«Салтанат мыйзамы» деген эмне жана үй-бүлөдөгү зомбулук үчүн Кыргызстанда кандай жаза каралган

Мурдагы материалыбызда эмне үчүн Салтанат Нукенованы күйөөсү – улуттук экономика министрлигинин мурдагы жетекчиси Куандык Бишимбаев – өлтүргөндүгү коомдо чоң резонансты жараткандагы тууралуу айтып бергенбиз.

Кылмыш иши каралып жаткан учурда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жазаны катуулаткан мыйзамга кол койду. Эл арасында бул мыйзам «Салтанат мыйзамы» деп атала баштады.

«Салтанат мыйзамынын» маңызы, Кыргызстандагы үй-бүлөлүк змбулуктан коргоонун чаралары жана алардын статистикага таасири тууралуу айтып бермекчибиз.

«Салтанат мыйзамы»

Мурдагы материалыбызда сөз кылганыбыздай, Салтанат Нукенованын өлүмүнөн кийин коомдук тармактардын көптөгөн колдонуучулары үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарына өз колдоолорун айтып чыга башташкан. Мисалы, алар үй-бүлөлүк зомбулукка баргандарга карата жазаны катуулатууну талап кылышкан.

Эскерте кетсек, 2017-жылы Казакстанда мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, үй-бүлөлүк зомбулук декриминалдаштырылган болчу.

Быйыл февралдын аягында Мажилис (парламенттин төмөнкү палатасы) аялдардын жана балдардын укуктарын камсыздоо боюнча (үй-бүлөлук зомбулук жөнүндө) мыйзамды экинчи окутууда кабыл алган. Ал эми 11-апрелде Сенат (жогорку палата) бул өзгөртүүлөрдү жактырган. Жыйынтыгында 15-апрелде Касым-Жомарт Токаев үй-бүлөлүк зомбулукту криминалдаштыруу жөнүндө мыйзамга кол койду.

«Салтанат мыйзамында» төмөнкү нерселер каралган:

  • Билип туруп адамдын ден соолугуна жеңил залака тийгизүү жана уруп сабоо үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин караштыруу (мурда бул үчүн административдик жоопкерчилик каралган болчу).
  • Адамдын ден соолугуна жеңил залака тийгизүү жана уруп сабоо үчүн айып пул, коомдук иштер жана камакка алуу каралат. Ден соолукка жеңил залака тийгизүү үчүн эң катуу жаза – 50 суткага чейин камак, уруп сабоо үчүн – 25 суткага чейин камак. Жоопкерчиликке тартылгандар убактылуу кармоочу жайда кармалат.
  • Балдарга карата кол көтөрүүгө жана зомбулук көрсөтүүгө байланыштуу учурларда, жана ошондой эле уруп сабоо жана ден соолукка жеңил залака тийгизүү беренелеринде каралган аракеттер эки тарап элдешкенине бир жыл боло электе кайра кайталанган учурларда эки тараптын элдешүүсү мүмкүн эмес болот.
  • Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарга атайын социалдык кызматтарды көрсөтө турган үй-бүлөнү колдоо борборлору ачылат.
  • 16 жаштан кичүүлөргө сексуалдык маанайда асылуу үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги караштырылат.
  • Жашы жете электерди кордоо үчүн, анын ичинде интернет мейкининде да, административдик жоопкерчилик каралат.

Белгилей кетсек БУУ Казакстанда үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө мыйзамдын кабыл алуусун кубаттады.

«Бул гендердик зомбулукту түп тамыры менен жок кылууга карата кадам болуп эсептелет», – деп билдирди БУУнун Казакстандагы Такай өкүлү Микаэла Фриберг-Стори.

Үй-бүлөлүк зомбулук үчүн Кыргызстанда кандай жаза каралган?

КРдин Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 70-беренеси боюнча, үй-бүлөлүк зомбулук, б.а. дене-бойлук, психологиялык, экономикалык зомбулукту атайылап колдонуу же дене-бойлук зомбулук кылуу менен коркутуу 40 саатка коомдук иштерге тартууга, же болбосо үчтөн жети суткага чейин камакка алууну колдонууга алып келет.

Үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө берене КРдин Кылмыш-жаза кодексинде да каралган. Мисалы, анын 177-беренесинде мындай деп айтылат:

«Үй-бүлөнүн бир мүчөсүнүн үй-бүлөнүн башка мүчөсүнө же ага теңештирилген адамга карата жабырлануучунун конституциялык жана башка укуктарын жана эркиндиктерин бузган, ошого тете анын дене боюн же психикасын жабыркаткан, дене боюнун же психикалык өнүгүшүнө зыян келтирген, ден соолукка анча оор эмес залалга алып келген ар кандай атайын аракеттери, – эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же болбосо кырктан жүз саатка чейинки коомдук иштерге тартууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат».

Ошондой эле 2017-жылдын 27-апрелинде кол коюлган «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» мыйзам бар. Анда төмөнкү пункттар каралган:

  • Үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктары мамлекет тараптан юридикалык, социалдык, медициналык, психологиялык жардам алууга укуктуу болушун жана үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоого алынышын камсыздоо
  • Бир катар мамлекеттик органдардын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ыйгарым укуктары
  • Үй-бүлөлүк замбулуктун алдын алуу боюнча чаралар
  • Үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюунун түрлөрү
  • Үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарынын укуктары.

Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулуктун статистикасы

2013-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан Аялдардын тынчтык жана коопсуздук боюнча глобалдык индексинде (WPS индекси) 95-орунду ээлеген. Бул Борбордук Азиядагы эң төмөнкү көрсөткүч.

WPS — 177 өлкөдөгү аялдардын абалын баалаган индекс. Ал үч багытка бөлүштүрүлгөн 13 көрсөткүч боюнча аялдардын абалын көрсөтөт: интеграция (экономикалык, социалдык, саясий); адилеттүүлүк (формалдуу жана формалдуу эмес дискриминация); жана коопсуздук (жеке, жамааттык жана коомдук деңгээлде).

ИИМдин маалыматы боюнча, 2023-жылы Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 13 миңден ашык учур катталган. Бул 2022-жылга (9880 учур) салыштырмалуу 32,6%га көп.

«Адам өлтүрүү» беренеси боюнча 35 кылмыш иши козголгон, ал эми 2022-жылы мындай иштердин саны 17 болгон. Ошентип, үй-бүлөлүк зомбулукта адам өлтүрүүлөрдүн саны эки эсе өскөн.

Ден соолукка катаал залал келтирүү учурлары да дээрлик эки эсе өскөн: 2022-жылдагы 17ден былтыркы жылдагы 31ге чейин.

Андан сырткары, 2022-жылы «зордуктоо» беренеси боюнча 10 кылмыш иши козголгон болсо, 2023-жылы мындай иштердин саны 83 болгон. Башка айтканда зордуктоолордун саны 8 эсе, же 400%га өскөн.

Уруп-сабап кыйноолордун саны 98 учурдан 14 учурга чейин азайганын да белгилей кетиш керек.

Акыркы он жылдыкта үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болгон аялдардын саны эселеп өскөн. Эгер 2012-жылы 2341 аял жабыр тарткан болсо, 2023-жылы жабыр тарткандардын саны 5 эсе көбөйүп, 11 миңге жеткен. Ошол эле кезде жабыр тарткан эркектердин саны миңден ашпайт.

Зомбулук кылгандар арасында, тескерисинче, эркектер көптүк кылат: 2023-жылы 11 миң эркек үй-бүлөлүк зомбулук кылган жана графикте көрүнүп тургандай алардын саны жыл сайын өсүүдө.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктары болгондорго жардам берген 18 кризистик борбор иштеп келген. Кризистик борборлор жабыр тарткан аялдарга медициналык, психологиялык, юридикалык жана социалдык колдоо көрсөтүп, убактылуу жайларга жайгашканга жардам берет.

Улуттук статкомдун маалыматына ишенсек, 2022-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктан кризистик борборлорго, аксакал сотторуна жана башка атайын мекемелерге жардам сурап тогуз миңден ашык аял кайрылган.

Тыянактар:

  1. Казакстандын бийлиги үй-бүлөлүк зомбулук декриминалдаштырылганына жети жыл болгондон кийин коомчулуктун талабы боюнча ага кайра кылмыш-жаза жоопкерчилигин киргизди.
  2. Кыргызстанда 2017-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө мыйзам кабыл алынганына карабай, үй-бүлөлүк зомбулуктун саны жыл сайын өсүүдө.
  3. Улуттук статкомдун маалыматы боюнча, негизинен аялдар үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктары болууда, ал эми зомбулук көрсөткөндөр адатынча – эркектер.   
  4. Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктары болгондорго жардам берген 18 кризистик борбор иштеп келет.