Путин “болуп-көрбөгөндөй гуманитардык катастрофага” Украинаны айыптуу деп атады, чындыгында ким күнөөлүү?

CREATOR: gd-jpeg v1.0 (using IJG JPEG v80), quality = 80

Орус ЖМКларынын  маалыматы боюнча Путин Чыгыш экономикалык форумда чыгып сүйлөгөн сөзүндө украин буудайын чыгарып кетүү үчүн Москва болгон күчүн жумшагандыгын билдирген.  Жыйынтыгында буудай өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө эмес  Европага жөнөтүлүп жатыптыр. БУУнун муктаж өлкөлөргө жардам берүү боюнча Бүткүл дүйнөлүк программасынын алкагында Африка өлкөлөрүнө Украинадан 2 млн тонна буудайдан 67 миңи гана эки кеме менен жеткирилген. Ушул себептен Путин келишимдин шарттарын карап чыгуу үчүн Түркиянын президенти Эрдоганга кайрылууну ниет кылууда.

Путин форумда. ©Дмитрий Азаров, “Коммерсантъ”

Factcheck.kg редакциясынын журналисттери Орусиянын президентинин сөздөрүн текшерип анын калпын жана манипуляциясын аныкташты.

Эскерте кетсек, Орусия согуш баштагандан бери Украина дүйнө рынокторуна миллиондогон тонна буудайды чыгара албай калган. Мунун айынан өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө тамак-аш кризиси башталып баалар кескин кымбаттаган.

Учурда 82 өлкөдө рекорддук 345 миллион адам азык-түлүктүн жетишсиздигине кабылышты. 45 өлкөдө 50 миллиондой адам ачарчылыктын алдында турат жана гуманитардык жардамсыз калуу коркунучу бар. Бул негизинен Африка жана Азия өлкөлөрү.

22-июлда Украина, Орусия, Түркия жана БУУ буудай жана башка азык-түлүктү Кара деңиз аркылуу коопсуз ташуу жолжоболорун макулдашышкан. Кара деңиз демилгеси Украинага буудайды үч порт аркылуу экспорттоого жол ачат: Одесса, Кара деңиз жана Түштүк.

 Сатуу тууралуу маалыматтар дал келбейт

Украинанын инфраструктура министрлигинин маалыматы боюнча  7-сентябрдан баштап, Украинанын азык-түлүгү менен биринчи кеме чыккандан бери 2.37 миллион тонна агропродукция экспорттолгон. Атап айтканда, Азия өлкөлөрүнө 1,04 миллион тонна менен 54 кеме, Европага 0.85 миллион тонна менен 32 кеме, Африкага  0.47 миллион тонна менен 16 кеме агропродукция жөнөтүлдү.

Бул маалымат Путиндин 7-сентябрда Чыгыш экономикалык форумда сүйлөгөн сөзү менен дал келбейт: Украинанын портторунан 87 кеме чыккан; Африкага болгону 2 кеме жөнөтүлгөн.

Кара деңиздеги дан демилгеси боюнча 26 000 тоннадан ашык украиналык азык-түлүктүн биринчи партиясы 3-августта Ливандагы көздөгөн жерине жеткирүүгө уруксат алган. © УКГВ/Левент Кулу

Путиндин төмөнкү айткандары гана чындыкка дал келет: 7-сентябрга чейин дүйнөлүк азык-түлүк программасы дүйнө жүзү боюнча гуманитардык иш-аракеттерин колдоо үчүн Украинадан буудай жүктөө үчүн  үч гана кемени каттаган.  Алардын ичинен эки кеме Йемен жана Эфиопиянын тургундарына  жөнөтүлгөн.  Бортунда 60 миң тоннадан ашык буудай болгон.

Бирок жалпы эле Африка тууралуу сөз кыла турган болсок, Египетке 8 кеме (192 миң тонна дан), Суданга 3 кеме (115 миң тонна), Кенияга 1 кеме (50 миң тонна), Алжирге 1 кеме (44 миң тонна), Сомалиге 1 кеме (29 миң тонна), Джибутиге 1 кеме (23 миң тонна) жана Ливияга 1 кеме буудай (16.5 миң тонна) жөнөтүлдү.

7-сентябрга чейин “100гө жакын кеме” жөнөтүлгөндүгүн Түркиянын улуттук коргоо министри Хулуси Акар дагы  тастыктады.

БУУ, Түркия, Орусия жана Украина башкарган   Бириккен БУУнун координациялык борборунун (JCC) маалыматтары дагы жалпысынан украин тараптын маалыматтарын ырастайт: 7-сентябрга карата Украинадан 2.3 миллион тоннадан ашык буудай салынган 100 кеме чыгып кеткен.

Алардын ичинен 20% буудай Түркияга жөнөтүлүп, 27%ы  Азия өлкөлөрүнө бөлүштүрүлгөн: Кытай (7%), Корея Республикасы (6%), Иран (5%), Индия (4%), Израиль (2%), Йемен (2%) жана Ливан (<1%).

ЕБне  жөнөтүлгөн  36% азыктын 15%ы  Испанияга, Италияга (7%), Нидерландыга (5%), Румынияга (4%), Германияга (3%), Ирландия жана Италияга (1%), Болгария жана Грекияга (<1%) жеткирилген.

Жүктүн калган 17%ы  Африка өлкөлөрүнө: Египет (10%), Судан (3%), Кения (2%), Сомали (1%) жана Джибутиге (1%) жөнөтүлгөн.

Белгилей кетүүчү нерсе, Түркия буудайдын алдыңкы 10 өндүрүүчүсүнүн  катарына кирет жана ундун негизги экспортеру болуп саналат. Ал жерге келген эгинди Азия жана Африканын жакыр өлкөлөрүнө же Европага жөнөтсө болот. Бара турган жерлери JCC тарабынан катталбайт.

