Сүрөттөгү табышмактуу жанды текшеребиз

1-августта Facebook социалдык тармагында адам алаканындагы таң калычтуу заттын сүрөтү жарыяланды.

Сүрөттүн мүнөздөмөсүндө бул эмне экенин түшүндүрүп берүү өтүнүчү жазылган.  Колдоонуучулар бул тууралуу түрдүү пикири менен бөлүшүп атышты.

Factcheck.kg көпчүлүктү таң калтырган сүрөттү текшерүүнү чечти.

Колдонуучулардын көбү бул фотомонтаж деп божомолдогондуктан, биз аны атайын сервис аркылуу текшерип көрдүк. Жыйынтыгында фотошоптун издерин таба алган жокпуз.

 

Андан соң, сүрөттү издөө системаларынан текшерсек, шилтеменин көбү Facebook социалдык тармагындагы колдонуучулардын баракчаларына алып келди.

 

Колдонуучулардын көбү сүрөттү эч бир мүнөздөмөсүз жана комментарийсиз жүктөгөндүктөн, маалыматтын алгачкы булагын табуу кыйынчылык туудурду. Бирок, ага карабай,  Magic Within аттуу баракчаны таба алдык. Анда ушул сыяктуу таң калычтуу сүрөттөрдүн бир нече түрү жарыяланыптыр. Автор аларды “перилер” деп атап койгон экен. Алардын арасынан биз издеген сүрөт да табылды. Ал 16-июлда жарыяланганы белгилүү болду.

Magic Within —  бул Джек аттуу сүрөтчүнүн арт-баракчасы. Ал Magic Within псевдоними менен белгилүү жана дүйнөдөгү, андан тышкаркы сыйкырдуу фигураларды жасоо менен алектенет. Анын баракчасынан бул тууралуу кеңири маалымат алса болот.

Жыйынтык. Сүрөттө Magic Within аттуу псевдоним менен белгилүү болгон сүрөтчүнүн жасаган оюнчугу тартылган.