“Ак Бата” партиясынын мүчөсү “Түлеевдин жер мафиясы” иликтөөсүндө айтылат

39 жаштагы Эрнест Жапаров Бишкек шаардык кеңешке “Ак Бата” партиясынын курамында аттанды. Ал борбор калаанын мурдагы башчысы Нариман Түлеев жетектеген партиянын тизмегинде сегизинчи орунда.

Жапаров тууралуу “Политклиника” басылмасынын “Нариман Түлеевдин жер мафиясы” аттуу иликтөөсүндө айтылат. Иликтөөдө ал Түлеев менен байланышы бар экенин четке каккан. Журналисттердин бул тууралуу суроосуна Жапаров мурдагы мэрди “сыналгыдан көргөнүн жана эки ирет жолукканын” айткан.

2009-жылы Нариман Түлеев мэр болуп турган кезде алты жаранга жер тилкелерин бөлүп берүү тууралуу токтом чыккан. Жер тилкесинин бири Эрнст Жапаров аттуу жаранга бөлүнүп берилет. Ал 2011-жылы дагы эки жер тилкесине ээ болот. “Политклиниканын” маалыматына ылайык, үч участок кийин Асель Ташболота аттуу жаранга сатылган. Журналисттер Асель Ташболотова Нариман Түлеевдин бир тууганы Нарынбек Түлеевдин кызы экенин аныктаган.

Белгилей кетсек, Нариман Түлеев шаардык кеңешке аттанып, учурдагы үгүт кампаниясынын алкагында оппоненттеринин мыйзамсыз жер тилкелерин алгандыгын айтууда. Мисалы, Facebook социалдык тармагындагы “Ак Батанын” баракчасында Салымбековдордун Бишкектеги 200 га жерге ээлик кылганы жазылган:

Партиянын программасында бүгүнкү күндө борбор калаада жашоо үчүн ыңгайлуу шарттардын жоктугу, жөө адамдар жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жагымсыз чөйрө түзүлгөндүгү жана эс алуу жайлары жоктугу белгиленет. Ал эми талапкерлер бул көйгөйлөрдү чечүү жолдорун билери айтылат.

2019-жылы “ПолитКлиника” басылмасы өз иликтөөсүндө Нариман Түлеевдин турак-жайларга муктаж адамдар аркылуу алты жер тилкесине мыйзамсыз ээлик кылганын белгилеп, укук коргоо органдарына кайрыларын жазып чыккан.