талап кылсаңыз, ал эми чиновник пара сураса, аны чаап жибериңиз. Жаныңызда курал бар болсо, атып да жибериңиз. Бирок, өлтүрбөңүз, себеби, териштирип келгенде бул кылыгыңыз кечирилибей калышы мүмкүн».

Дутертенин мындай кадамга барышына өлкөдө тамырлашкан коррупция себепкер болгон. Президенттин айтымында жемкорго ок чыгарган адам түрмөгө түшпөй, физикалык жактан гана жазаланат. 

Филиппин президентинин демилгеси кыргызстандык соцтармактын колдонуучулары тарабынан колдоого алынган. Жаңылык менен жүздөгөн адам бөлүшкөн. 

Жыйынтык: чындык. Филиппин  президенти Родриго Роа Дутерте коррупционер чиновниктерди атууга элге уруксат берди. Бирок, аларды өлтүрүүгө уруксат жок.