Бир да тыйын салыкка төлөнбөйт: Садыр Жапаровдун бейөкмөт уюмдар донорлордун миллиондогон акчасын өз керектөөлөрүнө жумшайт деген сөзү боюнча

Жакында өткөн II Элдик курултайда Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров, бейөкмөт уюмдар бир да тыйын салык төлөбөйт, ал эми донорлордон түшкөн каражаттарды өзүлөрүнүн жана үй-бүлөсүнүн керектөөлөрүнө жумшайт деп билдирген. Так мына ошону үчүн мамлекет башчы өнөк-мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын «чет элдик агенттер» тууралуу мыйзам долбоору боюнча сынына жооп катары алардын өлкөлөрүндөгү бейөкмөт уюмдар канча каражат, кайдан алгандыгы жөнүндө отчет берип турарын эскертип келет. Анын ушул аргументинен кийин, Жапаровдун айтымында, сындагандардын бардыгы унчукпай калат.
Бул материалда Президент эмне тууралуу унчукпай койгонун жана коммерциялык эмес уюмдардын отчеттуулугу боюнча абал чынында кандай экенин, териштиребиз.
Президент эмне деди
Садыр Жапаровдун айтымында, бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар (КЭУ) жөнүндө мыйзам долбоору татаал жолду басып келатат, анткени 30га жакын өлкө бул документти кабыл албоого чакырууда.
«Барган жеримде айтат, силер НПОлор менен НКОлорду кыйнап атасыңар деп. Акыр аягында мен ачуум келип 4-5 өлкөдө суроо бердим: силерде барбы НПОлор, НКОлор? Бар, – дейт. – Канчоо? – Бизде деле 10-15 миңдей. – Канча жылдан бери иштейт? – Илгертен бери иштейт. – Анан силерде каяктан акча келип түштү, канча эмгек акы бердиң, соцфондго канча кетти, налогго канча төлөдүң, анан ошол акча каякка жумшалды деген отчет алабы?, – десем «Алат» дейт. – А эмне үчүн биз албашыбыз керек? Же биз экинчи сорттогу адамдарбызбы силерге? – дегенде эле дудук болуп калышат.
Биз алардын акчасын талашып аткан жокпуз. Аларды кыйнап жаткан жокпуз. Жөн гана баарын ачык көргөз деп жатабыз. Буга чейин эч ким ачык көргөзбөй иштеп келген. Жүз миңдеген, миллиондогон долларларды, евролорду алат, бирок бир да тыйын салык төлөбөйт, зарплаттан эң болбогондо соцфондго отчисление болуш керек да. Анысын да көргөзбөйт. Бүт өзүлөрүнүн керектөөсүнө жумшайт, жеке менчик, үй-бүлөлүк. Болду, ошону менен отурат. А биз көрүп турушубуз керек да. Туурабы же туура эмеспи? Колдойсуңарбы ошону?», – деген мамлекет башчы.
Иш жүзүндө каржыга байланыштуу көрүнүш кандай
Президенттин бейөкмөт уюмдар каржылык отчет беришпейт дегени чындыкка жатпайт. Анткени өзү 2021-жылы коммерциялык эмес уюмдардын отчеттуулугу жана каржыларынын ачыктыгы боюнча мыйзамга кол койгон болчу.
Бул мыйзамга ылайык, коммерциялык эмес уюмдар кирешелеринин өлчөмү жана түзүмү, чыгымдары жөнүндө маалыматтарды берип турушат.
Андан сырткары, КЭУнун каржылык отчету бардыгына жеткиликтүү, каалаган адам аны менен салык кызматынын «Коммерциялык эмес уюмдардын топтоштурулган маалыматары» деген бөлүмдөн тааныша алат.
Ошондой эле коммерциялык эмес уюмдар, анын ичинде чет өлкөлүк КЭУлардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү отчетторду такай түрдө төмөнкү органдарга берип турушат:
- КРдин Мамлекеттик салык кызматына – 8 отчет;
- Статистика органына – 5 отчет;
- КРдин Социалдык фондуна.
Бул тууралуу кененирээк маалыматты бул жерден алса болот.
Ошентип, Жапаровдун бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар «салыкка бир да тыйын төлөбөйт» жана «бүт өзүлөрүнүн керектөөсүнө жумшайт» дегени чындыкка жатпайт. Бейөкмөт жана коммерциялык уюмдар катуу көзөмөлдөнгөн каржылык отчетторду берип турушат.
КЭУ жөнүндө мыйзам чындыгында эмнени караштырат
Мыйзам долбоорунда Кылмыш-жаза кодексине төмөнкү беренени киргизүү сунушталууда:
«Иши жарандардын үстүнөн зомбулук кылуу менен же алардын саламаттыгына башка залал келтирүү менен же болбосо жарандарды жарандык милдеттерин аткаруудан баш тартууга же башка укукка каршы жосундарды жасоого козутуу менен коштолгон бирикме же башка коммерциялык эмес уюмду, же болбосо чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдун же болбосо коммерциялык эмес уюмдун түзүмдүк бөлүмүн түзүү, ошого тете ушундай бирикмени, уюмду же болбосо түзүмдүк бөлүмдү жетектөө».
Бул берене боюнча айып пул же 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу, ал эми көрсөтүлгөн бирикмелердин ишине жигердүү катышкандыгы, мындай уюмдарды пропагандалагандыгы үчүн 10 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган.
