Киевдин жанында дүйнөдөгү эң чоң Ан-225 “Мрия” учагы күйүп кеткени чын

Интернет айдыңында Киевдин жанындагы аэродромдо согуштук аракеттердин натыйжасында дүйнөдөгү эң чоң Ан-225 “Мрия” учагы жабыркаганы тууралуу маалымат пайда болду. Бул жаңылыкты Facebook социалдык тармагынын кыргыз сегментинин колдонуучулары да бөлүшүп, кызуу талкуулашты.

Factcheck.kg талкуу жараткан билдирүүнү текшерип көрдү.

“Укроборонпром” мамлекеттик концернинин башкы директору Юрий Жуков Facebook социалдык тармагында дүйнөдөгү жалгыз учак жок кылынганын тастыктаган. Мындан тышкары, маалыматты учактын ээси “Антонов” авиа компаниясы жана Украинанын президенти Владимир Зеленский да тастыктаган.

 

Flight Radar аттуу учактарга мониторинг жүргүзүүчү сайттын маалыматына ылайык, UR-82060 номурлуу АН-225 “Мрия” учагы 4-февралда Бишкектеги “Манас” аэропортунан Даниянын Биллунн аэропортуна учуп кеткен. 5-февралда учак Гостомелдеги “Антонов”аэропортуна учкан жана ошол күндөн тарта эч жакка уча элек эле.

 

Учурда учактын бузулушуна ким себепкер болгону тууралуу талаш-тартыш болууда. Украин тарап учак 24-февралда орусиялык тик учактардын абадан чабуулунан улам өрттөлдү деп билдирди. Ал эми Орусия тарап учак украин аскерлеринин аэродромду аткылоосунан улам жабыркаганы тууралуу маалымат таратууда

“Антонов” авиакомпаниясынын маалыматына ылайык, 24-февраль күнү эртең менен учак Киевге жакын Гостомелдеги аэродромдун ангарында оңдоп-түзөөдөн өткөн. Моторлордун бири оңдолуп жаткандыктан, ошол күнү учакты эвакуациялоого мүмкүн болгон эмес.

24-февралда күйүп жаткан “Антонов” аэропортунун видеолору пайда болду. “Антонов” мамлекеттик ишканасынын эки кызматкери “Азаттык” радиосунун журналисттерине орусиялык аба чабуулунун натыйжасында аэропорттун аймагында унаа токтотуучу жайда турган АН-225 учагы күйүп кеткенин билдирген. Журналисттер “Мрия” жайгашкан талкаланган ангардын сүрөтүн жарыялаган.  

 

Учурда күнөөкөр тууралуу так кесе айтуу мүмкүн эмес. “Антонов” авиакомпаниясынын эксперттери  учактын канчалык деңгээлде бузулганын  жана себебин, ошондой эле калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн жана наркын изилдей алышпайт, анткени алар жүрүп жаткан согуштук аракеттерден улам аэродромго кире албай атышат. 

“Гостомелдеги аэродромдун аймагында салгылашуулар жүрүп жатат. Учакка кирүү мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, анын техникалык абалын, ошондой эле калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн жана баасын дагы эле баалоо мүмкүн эмес”. “Антонов” авиакомпаниясы

“Укроборонпром” мамлекеттик концерни Facebook баракчасында учакты калыбына келтирүүнүн баасын болжол менен 3 млрд доллар, ал эми иштөө мөөнөтүн 5 жыл деп билдирген.  Ал эми “Антонов” авия компаниясы Twitter баракчасына учурда жыйынтык чыгаруу эрте жана жаңы маалымат пайда болору менен колдонуучулар менен бөлүшөрүн белгилеген.

Ан-225 “Мрия” – О.К. Антонов атындагы ОКБ тарабынан иштелип чыккан кошумча жүк көтөрүү жөндөмдүүлүгүнө ээ транспорттук реактивдүү учак. Дүйнөлүк авиациянын тарыхындагы эң чоң жана эң көтөрүүчү учак. Ал СССРде бир нускада Киев механикалык заводунда (долбоор жетекчиси – В. И. Толмачев) 1984-1988-жылдары долбоорлонуп курулган.

Алгачкы жолу 1988-жылдын 21-декабрында учкан. Алгач эки машина коюлган; 2022-жылдын февраль айынын аягына чейин бир гана нускасы учуу абалында жана украиналык Antonov Airlines компаниясы тарабынан иштетилген. СССР кулагандан кийин ал Украинанын менчигине өтүп, УР-82060 номерин алган.

Жыйынтык: чындык. АН-225 “Мрия” учагы “Антонов” аэропортундагы согуштук аракеттерден жапыр тарткан. Учурда анын бузулушунун күнөөкөрү, учактын техникалык абалы жана кыйроо даражасы толук аныктала элек.