БДССУ СOVID-19га каршы вакцинаны зыян деп моюнга алганы чынбы?

2023-жылы 23-майда интернетте Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (БДССУ) “пандемиядан кийин таажычан вируска каршы вирусту зыян экенин” моюнга алган имиш деген жаңылык пайда болду.

“Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму ковидге каршы эмдөөлөр боюнча сунуштамаларын өзгөрттү. Балдарды эмдөө токтотулат, эч ким эми үч жолудан көп эмделбейт, деги – эми бардыгы эмес, тобокелдүү топтор гана эмделиши керек болот”, – деп айтылат маалыматта.

Мүнөздүү сөздөр боюнча издөөбүз көрсөткөңдөй, бул маалыматты биринчиден болуп informing.ru сайты 23-майда кечки саат 20:29да берген. Бир жарым сааттан кийин ушул эле жаңылык кошумча маалыматтар менен “Новые известия” сайтында жарыяланган. Жыйынтыгында “Новые известиянын” жаңылыгын төмөнкү бир нече жаңылык булактары (1, 2, 3, 4, 5) өзүлөрүндө жарыялашкан.

Кызыгы, жалган маалымат сунуштама өзгөртүлгөнүнө эки ай болгондо гана таркатыла баштаган.

Factcheck.kz редакциясындагы кесиптештерибиз бул маалыматты текшерип чыгышкан.

Кененирээк

2023-жылдын 20-23-марттарында БДССУнун Иммунизация боюнча эксперттеринин стратегиялык консультациялык тобунун (ЭСКТ) жыйыны болуп, анда COVID-19га каршы вакциналарды колдонуудагы негизги көңүл бурулуучу жагдайларды аныктоо боюнча жол картасы кайра каралып чыккан. БДССУнун пресс-релизинде белгиленгендей, бул “анда (картада, ред. түш.) “омикрон” штаммынын таасирин жана оорунун жугушу менен эмдөөгө байланыштуу популяциялык имммунтеттин жогорку деңгээлин эске алуу максатында жасалган”.

ЭСКТ COVID-19га каршы эмделип жаткан адамдарды маанилүүлүгү боюнча үч топко бөлүп чыкты: жогорудан төмөндү карай.

Жогорку маанидеги топко кары адамдар, олуттуу оорулары бар жаш курактагы чоңдор (young adults), иммунитети начарлар, анын ичинде 6 айдан улуурак балдар да, боюнда бар аялдар жана баштапкы медициналык-санитардык жардамдын кызматкерлери кирет. Бул топтогулар үчүн акыркы доза алгандарына 6 же 12 ай болгондо кошумча эмдөө сунушталат. Мөөнөтү адамдын жашына жана иммунитетти начарлаткан ооруларына жараша аныкталат.

Орто маанидеги топко эч бир оорусу жок 50-60 жаштагылар жана коштоочу оорусу бар балдар жана өспүрүмдөр кирет. Бул топтогуларга баштапкы серия жана биринчи дозалар сунушталат. Кошумча эмдөө коопсуз болгонунуна карабай, “аны колдонуу жалпы саламаттык сактоо үчүн анчалык деле натыйжалуу эмес экендигин эске алуу менен” ЭСКТ аны такай түрдө колдонууну сунуштабайт. Балким, сунуштаманын так ушул бөлүгү “эч ким эми үч жолудан көп эмделбеши керек” деген бурмалоолорго алып келген болушу мүмкүн.

Аз маанидеги топко 6 айдан 17 жашка чейинки ден соолугу чың балдар жана өспүрүмдөр кирет. Балдарды жана өспүрүмдөрдү эмдөө коопсуз жана жакшы жыйынтык берет. Ошону менен бирге ЭСКТ бул топтогуларды эмдөө тууралуу чечим чыгарып жаткан өлкөлөргө “оорулардын жүгү, чыгымдардын натыйжалуулугу жана саламаттыкты сактоонун башка маанилүү багыттары же программалары жана альтернативдүү чыгымдары” сыяктуу факторлорго таянуу керектигин эскертет. Маселен, консультациялык топтун билдирүүсүндө, дени сак балдардын жана өспүрүмдөрдүн арасында оорунун жүгү аз болот.