«Адилет» укуктук клиникасынын юристтери мыйзам долбоорун талдап чыгып, «жарандардын үстүнөн зомбулук кылуу» деген аныктама өтө бүдөмүк, так эмес экенин жана ал мыйзам үстөмдүгү жана мыйзамдын тактыгы принциптерин жана кылмыш-жаза мыйзамынын бир нече негизги принциптерин бузат деген тыянак чыгарышкан.
Мисалы, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде төмөнкү жазалар каралган:
- адам өлтүрүү – 8 жылдан 12 жылга чейин (122-берененин 1-бөлүгү),
- ден соолукка оор залал келтирүү – 5 жылдан 7 жылга чейин (130-берененин 1-бөлүгү),
- кыйноолор – 5 жылдан 8 жылга чейин (137-берененин 1-бөлүгү),
- террордук акты – 10 жылдан 12 жылга чейин (252-берененин 2-бөлүгү),
- өзгөчө мыкаачылык менен жасалган зордуктоо – 8 жылдан 11 жылга чейин (154-берененин 2-бөлүгүнүн 4-пункту).
Келтирилген мисалдардан мыйзам долбоорунда сунушталган жаза кылмыш деп эсептеле турган иш-аракеттерге ченемдеш эмес экенин көрсөк болот, анткени жогорудагы кылмыштар жарандардын инсандыгына жана укуктарына доо кетирген КЭУну түзгөнгө караганда коомчулук үчүн кыйла коркунучтуурак, бирок бардыгына бирдей жаза каралган.
2013-жылы эле Венеция комиссиясы жана ЕККУ/ДИАУБ ошол кездеги ЖК сунуштаган ушуга окшош мыйзам долбоору боюнча «коммерциялык эмес уюм кантип «козута» ала турганы» такыр түшүнүксүз деп белгилешкен.
Жыйынтыгында, жарандык баш ийбөөчүлүктүн бардык формалары, анын ичинде эң токтоо мүнөздөгүлөрү да, кылмыш деп баалынышы мүмкүн.
Ошондой эле «чет элдик өкүл» деген түшүнүктү киргизүү сунушталууда. Бул орусиялык «чет элдик агент» деген түшүнүктүн аналогу. Белгилей кетүүчү жагдай, кыргыз мыйзам долбоору 90%га орусиялык мыйзамдын көчүрмөсү болуп эсептелет.
Мына ушу үчүн өнөк-өлкөлөр жана эл аралык уюмдар бул мыйзам долбоордун кабыл алынышы боюнча тынчсызданууларын билдирип келишүүдө.
Бир жактуу оюн
Садыр Жапаров бийлик КЭУлар кирешелерин жана чыгымдарын гана көрсөтүүсүн талап кылып жатат деп билдиргенде (КЭУлар аларды ансыз деле көрсөтүп келет), суроо жаралат, а эмне үчүн өзүлөрү айрым чыгымдарын көрсөтпөй, жашыруун колдоо көрсөткөндөрдүн ысымдарын атагылары келбейт.
Мисалы, президенттин эки фондусу бар. Бирөөсү мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан куралат жана ага 2 млрд сомдон ашык каражат жумшалат. Андагы акча социалдык муктаждыктарга – мектептерге, бала бакчаларга же аскердик жарактарга жумшалат деп айтылат. Бирок андагы каражаттар каякка колдонгондугу тууралуу эч бир ачык маалымат жок. Ошол эле кезде фонддун булагы болгон мамлекеттик бюджет салык төлөөчүлөрдүн эсебинен куралат эмеспи.
Президенттин экинчи фондуна, «Кабар» агенттигине берген интервьюсунда өзү билдиргендей, акчалар «спонсорлордон» келип түшөт. Алардын ысымдары дайыма эле атала бербейт. Бул жерде экинчи фонддун расмий статусу жок экенин, мыйзам боюнча, бюджеттик акчалардан жана жемкорлук иштер боюнча келип түшкөн каражаттардан курала турган бир гана фонд болушу мүмкүн экенин белгилей кетишибиз керек.
Ошондой эле талкаланып бузулган «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна курулуп жаткан президенттин жаңы хансарайынын курулушуна канча каражат жумшалары да белгисиз.
Фото: Kaktus.media
Ошондой эле 2021-жылы президентке Chevrolet Suburban үлгүсүндөгү чопкутталган эки жолтандабасты белек кылган «өнөктөштөрдүн» ысымдары азыркыга чейин табышмак бойдон калууда. Бул жерде эң кызыктуусу – өнөктөштөрдүн чет элдиктер болгондугу. Президенттин басма сөз кызматынын билдирүүсу боюнча, унаалар гранттык негизде берилген. Башкача айтканда, президенттик администрация чет мамлекеттен гранттык колдоо алууда жана ал тууралуу маалыматты жашырууда. Бирок «чет элдик агенттер» тууралуу мыйзам долбоорунда алар өзүлөрү аргумент катары каржылык ачыктык тууралуу сөз кылып келишет.
Тыянак: Садыр Жапаров элдик курултайда «чет элдик агент» жөнүндө мыйзам каржылык ачыктык үчүн керек экенин айтканда өнөк-өлкөлөр жана эл аралык уюмдар «унчукпай» калып жаткандарын делегаттарга айткан. Бейөкмөт уюмдар жана КЭУлар ансыз деле каржылык жактан ачык жана ар түрдүү 13 отчет тапшырышат. Ошол эле кезде мамлекет башчынын өзүнүн ишмердүүлүгү, фонддорунун чыгымдары, жаңы хансарайдын курулушунун чыгымдары жана ага белек кылгандардын ысымдары коомчулуктан жашырылып келет.