Кыргыз аскерлери жайкын тургундарды куралды колго алганга мажбурлап жатабы? Калп

Facebook коомдук тармагындагы Tajikistan News деген баракчада “Асанбай Бердиярав” дегендин айтканына таянып “чукул чындык” жарыяланган, анда мынтип айтылат: “16-сентябрга караган түнү саат 01:20нын айланасында биздин айылга курал жарактар жана аскер формалары жүктөлгөн машине менен аскерлердин бир тобу келди. Андан кийин район башчынын жардамы менен аксакалдарды, орто жаштагыларды жана жаштарды чогултушуп, эртең менен эрте Тажикстанга кол салабыз, ал эми силер болсо жарандарды өлтүрүп Чоркух жана Ворух жамааттарында жашагандарды басышыңар керек дешти… Курал жарактарды жана кийимди таркатыпбүтүшкөндөн кийин, бизди көрсөтүп сакалдарыбызды алышыбызды, охранниктерге окшош болушубузду айтышты. Арапбай деген полицейский каткырып күлүп, эгер биз жеңсек, ар бирибизге 5000 сомдон беришерин айтты. Биз чогулгандан кийин бирөөнө чалып: жолдош генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев, биздин фронтто 194 киши, алардын арасында карылар, орто жаштагылар жана жаштар бар деп трубканы коюп, аскердик тапшырманы аткарганга биз даярбыз деди. Биз кийин билдик, бул согуштун баары анын буйругу менен болуп жатканын”.

Бул билдирүүгө ак калпакчан улгайып калган кишинин сүрөтү тиркелип, бул ошол “Асанбай Бердиярав” экени жазылган.

Factcheck.kg бул маалыматты текшерип, сүрөттөгү киши ким экенин аныктаганга аракет кылды.

Аты-жөнү боюнча издөө жыйынтык бербеди. Интернет айдыңында Асанбай Бердиярав же Асанбай Бердияровдеген бир дагы колдонуучу табылбады.

Бирок сүрөт боюнча издөө дароо эле бул сүрөт колдонулган материалдарды тапканга мүмкүнчүлүк берди. Бул сүрөт колдонулган эң алгачкы материал 2013-жылдын январында жарыяланган экен.

The Apricity форумунда «Тюрки туранидского расовоготипа» деген темада, Kyrgyz of Cromagnoid–C andCromagnoid–C+Turanid mix деп көрсөтүлгөн.

Ошондой эле сүрөттөгү киши Тажикстандын Мургабында жашай тургандыгы айтылган.

Эскерте кетсек, Мургаб айылы Чыгыш Тажикстанда жайгашкан жана ал Тоолуу-Бадахшан облусуна караштууМургаб районунун административдик борбору болуп эсептелет. Бул Кыргызстандын чегинен бир топ эле алыс. Кыргыз аскерлери бул айылга эч бара алмак эмес.

Тыянак: калп. Tajikistan News жарыялаган маалымат чындыкка жатпайт жана ал чек арадагы курч кырдаалды андан да ары күчөтүүгө багытталган.