Темирлан Султанбеков: Акаев жана Бакиевдин тушунда акча таратылган эмес

6-апрелде КТРКнын түз эфиринде Бишкек шаардык кеңешине аттанган талапкерлердин дебаты болуп өттү. Дебатка “Кыргызстан демократиялык кыймылы”, “Тандоо эркиндиги”, “Ишеним”, “Замандаш” жана Эмгек” партияларынын өкүлдөрү катышты. 

Дебаттын жүрүшүндө “Социал-демократтар” партиясынын өкүлү Темирлан Султанбеков Аскар Акаев жана Курманбек Бакиевдин тушунда шайлоочуларга акча таратылбаганын билдирген. Анын айтымында бийликтеги партиялар добуштарды сатып албастан, өз ара бөлүшүп алчу.

Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрдү.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун отчетуна ылайык, 2005-жылдын 27-февралында жана 13-мартында эки этапта өткөн парламенттик шайлоодо добуш сатып алуу эң негизги мыйзам бузуу болгон.

2007-жылдын декабрында өткөн парламенттик шайлоодо да добуш сатып алуу эң көп тараган мыйзам бузуулардын бири болуп калган.

Жыйынтык: жалган. Шайлоочулардын добушун сатып алуу Акаевдин тушунда да, Бакиевдин тушунда да болгон.