«Жашыруун Сантанын» белектери, же кантип белгисиз демөөрчүлөр мамлекеттик органдарды белектерге чөмүлттү

2017-жылы аткаминерлерге баасы бир миң сомдон ашкан белектерди алууга тыюу салган «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» мыйзам кабыл алынган болчу. Бирок ага карабай, белгисиз демөөрчүлөрдүн ИИМ менен УКМКга берген белектери тууралуу жаңылыктар байма-бай жарыяланып келүүдө. Мамлекеттик органдар акыркы үч жылда кандай белектерди алгандарын эстейбиз.
Белек: Жалал-Абаддагы УКМК кызматкерлери үчүн үй
Датасы: 2021-жыл, июль
Демөөрчү: белгисиз

Ошондо УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдиргендей, жети бөлүктөн турган үйдө 205 батир болот. Мамлекеттик бюджеттен же мамлекеттик мекемелердин эсебинен каражат бөлүнгөн эмес, курулушту демөөрчүлөр каржыламакчы. Алар кимдер экенин Ташиев айтпады.
Белек: ИИМдин борбордук аппаратынын имаратын оңдоп-түзөө
Датасы: август, 2021-жыл
Демөөрчү: белгисиз
ИИМдин имараты белгисиз демөөрчүлөрдүн эсебинен оңдолуп чыкканы коомчулукта катуу талкууга алынган болчу. Ал эмес ошол кезде парламенттин депутаты Наталья Никитенко расмий түрдө кайрылып, демөөрчүлөр тууралуу маалымат алалган эмес.
Белек: борбор калаанын кайгуул кызмат башкармылыгына Toyota Prius маркасындагы беш автоунаа
Датасы: август, 2022-жыл
Белекти берген: белгисиз
Mashina.kg автоунааларды сатып алуу-сатуу сайты боюнча, Бишкек шаарынын кайгуул кызматынын Instagram-баракчасында көрсөтүлгөн автоунаалардын баасы 2023-жылдын декабрына карата $8500 – $13000 түзөт.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Ошондо мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, аларды «милициянын ишине кайдыгер боло албаган өлкөнүн патриоттору» белек кылган. Ысмыдары белгисиз бойдон калган.
Белек: ИИМге Chevrolet Nexia маркасындагы 18 автоунаа
Датасы: сентябрь, 2022-жыл
Белек кылган: алтын казып-иштетүүчү «Альянс Алтын» компаниясы
Mashina.kg автоунааларды сатып алуу-сатуу сайты боюнча, бир ушундай автоунаанын баасы 2023-жылдын декабрына карата $12 000 түзөт.
«Альянс Алтын» компаниясы Талас облусундагы «Жерүй» кенинде алтынды казып иштетет. Бул Кыргызстандагы Кумтордон кийинки экинчи ири алтын кени болуп эсептелет.

Белек: президентке Chevrolet Suburban маркасындагы 2021-жылы өндүрүлгөн эки автоунаа
Датасы: сентябрь, 2022-жыл
Белек кылган: «чет элдик өнөктөр»
Орусиялык Auto Premium Group.ru автокомпаниянын маалыматы боюнча, ушундай автоунаанын болжолдуу баасы 2023-жылдын декабрына карата $103 000 түзөт.
Былтыр жарандар президенттин кортежинде жаңы автоунаалар пайда болгонун байкашкан. Ошондо мамлекет башчынын басма сөз кызматы мамлекеттик бюджеттен бир да сом коротулбаганын, чопкутталган автоунааларды «чет элдик өнөктөр» гранттык негизде бергендерин билдирген.

Белек: Орто-Сай айылындагы баасы $51 миллионду түзгөн мечит
Датасы: март, 2023-жыл
Белек кылган: ишкер Хабибула Абдукадыр

Хабибула Абдукадыр Кыргызстандын бажы түзүмүндөгү жемкорлук схемалар жөнүндө OCCRP, «Азаттык Радиосу» жана «Клооп» медиаларынын иликтөөсүнүндөгү каармандардын бири экенин эскертебиз.
Белек: Камчыбек Ташиевдин кичи мекениндеги төрөт үйү
Датасы: март, 2023-жыл
Демөөрчү: белгисиз

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айылында 270 млн сом турган үч кабаттуу төрөт үйү аты аталбаган демөөрчүлөрдүн эсебинен курулуп жатат.
Белек: борбор калаанын кайгуул кызмат башкармылыгына Hyundai маркасындагы 2022-жылы өндүрүлгөн эки автоунаа
Датасы: март, 2023-жыл
Белек кылган: белгисиз
Мекеменин өкүлү билдиргендей, белек кылган адам ысымы аталбай белгисиз бойдон калгысы келген.
Датасы: апрель, 2023-жыл
Белек кылган: белгисиз

Mashina.kg автоунааларды сатып алуу-сатуу сайты боюнча, бир ушундай автоунаанын баасы 2023-жылдын декабрына карата 40 000 доллардан жогору.
2012-жылы өндүрүлгөн автоунааны да белгисиз демөөрчүлөр белек кылган.
Белек: Жалал-Абад ички иштер баршкармалыгына Chevrolet Cobalt маркасындагы кызмат автоунаалары
Датасы: май, 2023-жыл
Белек кылган: белгисиз

2023-жылы өндүрүлгөн автоунаалар Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунун ички иштер бөлүмдөрүнө тапшырылган.
Белек: Каракол шаарынын жана Түп районунун ички иштер бөлүмдөрүнө эки автоунаа
Датасы: май, 2023-жыл
Белек кылган: белгисиз

«Демөөрчүлөр укук коргоо органдарынын эмгегин жогору баалай тургандарын билдирип, укук тартибин камсыз кылуу, жарандардын жана коомдун укуктарын коргоо боюнча жасалып жаткан иштерге ыраазычылык иретинде автоунааларды беришти», – деген Ысык-Көл ИИБдин басма сөз кызматы.
Белек: Чоң-Алайдагы УКМКнын имараты
Датасы: сентябрь, 2023-жыл
Демөөрчү: белгисиз

Бийлик өкүлдөрү билдиргендей, бул объект дагы мамлекеттин эсебинен курулган эмес. Бирок бул жолу белгисиз демөөрчүлөр тууралуу сөз кылынбады, кайсы каражатка курулганы – белгисиз.
Белек: Талас облусундагы Аманбаев айылынын айыл өкмөтү үчүн жаңы имарат
Датасы: ноябрь, 2023-жыл
Демөөрчү: Өмүрбек Бабанов
Аманбаев айылынын айыл өкмөтү үчүн $1 млн турган жаңы имараттын ачылышына демөөрчү Өмүрбек Бабанов, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана парламенттин спикери Нурлан Шакиев катышкан.
Жалпы аянты 780 чарчы метрди түзгөн жаңы имараттын курулуш иштери жарым жылга созулган. Анда жергиликтүү өзүн-өзу башкаруу бийлигинин органдары, калкты тейлөө борбору жана музей жайгашат.
Белек: өлкө желегинин алмаштырылышын каржылоо
Датасы: ноябрь, 2023-жыл
Демөөрчү: белгисиз
Өтүп бараткан жылда эң көп талкууланган темалардын бири – парламенттин спикери Нурлан Шакиевдин жана депутат Улан Примовдун Кыргызстандын желегин алмаштыруу тууралуу демилгеси болду. Бул долбоорго керектүү каражатты кайдан табабыз деген суроо жаралган. Шакиев болгону 150 желекти алмаштырыш керек болоорун, буга демөөрчулөр бар экенин айткан, бирок алардын ысымдарын атаган эмес.