Йеменде педофилдер өлтүрүлдү делген маалыматты текшеребиз

Өткөн жылдын соңунда Йеменде үч бачабаз (педофил) эл алдында өлүм жазасына тартылды деген маалымат тарады. Социалдык тармактардын колдонуучулары Reporter.kg агенттиги жарыялаган макала менен бөлүшүп атты.

Анда күнөөкөрлөр аянтта алгач атылып, андан соң эл алдында алардын денелери кранга илинген деп айтылат.

Бачабаздык кыргызстандыктар үчүн маанилүү көйгөй болгондуктан, жаңылык Facebook соцтармагынын кыргыз сегментинде кеңири тарап кеткен.

Бачабаздар өлүм жазасына тартылсын дегендер бийликтен Йемендегидей жазаны талап кылышкан. Ал эми айрым колдонуучулар маалыматтан күмөн санап, аны фейк деп кабыл алган.

Factcheck.kg маалыматтын чын-төгүнүн текшерди.

Reporter.kg макаласын The Sun басылмасына таянып жазган. Бирок макалага түздөн-түз эмес, басылманын баштапкы бетине гана шилтеме берген.

Биз Google издөө системасынан The Sun сайтына жарыяланган “педофил, Йемен” деген сөздөрдү издөө үчүн төмөнкүдөй команда беребиз:

Жыйынтыгында бачабаздар тууралуу The Sun  басылмасында эки гана жаңылык чыкканын аныктайбыз. Алар 2017-жылы жайында жана 2019-жылдын февраль айында жарыяланган.

2019-жылы Йеменде бачабаздар өлүм жазасына тартылганы тууралуу маалымат чыккан. Бирок, The Sun басылмасынын макаласы “Репортердукунан” айырмаланганын байкайбыз. Маселен, The Sun бачабаздардын саны үч эмес, эки болгон деп жазат. Мындан тышкары, жабырлануучу бала 10 жашта эмес, 12 жашта деп айтылат. Макала ошондой эле 2019-жылдын 8-9-фералында MirrorNew York PostDaily Mail дүйнөлүк басылмаларга жарыяланган.

Макала боюнча Reuters агенттиги жарыялаган сүрөт «Репортердукунан» айырмаланат.

Google издөө системасынан “үч педофил 10 жашар бала” деп кайрадан издөө салсак, Daily MailMirrorNewsweek ж.б. сайттарга шилтемелер чыгат:

Алардын арасынан TinEye.com  сервисинин жардамы менен маалыматтын эң алгачкы булагын таптык. Ал Daily Mail сайты болуп чыкты.

2018-жылдын август айында өлүм жазасына тартылган үч педофил тууралуу макаланы жарыялоодо бардык жаңылык агенттиктер Европалык пресс-фотоагенттигинин (EPA) сүрөттөрүн пайдаланган.

Ал эми маалыматты орус тилинде издесек,  Yerevan Times жана Qazweek.kz, сайттары макаланы 2019-жылдын  9 жана 12 декабрында жарыялаганын аныктайбыз. Эске салсак, Reporter.kg маалыматты 2019-жылдын 16-декабрында чыгарган. Текст үч сайтта тең бирдей жазылган.

Белгилей кетчү жагдай, AMNESTY INTERNATIONAL эл аралык уюмунун отчетуна ылайык, Йеменде жыл сайын атуу аркылуу өлүм жазасына кабылгандар катталган.

Жыйынтык: чындык.

Йемендин борборунда үч бачабаз өлүм жазасына тартылган. Бирок, окуя Reporter.kg кабарлагандай 2019-жылы эмес, 2018-жылдын август айында болуп өткөн. Ал эми The Sun басылмасы бул окуяны эмес, 2019-жылдын февраль айында болгон башка окуяны чагылдырган.