15 жылдын хронологиясы: Ким башка фирмалардын атын жамынып көп жылдан бери Бишкек ЖЭБине таш көмүр ташууда

Фото 24.kg

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкек ЖЭБине быйылкы жылытуу мезгилине тендерсиз 3 млрд 263,1 млн сомго көмүр сатып алуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарындагы булактары ​​билдирген.

Интернет-басылманын билдирүүсү боюнча, былтыр жайында «Электр станциалары» ААК Бишкек ЖЭБин көмүр менен камсыздоо боюнча «”Гефест” инновациялык компаниясы» ЖЧК менен тендерсиз түз келишим түзгөн.

Бирок андан мурда тендер өткөрүлүп, аны казакстандык «Джетта Строй ЛТД» компания утуп алган, ал сунуштаган баа башкаларга салыштырмалуу жакшы болгондуктан ага төрт добуш берилген. Ал эми «Гефест» бул тендерде үч гана добуш алган болчу. 

  • «Джетта Строй ЛТД» 550 миң тонна көмүр үчүн 2 млрд 885.7 млн сом сураган.
  • «Гефест» ошол эле көлөмдөгү көмүрдү 2 млрд 92.3 млн сомго алып келем деген. 

Айырмасы 34.6 млн сомду түзгөн.

Бирок «Электр станциялары» сынактын жыйынтыгын жокко чыгарган – ААКта сатып алуу процедураларын уюштуруу жана өткөрүү эрежелери бузулган имиш. 

Ал эми «Гефест» менен түз келишим түзүлгөн.

«Гефест» тууралуу эмне билебиз 

Osoo.kg маалыматтар базасы боюнча, «”Гефест” инновациялык компаниясы» ЖЧКсын 2018-жылдын январында бир нече адам негиздеген. Бирок 2020-жылдын 14-октябранда компания кайра каттоодон өтүп, анын жалгыз ээси (жана директору) болуп  Абиров Болотбек Усупбекович калган. Бул жөн эле дал келүүбү, бирок так ушул күндөрү 4-октябрдагы нааразычылыкты жараткан парламенттик шайлоолордон кийин Кыргызстанда кезектеги ыңкылап болуп, бийлик алмашкан болчу. Компаниянын калган башка негиздөөчүлөрүнүн ысымдары белгисиз.

«Гефесттин» ишмердүүлүгү «адистештирилбеген дүң соода» деп көрсөтүлгөн.

Абиров Болотбек Усупбекович — Бишкек ЖЭБин көп жылдан бери көмүр менен камсыздап келе жаткан ишкер. Адатынча, кымбат баада.

Кымбат баа – жеңиштин ачкычы

Ачык маалыматтардан жана ЖМКлардын билдирүүлөрүнөн белгилүү болгондой, Болотбек Абиров акыркы 10 жылдан ашык убакыттан бери ар түрдүү фирмалар аркылуу Бишкек ЖЭБин көмүр менен камсыздап келет. «Гефестке» чейин бул «Прогресс компани» жана «Рассвет компани» болгон.

Төмөндө Болотбек Абировдун ишканаларынын Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирүүлөрүнүн хронологиясы келтирилет:

20…-2014-жылдар«Прогресс компани» көмүр менен камсыздап турчу. 2014-жылга чейин да компания тендерлерди утуп алып турганы белгилүү (жалпы жонунан 4 жыл көмүр жеткирип турган). Компания тууралуу 2014-жылы кеңири сөз болгон, бул жылы казакстандык «Жезказган энергосбыт» кезектеги сынакты жеңип алат, бирок ал кездеги КР Энергетика министри Осмонбек Артыкбаев сынактын жыйынтыгы менен макул эместигин билдирип сотко кайрылган. 

2016-жылы компаниянын айланасында чыр-чатак чыгат, ал эми ошол кездеги генпрокурор Аида Салянова акыркы жалдары бир эле компания тендерди утуп жатат деген маалымат болгонун айткан. Андагы көмүргө байланыштуу чыр чатакка генпрокурордун жана анын күйөөсүнүн, ошондой эле президент Алмазбек Атамбаевдин катыштыгы болгон.

«Прогрес компанинин» негиздөөчүсү Шамшудинова Джаныл Мукашевна болчу. Ал ошол эле учурда Болотбек Абировго (алар тууралуу макаланын аяк жагында айтылат) тийиштиги бар дагы бир нече фирманын кагаз боюнча жетекчиси болгон. 2016-жылы компания жабылып, анын ордуна башка компания келген. 

2015-2018-жылдар — көмүрдү «Рассвет компани» ташып турган, биринчи жылы ал сынакка «Прогресс компани» менен бирге катышкан. «Рассвет компанинин» жалгыз ээси Абиров өзү болгон. Бул компания дагы бир нече чыр-чатактарда байкалган. Мисалы, бул компания өзүнө отун-майды жеткирүүгө Абировдун «БОКА» деген башка компаниясына контракт берген.   

