“Кумтөр” 30 жылдыгына карата белектерди ойноткону – фейк маалымат

“Кумтөр Голд Компани” 30 жылдыгына карата белектерди ойноткону тууралуу маалымат мессенджерлерде тарады. Ал үчүн колдонуучулар берилген шилтеме аркылуу өтүп, суроолорго жооп берүүсү зарыл. 

Factcheck.kg бул жараяндын чын-бышыгын текшерип көрдү.

Белгилей кетсек, буга чейин  “Газпром”, Coca-Cola , Disney жана башка компаниялардын белектерди ойнотуп атканы тууралуу маалыматын текшерип көрүп, төгүндөгөнбүз.

Байгелүү болуу үчүн эмне кылуу керек?

Алгач берилген шилтеме аркылуу өтүп, суроолорго жооп берүү сунушталат. Андан соң  5000 же 10000 cом өлчөмүндө белек тандап, 20 тайпага же 50-60 колдонуучуга таратуу керек.

Мындан кийин колдонуучу iPhone 13 Pro Max ойнотулган башка эле конкурска туш болот, айрым учурда иштебеген шилтемени алат. 

Биздин текшерүүнүн жыйынтыгы: 

  1. Белек ойноткон сайт 2021-жылы 10-октябрда кытайлык “chenchun guang” доменине катталган жана “Кумтөр Голд Компаниге” тиешеси жок.
  2. Кумтөр Голд Компанинин” 30 жылдыгы 2023-жылы болот.
  3. Байгеде колдонулган сүрөт “Кумтөр Голд Компанинин” расмий сайтынан 2021-жылдын 22-декабрында жарыяланган отчетунан алынган. Сүрөттө ишкананын 5, 10, 15, 20 жана 25 жыл иштеген кызматкерлери тартылган.
  4. Компаниянын расмий сайтында байге ойноткондугу тууралуу маалымат жок.

Жыйынтык: фейк, зыян келтирген шилтемелерди шылуундук жана манипуляция аркылуу жайылтуу (фишинг).