Жаңыланган. Өзбекстан Кемпир-Абад суу сактагычында 22 млн АКШ долларына сууга түшчү жерди курабы? текшеребиз

Материалыбыз жарыялангандан кийин окурмандарыбыз 2021-жылы жана 2022-жылдын биринчи жарымында коомдук тармактарда жана бир катар маалыматтык сайттарда 2022-жылдын соңуна чейин Ханабад шаарында, “Кампирровот” кичирайонунун аймагында ири туристтик комплексти – Жаңы Өзбек деңизин куруу пландаштырылганы тууралуу маалыматтар чынында эле жарыяланганын эскертишти. Долбоор жалпысынан 69 млн долларга (789,5 млрд сум же 6 млрд сом) бааланган.
Башка маалыматтар боюнча, аянты 68 гектарды түзө турган жасалма көлдү Андижан суу сактагычынын (Кемпир-Абад – ред. түш.) жанында куруу пландаштырылган. Долбоордун бюджети 50 млрд сумду ($4,4 млн же 383 млн сом) түзгөн.
Бирок 3D сүрөттөлүшү көрсөтүлгөн видеодон жана болжолдуу түрдө курулуш жүргүзүлө турган жердеги баннердин фотосүрөтүнөн башка эч бир маалыматтар жок.
План боюнча, жасалма көлмөнүн курулушу 2022-жылы аякташы керек болчу, андан кийин анын айланасында курорттор курула баштамак. Бирок учурда жасалма көлмө тууралуу эч бир маалымат жок.
Редакция окуялардын өнүгүшүнө көз салып турмакчы.
6-июнда интернетте Өзбекстанда Кемпир-Абад суу сактагычынын жанында 250 млрд сумга (1,9 млрд сом же $22 млн) сууга түшчү жер курулат деген маалымат пайда болду. Маалымат менен коомдук тармактарда жана Telegram-каналдарда бөлүшүштү.
Factcheck.kg сайтынын редакциясы маалыматтын аныктыгын текшерди.
Кемпирровот районунда суу сактагычты куруу тууралуу маалыматты издөө көрсөткөндөй, бул тууралуу жаңылыкты жарыялагандын бардыгы бир гана булакка таянышкан – “Кабарлар” сайтына.
Негизги сөздөр боюнча издөө да жалгыз булакты – “Кабарларды” көрсөттү. Шилтемеге таянсак, бул басылма жаңылыктан сырткары 3D сүрөттөлүшү көрсөтүлгөн видеороликти да жарыялаган.
Бирок келтирилген шилтеме боюнча жаңылык ачылбады. Коомдук тармактардан да кумжээктин курулушу тууралуу маалыматты табууга мүмкүн болбоду, бирок ошол эле кезде Google’дун издөө кызматы азыркыга чейин Facebook коомдук тармагына шилтемелерди берип келет.
Бул жаңылык сайттан алынып салынган болушу керек.
Бирок Өзбекстан Кемпирровот районунда 250 млрд сумга сууга түшчу жерди курууну пландаштырып жатабы?
Биз аныктагандай, Өзбекстандын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча февралда эле туристтик аймактарда инженердик-коммуникациялык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча 2024-2025-жылдарга кошумча иш-чаралардын планы иштелип чыккан.
Бул планда “Кемпирровот” району бир гана жолу аталат, болгондо да Ханабад шаарынын ичиндеги жолдордун биринде цементбетондон жол куруу боюнча. Сууга түшчү жер тууралуу бир да сөз жок.
Белгилей кетүүчү жагдай, эки жылга эсептелген бардык иштердин (жолдорду жана көпүрөлөрдү, ичүүчү суу менен камсыздоо жана канализация тармактарын куруу жана оңдоо, электр менен камсыздоону жакшыртуу жана коммуникациялык жана маалыматтык инфратүзүмдөрдүн объектилерин өнүктүрүү) жалпы бюджети 205 млрд сумду түзгөн (1,6 млрд сом же $18 млн). Бул сөз кылынган сууга түшчү жерди куруу боюнча жаңылыктагы сандан 45 млрд сумга (350 млн сом же $4 млн) аздык кылат.
Тыянак: далилденбеди. Өзбекстандагы туристтик райондорду жакшыртуу боюнча планда сууга түшчу жерди куруу иштери тууралуу эч нерсе жок. Анан да, бул жаңылык бир гана “Кабарлар” сайтында жарыяланган, кийин ал алынып салынган. Башка жаңылыктар 2021-2022-жылдары негизинен өзбек маалыматтык булактарында жарыяланган. Алардын маалыматы боюнча, курулуш иштери 2021-жылы башталып, 2022-жылы аякташы керек болчу, бирок ал ишке ашкан жок.