«Токчулуктун символдору»: Надира Нарматова Кыргызстандагы жакырчылыктын статистикасына каршы чыгып, бейөкмөт уюмдарын бурмалап жатышат деп кайра күнөөлөдү

Жакында Женевада (Швейцария) «Туруктуу жана жагымдуу улуттук статистика тутуму» долбоорунун алкагында өткөн «Кедейликтин шайкеш статистикасынын көрсөткүчтөрүн комплекстүү өлчөө, аныктоо, иштеп чыгуу, белгилөө» эл аралык семинарына катышып келген Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова иш сапарынын жыйынтыгы боюнча билдирүү кылып, коммерциялык уюмдарга карата кезектеги сынын айткан. Бирок анын билдирүүсүндө бир катар туура эместиктер жана көз жазгыруулар байкалды. Бул материалда алар тууралуу айтып беребиз.

Белгилей кетсек, Нарматова Женевага БУУ каржылаган долбоордун алкагында барган. Бирок ошол эле учурда ал гранттарды алгандыгы үчүн көз карандысыз медиаларды жана бейөкмөт уюмдарды такай сындап келет. Иш сапарынын жыйынтыгы боюнча сөзүндө да ал бейөкмөт уюмдарын сындаган:

«Ал жерде Рафик деген Орто Азия боюнча эксперт бар экен. Ошол Орто Азия боюнча эксперт туура эмес маалымат берет экен да. Бизди Тажикстан менен барабар кылып койду [жакырчылыктын деңгээли боюнча], Казакстан менен Өзбекстанды кайра-кайра эле мактап. Жанагы эле мен күрөшүп жүргөн НПОлор экен. Себеби алар акча жасайт экен да. Ар бир мамлекет ага айлык төлөйт экен. Ким көбүрөөк төлөгөн болсо, ошону мактап коет экен. Ошонун айынан туура эмес маалымат кетип калды [жакырчылыктын деңгээли 33% деген]. Бирок мен рахмат айтам, Назира, статистикалык комитеттин орун басары, өзүнүн ордуна коюп койду жооп берип. Себеби анын доклады ошол тема боюнча экен. Биздин статистикалык маалыматтар боюнча, биз, тескерисинче, башкаларга үлгү болуп жүрөбүз [жакырчылыкты жоюу боюнча]…», – деген Нарматованын сөзүн келтирет kloop.kg басылмасы.

Расмий маалыматтар

Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитети 28-ноябрда жылдын жыйынтыгы боюнча «Кыргыз Республикасынын калкынын жашоо деңгээли 2018-2022» деген кезектеги статистикалык жыйнагын жарыялады. «Калктын жакырчылык деңгээли» деген бөлүмдө көрсөтүлгөн беш жылдыкта жакырчылыктын деңгээли 22.4%дан 33.2%га чейин өскөн деген статистикалык маалымат келтирилет.

Ошентип Надира Нарматованын «туура эмес маалымат» дегенинин өзү туура эмес маалымат болуп жатат. Эгер депутат айткан «Рафик» деген докладчы бул сандарды келтирген болсо анда, ал чындыкты айткан болот.

Отчетто ошондой эле жакырчылыктын тереңдиги жана катаалдыгы боюнча маалыматтар келтирилген. Бул көрсөткүчтөр да эки эсе өскөн:

Башка өлкөлөрдө абал кандай?

Депутат айымдын айтымында, «НПОчу эксперт» «жакырлыктын деңгээли боюнча» Кыргызстанды Тажикстанга теңеп, «Казакстан менен Өзбекстанды кайра-кайра эле мактаган».

Редакциянын журналисттери бул өлкөлөрдөгү 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча жакырчылыктын деңгээли боюнча статистикалык маалыматтарды такташты. «Озоди Радиосунун» маалыматынан белгилүү болгондой, Тажикстанда жакырчылыктын деңгээли 2018-жылдагы 27.4%дан 2022-жылдагы 22.5%га чейин төмөндөгөн. Бул өлкөнүн расмий статкомитети бул маалыматтарды 2015-жылдан бери жарыялабай калган, бирок аталган сандарды Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча кезектеги кайрылуусунда келтирген.

Ушул эле көрсөткүч Өзбекстанда 2022-жылы 14%ды түзгөн, бул сан 2021-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 3 пунтка төмөн. Бул өлкөдө да статистикалык комитеттин расмий маалыматтары жок, бирок мамлекет башчысы Шавкат Мирзиеев бул сандарды жылдын жыйынтыгы боюнча келтирген.

Казакстанда жакырчылыктын деңгээли эки жыл катары менен өзгөргөн эмес жана былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча 5.2%ды түзгөн деп билдирет республиканын Улуттук статистика бюросу.

Кыргызстандын «токчулук символдору»

Женевадагы жакырчылык боюнча семинарга Нарматова менен кошо катышкан депутат Шарапаткан Мажитова да семинарда айтылган маалыматтарга нааразы болгонун билдирген. Анын айтымында, ал жана Нарматова мамлекетибиздин «токчулук символдору» болуп иш-чарага катышып отурушкан.

«Токчулуктун символдору»

Бирок «токчулуктун символдору» ошол эле Улуттук статком келтирген жыйнак боюнча, эң бай кыргызстандыктардын 20%ынын чыгашасы эң жакыр кыргызстандыктардын 20%ынын чыгашаларынан 4 эсе көбүрөөк болгонун билбесе керек.

2022-жылы 2 млн 333 миң адам, же өлкөнүн калкынын үчтөн бири жакырчылыктын чегинде жашаган, алардын 62.2% элеттиктер.

2022-жылы өтө жакырчылыктын деңгээли жалпы республика боюнча 6%ды түзүп, мурдагы жылдын деңгээлинде калган. Өтө жакырчылыктын чегинде 420 миң адам жашаган, алардын 65.5% айыл тургундары болгон.

0-17 жаштагылардын арасындагы балдардын 40.3% жакырчылыкта жашаган, алардын 8% өтө жакырчылыкта.

Тыянак: көз жазгыруу. Депутат Надира Нарматованын айтымына ишенсек, Улуттук статкомитеттин өкүлү Женевада өз мекемесинин маалыматтарын жокко чыгарган. Нарматова сандарды келтирген эмес, бирок жакырчылыктын денгээли боюнча «туура эмес маалыматтарга» жана «Кыргызстандын Тажикстан менен салыштырылышына» нааразы болгон, бирок ошол эле учурда Кыргызстандын Улуттук статкомунун маалыматтары «НПОнун өкүлү Рафиктин» келтирген сандары менен дал келүүдө.

Расмий бийлик өкүлдөрүнүн билдирүүлөрү боюнча, Тажикстанда, Өзбекстанда жана Казакстанда жакырчылыктын деңгээли Кыргызстанга салыштырмалуу кыйла төмөн болгон. Өзгөчө акыркы эки өлкөдө (14% жана 5.2%). Бирок депутат айымдын божомолу боюнча, Өзбекстан менен Казакстан «эксперт Рафикке» төлөгөн имиш, ошондуктан ал бул өлкөлөрдү «кайра-кайра мактаган».