Орусия Украинадан чыккан буудайды контролдоого укугу барбы?

Путиндин айтымында, дээрлик бардык өнүмдөр БУУнун азык-түлүк программасы пландаштыргандай өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө эмес, Европага жеткирилген.

Орусиянын тышкы иштер министрлиги буга чейин Украина портторунан азык-түлүк салынган кемелердин географиясы БУУнун жетекчилиги менен макулдашылбайт жана муктаж болгон Африка өлкөлөрүнө жардам берүү максатын көздөбөй жатат,- деп билдирген.

Бул жагынан алып караганда орус президенти украин портторунан буудай экспортун чектөө керек деп эсептейт. Бул туурасында Чыгыш экономикалык форумда айткан.

Бирок Европа менен Украинанын көптөгөн алака байланыштары орус баскынчылыгына чейин түзүлгөн келишимдер боюнча жүргүзүлүп  жаткандыгын эске алганда Кремлдин агропродукциянын жеткирилишин көзөмөлдөө укугу барбы, деген суроо туулат. Украина жок деп эсептейт.

“Стамбулда кол коюлган келишимдер … бир гана жүк ташуучу кемелерди Кара деңизден өткөрүү жөнүндөгү маселеге гана тийиштүү. Орусия Украинага өзүнүн буудайын кайда жөнөтүшү керектигин айта албайт, ошондой эле Украина Орусияга да ошенте албайт”, — деп  «Рейтер» басылмасына Украинанын Президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк билдирген.

JCCнин Euronews үчүн жасаган билдирүүсүндө “Кара деңиздеги дан демилгесинин максаты дан эгиндерин рынокко коммерциялык жеткирүүнү көбөйтүү, бул азыктүлүктүн баасын төмөндөтүүгө жана кармап турууга жардам берет”, деп айтылат. Башкача айтканда, Украина эгинди Европага жеткирүүдө айыптуу эч нерсе жасап жаткан жок жана төрт мамлекеттин келишимине каршы келбейт.

Бул маалыматты кыйыр түрдө өкмөттүн көзөмөлүндөгү орус маалымат каражаттары дагы  ырастоодо.

Дүйнөнү гуманитардык катастрофага чындыгында ким алып барууда?

Өз сөзүндө Путин буудай жөнүндө, ал эми Украинанын инфраструктура министрлиги агропродукция жөнүндө сөз кылууда, анткени Россиянын президенти айтып жаткан БУУнун Азык – түлүк программасы – Путин баса белгилеп кеткендей, бул бир гана буудай менен гана эмес, азык-түлүк менен камсыз кылуу программасы.

Украина дүйнөдө жалгыз экспортер эмес, дүйнөлүк өндүрүштө жана азык-түлүк менен камсыздоодо  бешинчи орунда турат (2021-жылга карата). Бул жакыр өлкөлөр азык-түлүк, анын ичинде буудай менен башка өлкөлөр тарабынан да камсыз болуп келгенин билдирет. Биринчи кезекте Орусия.

Бирок Владимир Путин өз сөзүндө бул фактыны этибарга албай, Украинаны алдыдагы гуманитардык катастрофага күнөөлүү деп атады:

“… 3%ы гана өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө багытталган. Көптөгөн Европа өлкөлөрү мурунку ондогон жана кылымдардагы колонизаторлор катары иш алып баргандай эле, бүгүнкү күндө да иш-аракетин улантып жатышат… Мындай мамиле менен дүйнөдө азыктүлүк менен камсыз кылуу көйгөйлөрүнүн масштабы жогорулай берет… Бул болуп көрбөгөндөй гуманитардык катастрофага алып келиши мүмкүн“.

 Чын эле ушундайбы?

Мисалы, БУУнун маалыматына ылайык, кургакчылыктан жапа чеккен Сомали жана Эфиопиянын жашоочулары үчүн Африкага жеткирилген 23 миң тонна буудай бир айдын ичинде 1.5 миллион адамды толук азыктандырууга жетиштүү.

Владимир Зеленский 6-сентябрда билдиргендей, Украина өз буудайы менен дүйнөнү сактоону уланта бермекчи.  Жакынкы апталарда Сомали дагы 28.6 миң тонна азык-түлүк алат. Чындап эле 1-сентябрда Сомалиге аталган жүк менен кеме жөнөтүлгөн.

Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын маалыматы боюнча согуш мезгилине чейин Украина жылына 400 миллион адамды азыктандыруу үчүн жетиштүү азык-түлүк өндүрүп, дүйнөдөгү эң ири дан экспорттоочулардын бири болгон. Көйгөйлөр согуш башталгандан кийин пайда болду: Украина деңизде орус аскерлери тарабынан тосулду, ал эми дан эгиндеринин ири экспортеру болгон Орусияга каршы санкциялар киргизилди.

Мындан тышкары, БУУнун жана Түркиянын ортомчулугу менен түзүлгөн июль келишими болгону 120 күнгө созулат. Эгер Орусия кайра карап чыгууну талап кыла берсе, келишим ноябрь айынан кийин узартылбай калышы мүмкүн, бул ансыз деле катастрофалык кырдаалды тереңдетет.

Жыйынтык: жалган жана манипуляция.  Путин маалыматтарды бурмалап, Украинаны гуманитардык катастрофага айыптады, анткени анын азык-түлүгү ачка өлкөлөргө эмес, Европага кетет деп эсептейт. Чындыгында, жүктөрдүн үчтөн бир бөлүгү гана Европага кетет жана азыркы учурда кырдаал толугу менен Украинага эмес, Россияга көз каранды.