Дагы бир чоң чыр-чатак тендерден кийин болгон. 2018-жылы казакстандык «Евротранс групп» фирмасы кыйла сонун баа сунуштаган. Бирок 1.4 млрд сомго сынакты «Рассвет компани» утуп алган.

Экс-президент Атамбаевге каршы бир катар кылмыш иштеринен кийин компания эмки жылдарда сынактарга катышпай калган. 

2022-жылы компания «Прогресс компани» сыяктуу жоюлган болчу.

2019-жыл — бул жылы сынакта казакстандык «КонтактУглеПром» ортомчу-компания жеңүүчү деп табылган. Бирок кийин анын Абиров менен байланышы бар экенин айтып чыгышкан. Фирманы көмүр ташуу менен алектенген «Прогресс компани» жана «Рассвет компани» ишканаларынын реинкарнациясы деп ачыктан ачык айта башташкан.

2020-жыл — бул жылы тендер үч жолу өткөрүлүп алардын бардыгына башкалар менен биргеликте «КонтактУглеПром» жана «Восход жана К» фирмалары да катышкан. Экинчи аталган фирмада (2020-жылдагы кайра каттоого чейин) Абиров директору, ал эми жогоруда аты аталган Шамшудинова ээси болгон. 

2020-2021-жылдардагы күз-кыш мезгилинде көмүр менен камсыздоо боюнча сынактын жыйынтыктарын ачык булактардан таба албадык. Үчүнчү тендер 15-сентябрга белгиленген болчу, бирок ЖМКларда да, «Электр станциаларынын» сайтында да жеңүүчү тууралуу маалымат жок. 

2021-жыл — жаңы бийлик учурунда 2021/2022-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү маалында Hampton Resources Limited компаниясынын аты аталып, ага ЖЭБди аутсорсингге берүү сунушу айтылган. Бул фирма тууралуу Factcheck.kg’нин иликтөөсүн бул жерден окуй аласыздар. Жыйынтыгында бул компания тууралуу бир нече иликтөөлөрдөн кийин баштапкы демилгеден баш тартышкан. 

2022-жыл — бул жылы казакстандык «Каражыра» АК менен келишим түзүлгөн, бирок ага чейин бир жума мурда «КарТрансУголь» компаниясы менен (бул дагы казакстандык фирма) келишим түзүлгөнү тууралуу маалымат берилген эле. «Электр станциялары» түшүндүргөндөй, «протоколдук келишпестиктен улам жана «Каражыра» АК жакшыраак баа сунуштагандыктан» «КарТрансУголь» менен келишимден баш тартышкан. 

2023-жыл — «мурда мындай нерсе такыр болгон эмес, эми мына кайра». «Джетта Строй ЛТД» жакшыраак баа сунуштаганына карабай тендерди «Гефест» компаниясы  утуп алган. А бул компаниянын ээси Болотбек Абиров экенин мурдараак айтканбыз. 

Абировдун башка бизнеси

Osoo.kg‘нин маалыматы боюнча, Болотбек Абиров «Гефесттен» сырткары дагы эки компанияга ээлик кылат жана дагы эки компанияда директор болуп эсептелет. Ал ээлик кылган компаниялар:

  • «СОС жана К» ЖЧК — башка курулуш материалдарынын жана санитардык жабдуулардын дүң соодасы. Ээлери Болотбек Абиров жана Артур Бер. Директору Кулигин Владимир Владимирович. Быйылкы салык төлөмү — нөл. 
  • «CIM KG PROPERTIES» ЖЧК — кыймылсыз мүлкту башкаруу. Болотбек Абиров анын жалгыз ээси. Директору Алмакүчүков Өкмөтбек Мукашович. Быйылкы салык төлөмү — нөл. 

Ал директорлук кылган ишканалар:

  • «Строй Лэнд» ЖЧК — башка керамикалык буюмдарды чыгаруу. Жалгыз ээси Шамшудинова Джаныл Мукашевна. 2024-жылдын бир жарым айындагы салык төлөмү 208 478.69 сомду түзгөн.
  • «Агрофирма Чуй» ЖЧК — кант кызылчасын жана анын уруктарын өстүрүү. Жалгыз ээси Шамшудинова Джаныл Мукашевна. 2024-жылдын бир жарым айындагы салык төлөмү 40 630 сомду түздү.

Билдирме: Болотбек Абиров — КРдин Жогорку Кеңешинин учурдагы чакырылышынын экс-депутаты Жаныбек Абировдун (2021-2023-жылдар) атасы. Уулу 2023-жылдын мартында борбор калаадагы кафелердин биринин жанындагы мушташы үчүн мандатынан ажыраган.

Парламентке чейин жаш саясатчы 2016-жылдан баштап Кыргызстандын Социал-демократтар партиясынан Бишкек шаардык кеңештин депутаты, кийин (2018-жылдан баштап) анын төрагасы болгон.