АКШнын аскер-деңиз күчтөрү аскерге жаңы чакырылгандарды колу-бутун байлап бассейнге ыргытабы? Текшеребиз

Коомдук тармактарда АКШнын аскер-деңиз күчтөрүндөгү атайын көнүгүүлөр тууралуу маалымат таркатылууда: адамдын колу-бутун байлап, аны тереңдиги үч метр бассейнге ыргытышат экен. Ал беш мүнөт аралыгында аман калууга аракет кылуусу керек.

Автордун айтымында, аскерге жаңы чакырылгандардын көбү бул сыноодон өтө алышпайт.

“Көбү коркконунан өзүн жоготуп, аларды жээкке алып чыгышын талап кылып кыйкыра башташат. Кээ бирлери сүзгөнгө аракет кылганы менен баары бир чөгүп кетишет, аларды суудан алып чыгып, өпкөлөрүнөн сууну чыгарууга туура келет. Машыгуулардын тарыхында адам өлгөн учурлар да болгон”, – деп жазат Facebook коомдук тармагынын колдонуучусу.

Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрдү.

“Деңиз мышыгы” же SEAL деген эмне?

SEAL (Sea – деңиз, Air – аба, Land – жер, ошол эле кезде seal – тюлень) – бул АКШнын аскер-деңиз күчтөрүндөгү атайын аскер бөлүктөрү (спецназ), ага 28 жашка чейинкилер гана кабыл алынат.

“Деңиз мышыктары” машыктыруучу лагерде бир жарым жылдан кем эмес убакыт даярдыктан өтүшкөндөн кийин гана SEALдин командасына барып кошулушат. Даярдоо программасы өзүнө денени чыңдап, машыктырууну, академиялык билим алууну жана психологиялык туруктуулукка үйрөнүүнү камтыйт.

“Деңиз мышыктарынын” орточо айлык акысы жылына 60 миң долларды түзөт. Эгерде кызматтык стажы эки жылдан кем болсо, ал базалык айлык алат – $1785 – $3200 айына.

Жаңы чакырылгандардын колу-бутун байлап, бассейнге ыргытуу боюнча атайын көнүгүүлөр барбы?

АКШнын аскер-деңиз күчтөрүнүн расмий сайтында жаңы чакырылгандарды кандай сыноолор күтөөрү тууралуу видеороликтер жайгаштырылган.

Алардан адамдын шайын оодара турган жердеги, абадагы, суудагы машыгуулар көрсөтүлөт.

Алардын арасында, жаш жигиттердин колу-бутун байлап, сууга ыргыткан кадрлар да бар. Алар болсо бассейндин түбүнөн түртүнүп, суунун бетине сүзүп чыгып жатышат. Бул машыгуу учурунда деңиз мышыктарынын жанында медиктердин тобун көрсө болот, алар керек болгон учурда жардам берүүгө даяр турушат.

Тыянак: чындык. АКШнын аскер-деңиз күчтөрүндө чынында эле деңиз мышыктарынын колу-бутун байлап, бассейнге ыргыткан атайын көнүгүүлөр бар.