Жорж Соростун өлүмү тууралуу маалымат чындыкка жатпайт

Интернетте “Сорос” фондусунун негиздөөчүсү Жорж Сорос жүрөк оорусунан өлдү деген маалымат таркатылууда. Анын өлүмүн үй-бүлөсү тастыктап берген имиш. Бул Соростун өлүмү тууралуу биринчи билдирүү эмес, бул жолу да ал чындыкка жатпайт.

Жорж Сорос канча жолу “өлгөн”

“Соростун өлүмү” тууралуу жаңылыктар такай пайда болуп турат, ал өзгөчө “Твиттерде” көп пайда болот. Ал эмес чоң маалыматтык агенттиктер да бул жаңылыктарга ишенип, такталбаган маалымат булактарына таянуу менен өз баракчаларында жарыялаган учурлар болгон. Жыйынтыгында бул “сенсация” жаңылыктар түрмөгүнөн бат алынып салынат.

Мисалы, 2013-жылы Reunion басылмасы некрологго таянып, Соростун өлүмү тууралуу жаңылыкты жарыялаган, бул жаңылык сайтта 30 мүнөт илинип тургандан кийин алынып салынган. Редакция төгүндөөнү жарыялап, миллиардерден кечирим сураганга аргасыз болгон. Бирок кыска убакыттын ичинде бул жаңылык Твиттерде кеңири тарап кеткен.

Бул жолу Соростун өлүмү тууралуу жаңылык @CilComLFC твиттер барагында 2022-жылдын 15-майында түнкү саат 2:25те жарыяланган. Кечирээк, кечки 6:30да Open Society Foundations (“Ачык коом” фондулары – Дж.Сорос негиздеген грант берүүчүлөрдүн тармагы, – ред. түш.) уюмунун вице президенти Лаура Силбер маалыматты төгүндөгөн, ал эми бир сааттан кийин Жорж Сорос өзү Твиттерде тирүү экенин билдирген.

Жорж Сорос деген ким?

Жорж Сорос – Венгриядан чыккан америкалык финансист-инвестор, коомдук институттарды чыңдоого жана коомдук турмуштун ар кандай чөйрөлөрүндө активдүүлүктү стимулдаштырууга багытталган жарандык демилгелерди колдогон өзүнүн таасирдүү фонду менен белгилүү. 1990-жылдардын орто ченинде Soros Fund Management ишмердүүлүгүн Кыргызстанда да жүргүзө баштаган.

Ишенимдүү маалымат булактарын колдонгула

Маалымат менен таанышып жатып анын булагына көңүл буруу керек. Эгер бул маалыматты жарыялаган медиа анын биринчи булагы болбосо, анда ушул жаңылыкты ишенимдүү, кадыр-барктуу маалымат булактарынан издеп көргүлө.

Эгер материал бир жактуу болуп, анын автору конфликттин бир тарабына тартып жатса, бул маалымат булагы анчалык ишенимдүү болуп эсептелбейт. Ошондуктан жалгыз эле ушул булакка таяна бербей, жаңылыкты башка маалымат булактарынан, көптөгөн платформалардан издеп көрүү зарыл.   

Тыянак: калп. Жоржа Соростун өлүмү тууралуу жаңылык чындыкка жатпайт, аны филантроп өзү төгүндөгөн болчу.