Австралияда таажычан вирустан өлгөндөрдүн саны он эселеп өстүбү?

Таажычан вирустун алгачкы штаммына салыштырмалуу азыр COVIDден өлгөндөрдүн саны он эсе өстү. Бул тууралуу австралиялык ЖМКлар билдиришкен. Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматы боюнча, калктын 95%ы вакциналарды эки жана андан көп жолу алган, бирок ага карабай өлүмдүн саны өсүүдө.

Factcheck.kg абал чынында эле ушундайбы, текшерип көрүүнү чечти.

Австралияда эмне болуп жатат?

Австралиянын Саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик департаментинин маалыматы боюнча, бул өлкөдө COVID-19 менен ооруган биринчи адам 2020-жылдын январь айынын аягында аныкталган.

2021-жылдын декабрына карата маалыматтарга ылайык, эң көп ооругандар ушул жылдын октябрь айында катталган. 2021-жылдын декабрынан баштап ооругандардын саны кескин өсүп, 2022-жылдын 14-январында эң чоң көрсөткүч байкалган – бир суткада таажычан вирус инфекциясы менен 155 миң бейтап каттоого алынган. Белгилей кетсек, Австралия калкынын саны 26,3 млн адам.

Таажычан вирустан эң көп өлгөндөрдүн саны 2022-жылдын 26-июлунда байкалган – 86 адам. 2022-жылдын февраль айында да өлгөндөр көп болгон – 70 адам. Омикрон менен ооруган биринчи адам Австралияда 2021-жылдын аягында катталганын белгилей кетишибиз керек. Келтирилген маалыматтардын негизинде, омикрон жаңыдан таркай маалда азыркыга салыштырмалуу өлүмдүн саны азыраак болгонун айта алабыз. Учурда өлүмдүн саны өскөн, бирок ЖМКлар айткандай 10 эсе эмес.

Жалпысынан, таажычан вирустун таркай башташынан бери (26-июлга карата маалыматтар боюнча) 11 миң адам набыт болгон, же калктын 0,1%.

Баарынан көп 80 жаштан 89 жашка чейинки бейтап эркектер өлгөн – 2165 учур, ушул курактагы аялдар дагы таажычан вирустун алдында өтө алсыз болушкан – 1588 учур.

Канча адам таажычан вируска каршы эмдөөдөн өткөн?

Вакцинанын биринчи дозасын 16 жаштан жогору курактагы австралиялыктардын 97,7% (20,1 млн адам) алган, экинчи дозаны – 96,1% (19,8 млн адам), үчүнчү дозаны – 71,2% (14 млн адам).

Кошумчалай кете турган нерсе, улуттук изилдөөлөрдүн акыркы жыйынтыктары боюнча, Омикрондун акыркы толкунуна чейин чоңдордун 46,2% – болжолдуу 9,5 млн адам – SARS-CoV-2 вирусун жуктуруп алышкан.

Тыянак: жарым-жартылай чындык. Австралияда чынында өлүмдүн саны өскөн, бирок 10 эсе эмес.