Шылуундардын таркатмасы: Дүйнөлүк банк кыргызстандыктарга $750 млн таратат

Жергиликтүү WhatsApp топтордо Дүйнөлүк банк кыргызстандыктарга бекер акча таратып жатат деген маалыматтар таркатыла баштады. Factcheck.kg сайтынын окурмандары бул маалыматтын калп-чынын аныктап берүүнү суранышты.

“Көп бөлүшүлгөн” деген белгиси бар билдирүүдө Дүйнөлүк банк жакырчылыкты жоюу максатында $750 млн каражатты тарата тургандыгы, “103015 сомдон кем эмес” акчаны алуу үчүн болгону шилтеме аркылуу өтүү керектиги айтылат. Биздин кабарчы билдирүүдөгү шилтеме аркылуу өтүп, талап кылынган баардык аракеттерди жасап көрдү (сураныч, эч качан кайталабагыла).

Шилтеме бир барактуу сайтка алып келди. Анда маалымат дээрлик жок десек болот, сүрөттөрү да начар сапаттагылар, ал эми ылдый жагында адамдардын пикирлери жайгаштырылган, бул акча алгандардын пикирлери имиш.

 

Сайтта акча алыш үчүн баскычты басуу сунушталат.

Андан соң “акча алуу мүмкүнчүлүгүн текшерүү максатында” телефондун номурун киргизүүнү суранышат. Биз ойдон чыгарылган телефон номурду киргизип ары уланттык – “текшерүү” башталды:

Андан кийин бизге текшерүү ийгиликтүү аяктаганын, жакында убадаланган акчаны алаарыбызды билдиришти:

Башка баракка өткөнүбүздө сайттын жогору жагындагы билдирүүдө акчаны алуу үчүн болгону WhatsApp деген белгини басып, маалыматты 12 адамга жиберүү керектиги айтылат:

Дүйнөлүк банктын расмий сайтында $750 млн каражатты кыргызстандыктарга бекер таратуу тууралуу эч бир маалымат жок. Издөө кызматтары аркылуу издегенибизде да эч кандай маалымат табылбады.

Тыянак: Калп. Бул маалымат чындыкка жатпайт, ал эми шилтеме адамдардын жеке маалыматтарын чогултууну жана калп маалыматты андан ары таркатууну көздөгөн фишинг сайтка алып барат.

Factcheck.kg сайтынын командасы алардын кабарчысы кылган аракеттерди кайталабоого, скриншотто көрсөтүлгөн шилтеме боюнча өтпөөгө, дегеле белгисиз, күмөндүү сайттарга өтпөөгө жана өзүңөр тууралуу маалыматты калтырбоого чакырат.