Кытайдагы марафончулардын өлүмү тууралуу маалыматты текшеребиз

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам Кытайда 21 марафончу каза болгону тууралуу KyrgyzNews РИА новости басылмасына шилтеме берип, жазып чыккан.
Анда Байинь шаарынан 100 км аралыкта чуркоо эртең менен старт алганы айтылат. Мындан тышкары, жергиликтүү убакыт боюнча түшкү саат бирлерде бийик тоолуу аймакта 20 жана 30-километр аралыгында катуу шамал башталып, мөңгү жаап, спортсмендер суукка кабылган.
Factcheck.kg бул окуянын чоо-жайын териштирди.
Жаңылыкты бир нече маалымат агенттиги жана ошондой эле спорт мааракелерин чагылдырган Sport-Express аттуу сайт жазып чыккан. Алгачкы булак катары news.sina.com басылмасы көрсөтүлөт. Биз бул сайтка баш багып, тиешелүү макаланы таптык.
Кырсык тууралуу CGTN Global News сайты твиттердеги баракчасына жарыялаган.
21 runners have been confirmed dead after extreme weather hit an #ultra-marathon race in northwest #China's Gansu Province. Authorities say temperatures dropped further after nightfall, complicating the rescue operation. 172 runners in total took part in the 100 kilometer race. pic.twitter.com/wN0RNgFeRz
— CGTN Global Watch (@GlobalWatchCGTN) May 23, 2021
Аба ырайы тууралуу гидромецентр жаан жаап өтөрүн жана салкын болорун кабарлаган. Бирок мөндүрдүн жаашы менен катуу шамал күтүүсүз болгон.
Жыйынтык: чындык. Кытайда аба ырайынын кескин өзгөргөнүнөн улам 21 марафончу каза болгону чын.