Мандатынан ажыратылган депутат кайрадан шаардык кеңешке келди

Кыргызстан элдик демократиялык партиясынын (КЭДП) тизмегинде мурда кош жарандыгы үчүн мандатынан кол жууган депутат Коргонбай уулу Жусупбек шаардык кеңешке өттү.

2018-жылы жергиликтүү кеңештин депутаты Россиянын жана Кыргызстандын жараны экендиги тууралуу маалымат ЖМКларга жарыяланган. Белгилей кетсек, Коргонбай уулу Жусупбек “Республика – Ата-Журт” фракциясынан шаардык кеңештин 26- жана 27-чакырылышынын депутаты болгон.

 

11-апрелде өткөн шайлоодо ал КЭДП тизмегинде №5 орунда:

Мандатынан ажыратылган

Россия Федерациясынын расмий жообуна ылайык, Коргонбай уулу Жусупбек Россия жарандыгын 2007-жылы алган. Бул тууралуу убагында БШК маалымдаган эле:

2018-жылдын 13-декабрында Россия Федерациясынын Юстиция министрлигинен жооп түштү, ага ылайык Ж. Коргонбай уулунун РФ жарандыгы бар экени ырасталган. Ал маалыматка ылайык Коргонбай уулу Жусупбек Россиянын Москва шаары боюнча федералдык миграция кызматынын Башкармалыгынын 2007-жылдын 24-майдагы чечиминин негизинде Россия Федерациясынын жарандыгын алган. 2007-жылдын 20-июлунда Россиянын Москва шаары боюнча ОУФМСнын Северное Измайлово району боюнча бөлүмү тарабынан ВАОдо Ж. Коргонбай уулу Россия Федерациясынын жарандыгын алгандыгына байланыштуу РФ жаранынын 45 08 № 968138 сериясындагы паспорту менен документтелген. 

Экс-депутат башка өлкөнүн жараны болгондуктан, мыйзамга ылайык, мандатынан ажыратылган. 2018-жылдын 19-декабрында Аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен Бишкек шаардык Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган.

Соттун чечими

2018-жылдын 21-декабрында мандатынан кол жууган экс-депутат БШКга арыз менен кайрылып, АШКнын чечимин жокко чыгарууну талап кылган. 2018-жылдын 26-декабрында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү арызды канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алып, АШКнын чечимин мыйзамдуу жана негиздүү деп тапкан. 

Андан соң, Коргонбай уулу Жусупбек БШКнын жана АШКнын чечимдерин мыйзамсыз деп табуу үчүн сотко кайрылган. Ал эми Райондор аралык сот анын арызын канааттандырган. 

Бирок, БШК менен АШК кассациялык даттануу жазып, аны Жогорку Сот канааттандырган жана Райондор аралык соттун чечимин жокко чыгарган. Жыйынтыгында экс-депутаттын мандатын жокко чыгаруу күчүндө калган. 

Жыйынтык: Коргонбай уулу Жусупбектин кош жарандыгы болсо, анын Бишкек шаардык кеңешине депутат болуусуна мыйзам жол бербейт.  

Кыргызстан элдик демократиялык партиясынын тизмегинде Коргонбай уулу Жусупбек “Кейджи Восток Сервис” ЖЧКсынын директору катары көрсөтүлгөн. 

Белгилей кетсек, шайлоонун жыйынтыгы менен Бишкек шаардык кеңешинин 28-чакырылышына 6 саясий партия өттү:

  • “Эмгек” (13,84%) – 10 мандат;
  • “Ак Бата” (12,2%) – 9 мандат;
  • КЭДП(10,6%) – 8 мандатов;
  • “Ата-Журт Кыргызстан” (9,67%) – 7 мандат;
  • “Ынтымак” (8,28%) – 7 мандат;
  • “Биздин эл” (7,74%) – 5 мандат.