Жаныш Бакиевдин Руслан Казакбаев менен түшкөн сүрөтүн текшеребиз

 2020-жылдын 14-октябрында Facebook социалдык тармагында Жаныш Бакиев менен тышкы иштер министри болуп дайындалган Руслан Казакбаевдин сүрөтү жарыяланды.  Сүрөт Кыргызстанда тартылбаганы байкалып турат, ал эми автор «бул өлкөдө эч нерсе өзгөрбөйт» деп жазган.

Көпчүлүк колдонуучулар сүрөттүн анык экенине күмөн санагандыктан, Factcheck.kg анын таржымалын текшерип көрдү.

 Алгач Yandex аркылуу издөө салып, дал ушундай сүрөт  2012-жылдын 17-августунда “Дизель” форумунда жарыяланганына күбө болобуз. Ал кезде Руслан Казакбаев азыркыдай Тышкы иштер министрлигин жетектеп турган эле. Сүрөттү жарыялаган колдонуучу анын автору эмес экени жана ал маалымат булагы катары Саясат.kg сайтын көрсөткөнүн көрүүгө болот. 

Андан соң кошумча издөө салып, Саясат.kg сайты 2012-жылдын 14-августунда тиешелүү макала жарыялаганын аныктадык. Аталган сайт маалымат булагын белгисиз автор Адылбек Касымов экенин, ал эми сүрөт Руслан Казакбаевдин электрондук дарегин бузуу аркылуу алынганын белгилеген.  

 Саясат.kg күмөн жараткан маалымат булагын көрсөткөндүктөн, Factcheck.kg тиешелүү онлайн куралдардын жардамы менен сүрөттү анализдеп көрдү. 

Андагы каталарга саресеп салып (Error Level Analysis), фотомонтажды байкаган жокпуз. Казакбаев менен Бакиевдин денелери, фотошоп көп колдонулган баштары өзгөрүүгө учураган эмес. 

Жасалманы аныктоочу жарыктын градиентин анализдеп, сүрөт каармандарынын жарыгы, өң-түсү обочолонбой, бирдей болгонун көрөбүз. Бул сүрөттө жасалма жок экенинен кабар берет.

Андан соң Руслан Казакбаевдин 2011-жылы тышкы иштер министр кызматын аркалаган мезгилдеги сүрөтүн таап, аны Бакиев менен түшкөн сүрөтү менен салыштырабыз.

2011-жылы (оң жактагы сүрөт) Казакбаев улуураак көрүнгөнү байкалат. Мындан улам, Бакиев менен түшкөн сүрөт 2005-жылдан 2009-жылга чейинки аралыкта Казакбаев  Стамбулдагы (Туркия) генералдык консул кызматын аркалап турган мезгилде Бакиевдин расмий сапарынын учурунда тартылган деп божомолдойбуз.

Жыйынтык.  Анализдин жыйынтыгында фотомонтаж издери табылган жок. Сүрөт Казакбаев Стамбулда генконсул кызматын аркалап турган мезгилде расмий жолугушуу учурунда тартылган деп божомолдойбуз.