“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоордун авторлоштору “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы жана “Мекенчил” депутаттык тобу болду. Factcheck

Жогорку Кеңештин профилдик комитеттерине коммерциялык эмес уюмдардын (КЭУ) ишмердүүлүгүн жана мамлекеттик каттоону жөнгө салган мыйзамдарга толуктоолор жана өзгөртүүлөр талкууга түштү.

Надира Нарматова менен биргеликте алардын авторлоштору болуп 32 депутат саналат. Factcheck.kg редакциясы алар кайсы партиялардан экенин тактап чыкты.

Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамга кандай өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушалууда

Негиздемеге ылайык, долбоор “коммерциялык эмес уюмдардын ишинин ачык-айкыныдыгын камсыз кылуу максатында” иштелип чыккан.

КЭУларды өзүнүн ишмердүүлүгү, жеке курамы, каражатты жана башка мүлктү, анын ичинде чет элдик булактардан алынган каражатты колдонуу максаттары тууралуу отчетту Юстиция министрлигине берип турушун милдеттендирүү каралган. Чет элдик өкүл статусун алган уюмдар ага кошумча аудитордук текшерүүнүн жыйынтыктарын берип туруусу керек болот.

Мындай КЭУларда пландуу текшерүү жылына бир жолудан көп болбошу керек.

Коммерциялык эмес уюмдарга карата Юстиция министрлиги төмөнкүлөргө укуктуу:

  • Коммерциялык эмес уюмдун башкаруу органдарынан алардын тескемелөөчү документтерин суратып алууга
  • Коммерциялык эмес уюмдун финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматтарды мамлекеттик статистика органдарынан, салык органдарынан, жана башка мамлекеттик көзөмөлгө алуу жана контролдоо органдарынан, ошондой эле кредиттик жана башка финансылык уюмдардан суратууга жана алууга
  • Өз өкүлдөрүн коммерциялык эмес уюм тарабынан өткөрүлгөн иш-чараларга катышуу үчүн жиберүүгө
  • Коммерциялык эмес уюмдун ишинин, анын ичинде акча каражаттарын чыгымдоо жана башка мүлктү пайдалануу боюнча, анын уюштуруу документтеринде каралган максаттарына ылайыктуулугун текшерүүлөрдү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүүгө
  • КРдин мыйзамдарын бузуулар табылган же коммерциялык эмес уюм же анын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан анын уюштуруу документтеринде каралган максаттарга каршы келүүчү иш-аракеттер жасалган учурда, жол берилген бузууну жана аны четтетүүнүн бир айдан кем эмести түзгөн мөөнөтүн көрсөтүү менен, ага жазуу жүзүндө эскертүү берүүгө. Коммерциялык эмес уюмга чыгарылган эскертүүгө жогору турган органга же соттко даттанылышы мүмкүн;
  • Өзүнүн чечими менен, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, аны чет өлкөлүк өкүлдүн функциясын аткаруучу коммерциялык эмес уюмдардын реестрине киргизүү жөнүндө арыз бербеген, чет өлкөлүк өкүлдүн милдетин аткаруучу коммерциялык эмес уюмдун ишин алты айдан көп эмес мөөнөткө токтото турууга. Мындай коммерциялык эмес уюмдун ишин токтото туруу жөнүндө чечимге сотко даттанылышы мүмкүн.

“Адилет” Укук Клиникасы КЭУ жөнүндө мыйзам долбооруна жүргүзгөн талдоосунда сунушталып жаткан өзгөртүүлөр менен толуктоолор жумуш орундарынын жана республикалык бюджетке салыктык төлөмдөрдүн кыскарышына, ар түрдүү багыттарда калкка көрсөтүлүп жаткан жардамдардын санынын жана сапатынын азайышына алып келип, коомдун радикалдашуу коркунучун (адамдардын же адамдар тобунун саясий, диний же башка экстермизмге берилип кетүү процесси – ред. түш.) жаратат деп белгилейт.

КЭУ жөнүндө мыйзам долбоордун толук талдоосун бул жерден тапса болот.

Авторлоштору ким?

ЖК депутаты Надира Нарматова мыйзам долбоорун жылдырууга бир нече жолу аракет кылган. Документ дээрлик толугу менен чет элдик агенттер жөнүндө орусиялык мыйзамдан көчүрүлүп алынган, бирок анын авторлорштору катары дароо 32 депутат чыккан.

Мыйзам долбоорунун авторлошторун талдап чыгып, алардын көбү – 41% (13 депутат) УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев менен байланыштырылган “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаттары экенин аныктадык. Алар: Жылдыз Садырбаева, Гүлшакан Култаева, Жаныбек Кыдыкбаев, Айбек Маткеримов, Кундузбек Сулайманов, Таалайбек Сарыбашов, Фархат Исмаилов, Алишер Козуев, Мейкинбек Абдалиев, Жеңишбек Токторбаев, Абдыбахаб Боронбаев, Таалайбек Масадыров, Шайлообек Атазов.

“Мекенчил” депутаттык тобунун өкүлдөрү 22% (7 депутат) түзөт. Бул топтун депутаттары мурда “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясына кирет эле (бирок алар бир мандаттык округдардан шайланышкан, – ред. түш.). Кийин, 2022-жылдын 6-октябрында “иштин натыйжалуулугу үчүн өзүнчө топко биригүү” чечимине келишкен.

“Мекенчилден” авторлоштор: Шайырбек Ташиев, Ырысбек Атажанов, Нурбек Алимбеков, Карим Ханджеза, Жусупбек Коргонбай уулу, Искендер Матраимов, Айбек Алтынбеков.

Дээрлик 19% (6 депутат) – “Элдик” депуттар тобунан. Бул топтун лидери – Акылбек Түмөнбаев, Садыр Жапаровдун кудасы. Документ алдына кол койгондор: Аманкан Кенжебаев, Нурлан Ражабалиев, Арсланбек Малиев, Максатбек Сарбагышев, Бактыбек Чойбеков, Акылбек Түмөнбаев.

Кийинки орунда 6%дан (2 депутаттан) “Бүтүн Кыргызстан” (Алишер Эрбаев, Эмиль Токтошев) жана “Ишеним” (Нурбек Сыдыгалиев, Бахридин Шабазов) фракциялары турат. Ошондой эле авторлоштордун катарына бир депутаттан (3%дан) төмөнкү фракциялардан кирген: “Альянс” фракциясынан Эмиль Жамгырчиев жана “Ыйман нуру” фракциясынан Замирбек Мамасадыков.

Эскерте кетсек, 2014-жылдын 26-майында Надира Нарматова Турсунбай Бакир уулу жана Нуркамил Мадалиев (ал кезде алар парламенттин V чакырылышынын депутаттары болчу, – ред. түш.) менен биргеликте “чет элдик агент” деген түшүнүктү киргизүү максатында бир катар мыйзамдарга ушуга окшош өзгөртүүлөрдү киргизүү аракетин кылышкан болчу. Бирок алтынчы чакырылыштын депутаттары бул дискриминациялык мүнөздөгү демилгеге каршы добуш беришкен.

Тыянак: мыйзам долбоорунун авторлоштору негизинен “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынан жана “Мекенчил” депутаттык тобунан, акыркы топ мурда “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясына кирет болчу.