“Уялчаак” депутаттын ысымы көчөлөрдүн бирине ыйгарылдыбы?

Социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин ысымы өзүнүн туулуп өскөн айылындагы көчөлөрдүн бирине ыйгарылганы тууралуу маалымат тарап, тиешелүү сүрөт жарыяланды.  

Белгилей кетсек, “Өнүгүү прогресс” фракциясынын өкүлү демилгелеген мыйзам долбоорлору менен элдин эсине калбастан, коомдук транспортко түшкөн кесиптештеринен уяларын айтып, атагы чыккан. 

“Уялчаак” депутаттын ысымы чын эле Кыргызстандын көчөлөрүнүн бирине коюлганбы? Factcheck.kg текшерди. 

 Камчыбек Жолдошбаевдин ЖК сайтындагы биографиясына көз салып, ал Нарын облусунун Кызыл-Туу айылында туулганын аныктайбыз. 

Ал эми darek.kg сайтынын жардамы менен Жолдошбаевдин наамындагы көчө дал ушул айылда экенин табабыз.  

Жыйынтык: чындык. ЖК депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин ысымы ал туулуп өскөн айылдын көчөсүнө ыйгарылганы чын.