Ошентип, БДССУ эмдөөдөн баш тартууга чакырбай эле, аны зыян деп билдирбей эле. Бул сунуштарды кыска жана орто мөөнөткө иш-чараларды пландаштырып жаткан өлкөлөргө жардам берүү аракети катары кабылдоо керек. Мына ошондуктан уюм төмөнкүнү баса белгилейт:

…COVID-19га каршы вакцина боюнча сунуштардын бардыгы убактылуу мүнөздө жана алар учурдагы эпидемиологиялык сценарийде гана колдонулат, кайра эмдөө дозаларын киргизүү боюнча сунуштарды COVID-19га каршы жыл сайын жүргүзүлүүчү кайра эмдөөнүн уландысы катары кабылдабоо керек.

ЭСКТнын төрайымы д-р Ханна Нохинек түшүндүргөндөй: “Дени сак балдар жана өспүрүмдөр кирген аз маанидеги топторду кайра эмдөө тууралуу чечимди кабыл алып жатып ар бир өлкө аларда түзүлгөн кырдаалды эске алуусу керек, ошол эле кезде бул жаш тобундагылардын дени сактыгы үчүн маанилүү болуп эсептелген планга киргизилген эмдөөлөрдү үзгүлтүккө учуратпашы зарыл”.

СOVID-19га каршы вакциналардын терс кесепеттери жөнүндө сөз кылууга тыюу салынды беле?

Жалган маалыматты тараткан жаңылык булактары “пандемиянын башынан эле эмдөөнүн терс кесепеттери тууралуу сөз кылууга тыюу салынган болчу” деп жазып келишет, алардын айтымында, эми гана бул тууралуу айта башташкан имиш.

Чынында, вакциналарды клиникалык сыноолордон өткөрө башташканда эле алардын терс кесепеттери тууралуу айтыла баштаган. Сыноолор так ушул, вакцинанын таасири, анын ичинде терс кесепеттери тууралуу бардык маалыматты чогултуу үчүн уюштурулат. Вакцина колдонууга чыгарылганда дагы, анын терс кесепети тууралуу маалыматтар чогултулуп турат. Так ушундай жол менен Pfizer вакцинасын колдонгондон кийинки миокардиттин жана перикардиттин жана AstraZeneca вакцинасанына кийинки тромбоздун тобокелдиги тууралуу белгилүү болду.

Башынан эле вакциналардын терс кесепеттери тууралуу айтылып келгендигине далил катары 2021-жылдын 31-мартында БДССУнун сайтында жарыяланган бул макаланы келтирсек болот. Макала COVID-19га каршы эмдөөлөр кеңири жүргүзүлө баштаганда жарыяланган болчу. Анда эмдөөдөн кийин байкалышы мүмкүн көп кезиккен, сейрек жана узак мөөнөттүү терс кесепеттери тууралуу сөз болгон.

Чечим: калп. БДССУ “вакцинаны зыян” деп билдирген эмес, ал эми COVID-19га байланыштуу эмдөө боюнча сунуштарды учурдагы эпидемиологиялык абалга жараша өзгөрткөн – учурда ооруп чыкканына же эмделгенине байланыштуу калктын көбүндө таажычан вируска каршы иммунитет бар. Ошондой эле биз текшерген билдирүүдө бул өзгөрүүлөрдүн түпкү маңызы туура эмес берилген. БДССУ өз тыянактарында вакциналардын коопсуздугуна бир нече жолу басым жасаган.

Ошол эле кезде пандемия аяктай элегин эскертебиз. БДССУ COVID-19 эми саламаттык сактоодо эл аралык деңгээлдеги коркунуч эмес экенин гана билдирген.