Пентагон БУОго байланыштуу аномалияларды изилдөө боюнча бөлүм ачтыбы? Текшеребиз

Телеграм-каналдарда “Чагылган” деген белги менен билдирүүлөр таркатылууда – ага ылайык, АКШнын Коргоо министрлиги – Пентагон Белгисиз учуучу объекттерге (БУО) байланыштуу суу астындагы, абадагы жана жер астындагы аномалияларды изилдөө боюнча бөлүм ачып жатат.

Билдирүүлөргө ишенсек, бөлүмдүн аталышы All-domain Anomaly Resolution Office (AARO) болот жана ал Американын федералдык агенттиктеринен БУО тууралуу маалыматтарды чогултуп, аларды талдап турмакчы.

Factcheck.kg бул кабарды текшерди.

Биз Пентагондун сайтына барып, ал жактан ушул жылдын 20-июлу менен белгиленген пресс-релизди таптык, анда чынында эле жогоруда сөз болгон департаменттин ачылышы тууралуу маалымат берилген.

Пресс-релизге ылайык, мурдагы Учактарды идентификациялоо жана башкаруу тобу (Airborne Object Identification and Management Group – AOIMSG) Бардык домендик аномалияларды чечүү кеңсеси (All-domain Anomaly Resolution Office – AARO) деп өзгөртүлүп, функциялары жана мүмкүнчүлүктөру кеңейтилген. Анын директору болуп доктор Шон М. Киркпатрик дайындалган. Акыркы жылдары ал АКШнын Аскердик чалгын башкармалыгынын Ракеталык-космостук чалгын борборунда (MSIC) улук илимий кызматкер болуп иштеп келген.

“AAROнун миссиясы Коргоо министрлигинин жана АКШнын башка федералдык мекемелери менен агенттиктеринин аскердик объектилерде же алардын жанында, операциялар жүргүзүлгөн аймактарда, машыгуу полигондорунда, колдонулуп жаткан аба мейкиндигинде жана башка чөйрөдө кызыгууну жараткан объектилерди табуу, аныктоо жана атрибуциялоо боюнча аракеттерин синхрондоштуруу жана зарыл учурда аларга байланыштуу бардык коркунучтарды азайтуу болуп саналат. Бул аномалдык, белгисиз космостук, абадагы, суу астындагы жана трансчөйрөлүк объектилерди камтыйт”, – деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетүүчу жагдай, былтыр 23-ноябрда АКШнын коргоо министрлиги Учактарды идентификациялоо жана башкаруу тобун (AOIMSG) АКШнын Деңиз күчтөрүнүн белгисиз аба көрүнүштөр боюнча Максаттуу тобунун мураскери катары түзгөн. AOIMSG Департаменттин жана бүтүндөй АКШ өкмөтүнүн Атайын Аба мейкиндигинде (SUA) кызыгууну жараткан объектилерди аныктоо, идентификациялоо жана атрибуциялоо, ошондой эле коопсуздукка жана улуттук коопсуздукка байланышкан бардык коркунучтарды баалоо жана азайтуу боюнча аракеттерин синхрондоштурушу керек болчу. Эми бул топ жогоруда аталган жаңы бөлүм болуп өзгөртүлдү.

Тыянак: чындык. Пентагон чынында эле БУОго байланыштуу баардык маалыматтарды чогулткан жана талдаган бөлүмдү түздү.